АЛБЕТТЕ, БУЗУШ ОҢОЙ, КУРУШ КЫЙЫН!
- 25.11.2025
- 0
Абалың кандай, балакай?
Эсиңерде бар чыгар, жаңы окуу жылынын башында Агартуу министрлиги “Жарандык катышуу” коомдук фонду менен биргеликте жана “Гуд Нейборс Интернешнл” филиалынын колдоосу астында мектептердеги зомбулук жана балдарды коргоо маселелери боюнча изилдөө жүргүзө баштаган. Негизги максат билим берүү уюмдарындагы зомбулуктун негизги себептерин аныктоо, аны алдын алуу боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу, билим берүү тармагындагы таалим-тарбия саясатын өркүндөтүү, иликтөө жүрүшүндө байкалган олуттуу маселер менен көйгөйлүү жосундарга жалпы коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат. Жакында анын жыйынтыгы чыгарылды. Иш-чарага мамлекеттик органдары менен билим берүү мекемелеринин жетекчилери, эл аралык жана жергиликтүү коомдук уюмдардын, эксперттер менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Бакубат Кыргызстандын келечеги болуп саналган балдарыбызга карата жасалган кылмыш көп түрдүү, бирок алардын арасында басымдуулук кылгандары да жок эмес. Эрезеге жетелек балдарды зордуктоо, ала качуу, мажбурлап никеге туруу, ур-токмокко алуу, кордоо, кодулоо, кемсинтүү, басмырлоо, тоноо сындуу зордук-зомбулуктар. коочулук арасында мектептердеги мындай жорук-жосундар жөнүндө көп эле сөз жүрүп, эл аралык жана жергиликтүү коомдук уюмдар менен бирге иликтөөлөр жүргүзүлүү менен бирге, тийиштүү чаралар көрүлгөнсүп келет. Ал эми жарыя айтылбай, жалпы коомчулукка билинбей, көп ичинде көмүскө калганы канча.
Алтургай, өлкө аймагында эрезеге жетелек балдарды сатуу сындуу кылмыштар угуп-көрүп жүрөбүз. Бириккен Улуттар уюмунун маалыматына караганда, өткөн жылдын жыйынтыгында Кыргызстанда адамдарды сатуу боюнча 20 учур катталса, андан мурдагы жылы 60 учур катталган. Алардын басымдуу бөлүгүн эрезеге жетелек балдар түзөт. Албетте, бул расмий түрдө катталганы эле. Эми, маселенин бул жаатында анча-мынча жылыш бар, бирок али жетишсиз экени көрүнүп турат.
БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Гравьенин айтымында, адам уурдоого боюнча кылмыштар негизинен сексуалдык кулчулукка жана оор жумуштарга мажбурлап колдонууга байланышкан. Мындай оор кылмыштарга көбүнесе өз жеринде кароосуз калтырылган эмгек мигранттарынын балдары кабылат экен.
“Бизге жардам сурап кайрылгандардын саны улам өсүп барат. Алардын басымдуу бөлүгүн адам сатуу кылмышынын курмандыктары түзөт. Аларга колдон келген жардамдар берилип, бул багытта аракеттер жасалып жатат, бирок азырынча жетишсиз. Ал үчүн адегенде тиешелүү мыйзамдар кабыл алынууга тийиш. Мындай оор кылмыштар менен бир дагы мамлекет жалгыз-жарым күрөшө албайт, барыбыз жабыла биргелешип иш алпаруубуз кажет. Ансыз майнап чыкпайт”, — дейт БУУ өкүлү.
Калкыбыздын алсыз катмарына, айрыкча эрезеге жетелек балдарга карата жасалган, нарк-насилге жатпаган, салт-санаага сыйбаган зордук-
зомбулуктун өсүп жатканы кооптондурбай койбойт. Күн сайын мындай кылмыштарга күбө болуп жатабыз. Балдарга зомбулук көрсөткөн немелердин ар бири айоосуз жазаланышы керек.
