АГАРТУУ АЙДЫҢЫНЫН ЗАМАНБАП УСУЛЧУСУ
- 10.07.2026
- 0
Педагогика илимдеринин кандидаты, доцент
Такабай АСАНАКУНОВ 60 жашта
Агартуу тармагында өзүнүн өзгөчө кол тамгасы, бийик адамгерчилик сапаты жана илимий-методикалык жаңылыктары менен таанылган өрнөктүү инсан, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Такабай Абдыбекович Асанакунов кутмандуу 60 жаштын ашуусуна келип отурат. Агартуунун улуу көчүнө, анын ичинен чейрек кылымдан ашыгын мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу системасына арнаган илимпоздун баскан жолу – бүгүнкү заманбап педагогдор үчүн чыныгы мектеп. Юбилярды мааракеси менен куттуктап, кесиптешинин калемине таандык ушул макаланы окурмандарга сунуштайбыз.
«Мугалимдердин мугалими», «насаатчы» деген ыйык наамдарды иш үстүндө далилдеп келе жаткан Т.Асанакуновдун Республикабыздын ар кайсы аймактарында өткөргөн тренинг-семинарлары мугалимдердин чын дилден чыккан ыраазычылыктарына ээ болуп, жогорку деңгээлде бааланып келет.
Муну заманбап санариптик көрсөткүчтөр да айкын далилдейт. Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун Окуу-уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Гүлянда Асанованын 2025-2026-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча берген отчетунда өзгөчө ийгиликтер белгиленген. Алсак, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуучу «Устат ПККЖ жана КДРИ» платформасына Т.Асанакунов тарабынан түзүлүп жүктөлгөн «Алтын Казык»: Кыргыз тилин жана адабиятын компетенттүүлүккө негиздеп окутуу» программасы боюнча 2664 мугалим окуп, анын ичинен 471и өз алдынча тастыктоочу сертификаттарга ээ болушкан.
Ошондой эле Т.Асанакунов жетектеген Филологиялык билим берүү кафедрасында педагогдордун курстары үчүн түзүлгөн билим берүү программаларында дүйнөлүк алдыңкы методдор, окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун заманбап технологиялары жана критерийлери камтылып, иш программалары 90 пайызга чейин жаңыланган. Демек, бул көрсөткүчтөр Т.Асанакуновдун инновациялык процесстер, жаңыча окутуунун стратегиялары боюнча практик мугалимдерге түз усулдук жардам көрсөткөн, педагог-фасилитатор катары кесиптик чеберчиликти өнүктүргөн заманбап мыкты адис экендигинин анык далили.
Мектептен башталган
илим жолу
Такабай Асанакуновдун тагдыр жолу жөнөкөй мугалимдиктен илимпоздукка чейинки таза эмгектин үлгүсү. Жусуп Баласагын атындагы КУУнун филология жана журналистика факультетин ийгиликтүү аяктаган соң, эмгек жолун Түп районундагы Талды-Суу айылынын М.Элебаев атындагы орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп баштаган. Дал ушул жандуу мектеп чөйрөсү ага келечектеги илимий-методикалык изденүүлөрү үчүн практикалык бекем пайдубал болуп берди.
Кийинчерээк К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде ага окутуучу, аспирант катары билим деңгээлин тереңдетти. Ал эми Кыргыз билим берүү академиясында (КББА) кыргыз педагогикасынын корифейлери, залкар окумуштуулар – И.Бекбоев, С.Байгазиев, С.Үсөналиев, А.Мамытов, С.Рысбаев, К.Эсеналиева өңдүү инсандар менен иштешип, тажрыйба алмашуусу анын илимдеги көз карашын биротоло калыптандырды. Изилдөөлөрүнүн натыйжасында педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын коргоп, ЖАКтын чечими менен «Педагогика» адистиги боюнча «Доцент» наамына татыктуу болду.
Натыйжалуу менеджмент жана усулчу-окумуштуу
Т.Асанакунов бир гана усулчу-окумуштуу эмес, ири уюштуруучу, натыйжалуу башкаруучу (менеджер) катары да белгилүү. Ал 2021-2023-жылдары С.Мамбеткалиев атындагы Чүй университетинин ректорулук кызматын аркалап, ал эми учурда ПККЖ жана КДРИнин Филологиялык билим берүү кафедрасын ийгиликтүү жетектеп келет.
Анын калеминен жаралган фундаменталдуу эмгектер – бүгүнкү күндө кыргыз тилин эне тил жана өзгө тил катары окутуунун негизги багыты. Авторлоштукта жазылган «Кыргыз тилин эне тил катары окутууну жаңылоо концепциясы», «Предметтик стандарттар», «Мектеп үчүн фразеологиялык сөздүк» (2020) жана мектеп мугалимдери күнүмдүк ишинде колдонгон ондогон методикалык колдонмолор анын илимий өндүрүмдүүлүгүнүн айкын күбөсү.
Окумуштуунун кыргыз билим берүү тармагына кошкон ири салымдарынын катарына төмөнкү усулдук эмгектерин кошууга болот: «Азыркы кыргыз тилиндеги сөз түркүмдөрүнүн өнүгүш тарыхы боюнча таблицалар (1928-2005)» (авторлош, 2005); «Орто мектептердин V-XI класстарындагы кыргыз тилинин окуу программаларынын, окуу китептеринин өнүгүшү жана калыптанышы» (2007); «Окуп-үйрөнүүдөн күтүлүүчү натыйжалар. Мугалимдер үчүн усулдук колдонмо. Кыргыз тили 5-9-класстар» (авторлош, 2011); «Мектеп үчүн фразеологиялык сөздүк» (2020); «Сабактын болжолдуу планы» (2023).
Такабай Асанакуновдун агартуу тармагына сиңирген үзүрлүү эмгеги Мамлекет тарабынан жогору бааланып, «Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги», Мамлекеттик тил комиссиясынын «Кыргыз тили», Агартуу министрлигинин «Илимдин мыктысы» төш белгилери, «Эл сыймыгы», «Данакер» медалдары жана институттун «Мугалимдердин мугалими» өзгөчө белгиси менен сыйланган.
Сыймыктуу
курактын ак каалоосу
Урматтуу кесиптешибиз Такабай Абдыбекович! Сиз кесипкөй адис гана эмес, жүрөгү таза, мүнөзү шайыр, акыл-насааты төгүлгөн заманыбыздын залкар педагог-фасилитаторусуз. Сиздин ар бир өткөргөн тренингиңиз, ар бир жазган китебиңиз мугалимдердин жүрөгүнө жол таап, өлкө келечегине кыш болуп кыналууда.
Сизди кутмандуу 60 жаш юбилейиңиз менен чын дилден куттуктайбыз! Сизге узак өмүр, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана кыргыз илими менен агартуусунун деңгээлин дүйнөлүк бийиктикке чыгарууда албан-албан чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз! Мугалимдердин сизге болгон алкышы менен ак батасы сизди дайыма коштоп жүрсүн!
Замир ОСМОНАЛИЕВ,
Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун
Кошумча кесиптик билим берүү борборунун директору
Комментарийлер