АГАРТУУЧУ: ТОЙЧУ АКТАНОВ
- 30.04.2025
- 0
Ушундай адамдар болот: туулат, жашайт, иштейт, өтөт-кетет. Ошенткен менен учугу узун эл ичинде өтөлгөлүү өмүрү менен өтөгөн кызматы муундан-муунга узак сабак сөз болуп кала берет. Мына ушундай атуулдарыбыздын бири – Актанов Тойчу Кулунтай уулу. Жаштыгына карабай, ал өз заманынын эң билимдүү жана кыйла жигердүү илимий ишмерлердин катарында турат, совет доорундагы улуттук эл агартуучулардын туңгуч тобуна кирген десек жаңылбайбыз. Азыркы эгемен Кыргызстандын башаты болуп саналган Кара-Кыргыз автоном облусунун башында турган Абдыкерим Сыдыков менен Иманалы Айдарбековдун көздөй тууганы эле эмес, кыргыз мамлекетин түптөө жаатында өтө жакын санаалаш иниси, алгачкы эл агартуу наркому жана кыргыз кызыл профессору Касым Тыныстановдун илимий жолун жолдогон эң ишенимдүү шакирттеринен болгон. Далилдүү тарыхый тастыктама дал ушундай.
Актанов Тойчу Кулантай уулу 1910-жылы азыркы Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Кашка-Суу айылында туулган. Ал баштапкы билимин жергиликтүү мектептен баштап, Пишпектеги орус мектебинен уланткан. Ал эми 1930 жылы Ташкент педагогика окуу жайын бүтүрүп, 1938-1940-жылдары Пишпектеги педтехникумда окутуучу болуп эмгектенет. Ага улай, “Кыргызстан” басмасынын редакторлугуна дайындалган. Тилекке каршы, капысынан Улуу ата мекендик согуш башталып, шашылыш аскерге чакырылат да, 1942-жылдын февраль айында кандуу алааматта каза табат.
Биз билгенден, жаштыгына карабай, советтик эл агартуучулардын экинчи муунунун эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Тойчу Актановдун көзү өтсө дагы, артында көөнөрбөгөн сөзү калды, алтургай, туңгуч улуттук ар тараптуу лингвист-илимпоз агартуучулардын бири катары улуттук билим берүү тармагына изи из салып кетти десек да болот. Чынында мындай жөрөлгө алакандай кыргыз журтунда өтө сейрек кездешет.
Окумуштуу Тойчу Актанов азыркы ааламдашуу заманындагы эң бир орчундуу маселелердин бири болуп саналган Эгемен Кыргызстандын мамлекеттик тили – кыргыз адабий тилинин түптөлүшүнө, кадыресе калыптанышына, андан ары ырааттуу өнүгүшүнө өзүнүн барандуу салымын кошту. Өзгөчө, башка улут өкүлдөрүнө, айрыкча кыргыз жана орус мектептери үчүн үйрөтүү эне тилибизди жаатындагы окуу китептери менен окуу куралдарын, окуу программалары менен окутуу усулдарын иштеп чыгуу демилгелерине кошкон салымы зор. Ал кыргыз жана орус тилдери боюнча адис катары, Кыргыз тилин окутуу боюнча программаны жана «Кыргыз тили» окуу китептерин түзүүдө бир топ алгылыктуу иштерди жүргүзгөн. Башталгыч класстын окуучулары үчүн өз замандаштары Тойчу Т.Актанов, К.Каримов, А.Кошоев бирдикте түзгөн «Алиппе» китеби 1937 жылы жарык көрүп, 1940 жылга чейин ырааттуу окутулуп келди. Кыргыз тили тили жаңы ”криллица” алфавитине өткөндүгүнө байланштыштуу окумуштуу Н.Абрамов менен бирдикте орус алфавитинин негизинде «Алиппе» китебин түзгөнү да белгилүү. Ал туруктуу окуу китеби катары 1953-жылга үзгүлтүксүз пайдаланылып келди.