Ушу тапта башынан эле жабыла чуулдап келген ушул эле ур-патриотторубуз кезинде парламенттик демократиянын урааны атында «мыйзамдарды гумандаштыруу» деген шылтоо менен өлүм жазасын алдырып салганын, бир катар катаал жазалар кыйла жеңилдетилген мөөнөттөр менен алмашылганын белгилей кетпесек, калыстыктан таптакыр тайган болобуз. Алтургай, айрым оор беренелер «бейбаштык» беренеси менен теңделип калганы да чындык. Албетте, бузуш оңой, куруш кыйын!
Мындай кыйчалыш кырдаалды алдын алуу максатында, КР Президентинин демилгеси менен Кылмыш-жаза кодексине айрым түзөтүүлөрдү киргизген. Мыйзам жоболоруна ылайык, балдарды зордуктаган жактарга карата кылмыштын өтүү мөөнөтү алынып салынды. Кылмышкерлер мурда 11-15 жылга жазаланса, азыр 15 жылдан тарта өмүр бою камалууга чейинки жазага тартылат. Кыскасы, мындан ары балдарга карата оор кылмыш жасаган адамдарга ырайым берилбейт.
Демек, кылмышкерлердин ар кандай жолдор менен жоопкерчиликтен кутулуусунун купуя эшиктери бекем жабылды десек болот. Албетте, балдарга карата жасалган кылмыштан ашкан күнөө жок, аны эч ким эч нерсе менен жактай да албайт, актай да албайт. Биз кимдир бирөөлөрдүн кылмыш менен мыйзамдын ортосуна арачы түшүүсүнө жол бербешибиз керек.
А бирок, эрезеге жетелек балдарга карата кылмыштын биротоло тыйылар түрү жок. Эрезеге жетелек кыздарды зордуктоо, бойго бүтүрүү, ала качуу, никеге туруу аракеттери алигиче токтоло элек. Алар биздин колдообузга, коргообузга, камкордубузга муктаж. Мындай изги тилек ар дайым ар жарандын, айрыкча ата-энелер менен камкорчулардын, мугалимдер менен тарбиячылардын көӊүл чордонунда турушу керек.
Маселен, өткөн 9 айдын жыйынтыгында Нарын жашы жете элек 4 кыз төрөп койгону, эки кыз өз жанын кыюуга аракет жасаганы белгилүү болду. А чынында кол сыныгы жең ичинде калган учурлар арбын чыгар. Эми, тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекемелерди беймазага салган, коомчулукка жат кыйчалыш жагдайлар башка аймактарда деле байма-бай кездешерин маалыматыбыз бар.
Мындай жагымсыз жагдайлар таалим-тарбиянын жетшсиздигине, ата-энелер менен мугалимдердин, социалдык кызматкерлер менен укук коргоо органдарынын бири-биринен өтө ажырым иштеп калганын таасын тастыктап турат. Өспүрүмдөргө сексуалдык мамилелер, ден-соолук абалы, жеке жоопкерчилик жаатында так маалымат, туура багыт, жетиштүү таалим-тарбия берүү керек. Жыйын жүрүшүндө жаштарга туура таалим-тарбия берүү менен бирге, жетиштүү психологиялык чараларды көрүү зарыл. Андан тышкары, мектептерге чоңоюп калган балдар үчүн жыныстык тарбия сабагын киргизүү жана ата-энелер үчүн атайын тренингдерди өткөрүү маселеси да көтөрүлдү.
Кыргызстандын балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева коомдун өзгөрүүсү менен бирге балдардын ден соолугуна жана бакубаттуулугуна түздөн-түз таасир этчү тобокелдиктер өзгөрүп жатканын белгиледи. Мындай абал мамлекеттик органдардан, атайын кызматтардан, сот адилеттиги институттарынан, жарандык коомдон жоопкерчиликтүү мамиле жасоо үчүн тыгыз координацияны талап кылат. “Бүгүн биз балдардын укуктарын коргоо системасы өз убагында жооп кайтарууну жана макулдашылган аракеттерди талап кылган жаңы чакырыктарга туш болуп жаткан шартта чогулдук”, — деди ал.