Ал 1940-жылы биринчи жолу педагогика окуу жайлары үчүн «Кыргыз тилинин синтакси» китебин чыгарат. Педагогикалык окуу жайынын программасына ылайык, ага кирген материалдардын илимий деңгээли тереңдетилип, бир катар жаны темалар эрежелер менен толукталган.
Өз заманынын программалардын түзүү жаатында да алгылыктуу эмгектенип, 1937-жылы башталгыч мектептер үчүн кыргыз тилинин программасын түзүү менен, ага 1938-жылы кайрадан бир катар алгылыктуу толуктоолор менен түзөтүүлөрдү ондоолорду киргизгени белгилүү.
Мисалы,учурунда орус тилин жакшы билген жаштардын бири болгондуктан, ал 1938-жылы «Башталгыч толук эмес орто жана орус мектептери үчүн кыргыз тил программасын» түзүп, анын негизинде 1939-жылы орус мектептеринин 5-6-7-класстарына арналган окуу китептери басылып чыкты. Окумуштуу И. Батманов менен бирдикте орус окуучулары үчүн кыргыз тилинин башталгыч окуу китептерин түздү. Бул окуу китептери 1938-жылдан 1950 -жылдарга чейин үзгүлтүксүз пайдаланылылып келди. Мындай илимий негизге таянган эмгектер азыркы учурда дагы өз маанисин жогото элек. Алтургай, аларды айрым оңдоп-түзөөлөр менен кайрадан бастырып чыгарып, колдонууга толук негиз бар.
Андан тышкары, кыргыз жана орус тилдери, алардын окутуунун өзгөчөлүктөрүнө, аларды айкалыштыра окутуу амалдарына арналган илимий эмгектери да жарык көргөн. Алар:
Т Актанов, К Бакеев. “Кыргыз тилинин синтаксисинин конспектиси”. “Кыргызмамбас”, 1937.
Т Актанов. Кыргыз тилинин окуу китеби. “Кыргызмамбас” – 1938.
Т Актанов. И, Батманов. “Кыргыз тилинин окуу китеби”(Мамлекетик мекемелердин орус топтору үчүн”). Казан – 1938.
Т Актанов.. к”Кргыз тилинин окуу китеби”. “Кыргызмамбас”, 1939.
Т. Актанов Грамматика. – Синтаксис 1940.
Т. Актанов, Н. Макешов, К Бакеев. “Кыргыз тилинин грамматикасы. Синтаксис. “Кыргызмабас” – 1947.
Мына, быйыл, Улуу Жеңиштин 80 жылдык мааркеси белгиленүүдө. Биз канкор баскынчыларды жер менен жекен кылган улуу жеңиштин шарданы менен, окумуштуу Тойчу Актанов сындуу келечегинде кыргыз элинин элине тээк боло турган чыгаан уул-кыздарыбыздан айрырылып калыптырбыз. Жалпысынан алганда,, эгемен Кыргыз мамлекетинин башаты болуп саналган Кара-Кыргыз втоном облусунун тархын-таржымалындагы биринин апкытын бири баскан кызыл-кыргын 1937-1937-жылдар менен эле бүтпөй, кыйың кезең, кычалыш кырдаал 1949-1950-жылдарга чейин созулганы белгилүү. “Тил азабы – дил азабы”, демекчи, Мына ошол мезгил аралыгында эң мыкты делген Ташым Байжиев, Жапар Шүкүров, Зыяш Бектенов сындуу бир катар тилчи-окумуштуулар менен адабиятчыларыбыз асты камалып, арты атылып тынды. Эми, ушуга тда опук кылалы: артында алардын өмүр өтөлгөсү, жасаган эмгеги калды дегендей…Эч ким, эч нерсе, эч качан эстен чыкпайт!
Кемел Белек (Кут Билим)
Комментарийлер