Өнүгүп-өсүүнү тилек кылган ар коомчулуктун, ар элдин, ар мамлекеттин коомдук бедели, саясий эрки, экономикалык күч-кубаты, социалдык адилеттүүлүгү, бирдиктүү коом катары жашоо-турмушу калктын эң аялуу катмарына, тагыраак айтканда, балдар менен жаштарга, кары-картаңдар менен майыптарга жасаган камкордугуна жараша бааланары бышык. Бирок, такай эле андай боло бербейт тура.
Азыр көп нерсеге шаабыз жетпей турганы чын. Ошого карабастан, адамзаттын эң аялуу чүрпөсүн бактылуу балалыктын баё дүйнөсүнөн ажыратпай асыроо баарыбыздын башкы милдетибиз бойдон кала берет. Балдарыбызга кам көрүп, өз келечегине ишенимдүү карап, илгери үмүт байлоосуна кеңири жол ачылышыбыз зарыл.
Изилдөө жыйынтыгы мектептерде түзүлгөн кырдаал жөнүндө жалпы түшүнүк алууга мүмкүндүк берди. Ал тишелүү органдар менен уюмдар тарабынан натыйжалуу чараларды иштеп чыгууга негиз болот. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева балдардын социалдык биримдигин чыңдоо, сапаттуу билим берүүнү камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүп, сунуштарды кабыл алууга биздин эшик дайыма ачык экенин билдирди. “Биз тармактык кызматташтык аркылуу иш алып барууга аракет кылып жатабыз. ИИМ менен биргеликте ири мектептерде жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлор иштеген бирден кабинет ачып жатабыз. Ар бир баланын электрондук күндөлүгүндө “Коркпо, билдир!” деген портал бар”, — деди ал
Тилекке каршы, изилдөөгө бардык билим берүү мекемелери тартылган эмес: ал өлкө аймагындагы 50 мамлекеттик мектепте жүргүзүлүп, жеке менчик мектептер сырткары калган. Ошентсе да, билим берүү мекемелеринде түзүлгөн кырдаалдан жалпы маалымат алса болот.
Азыркы учурда ИИМ менен бирдикте мектептерде жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору дайындалып, «Күндөлүк» тиркемеси толук кандуу иштей баштады. Электрондук портал аркылуу 93 миң мугалим, 1,5 млн окуучу жана ата-эне менен тынымсыз байланышта турат. Порталда «Коркпо, билдир!» деген анонимдүү билдирүү бөлүгү бар. Бул каналга 2 миңден ашуун окуучунун кайрылуусу түштү. Алар бир убакта ИИМге, Агартуу министрлигине, мектеп директорлоруна жөнөтүлөт.
Мектептеги жосунсуз окуя үчүн мугалим жаза алышы мүмкүн, бирок ата-энелер андан тышкары калууда. Менимче, алардын ар биринин жоопкерчилиги каралышы керек эле. Анткени, ата-эне жоопкерчилиги баласын мектепке берип коюу менен чектелбейт эмеспи. Алар муну эгерим эстен чыгарбашы керек.
Кыргызстан БУУ, ЮНИСЕФ, УВКПЧ, алардын тармактык мекемелери сындуу бир катар ири эл аралык уюмдардын алдында өзүнө балдарды коргоо жана колдоо жаатындагы конвенцияларга кошулуп, өзүнө бир топ милдеттенмелерди алган. Балдарды сатуу, укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо, алардын келечегине кам көрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Мындан жалпы коомчулуктун да четте калууга акысы жок.
Кыргызстан 1994-жылы БУУнун Балдардын укуктары боюнча конвенцияга кошулуу менен, өзүнө балдарды коргоо жаатында бир катар милдеттенмелерди алган. Бала кичине жана алсыз, ал ар дайым коргоого жана колдоого муктаж. БУУ Конвенциясына улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүү максатында, бир катар мыйзамдар кабыл алынган. Алардын баары Кыргызстан тараптан, анын органдары менен мекемелери тарабынан кынтыксыз аткарылууга тийиш.
Кемел Белек, «Кут Билим»
Комментарийлер