АГАРТУУ ААЛАМЫНЫН АЙЧҮРӨГҮ

  • 20.10.2023
  • 0

Устаттык өнөрдүн туу чокусун багындырып, билимдин мазмунун жакшыртууну биринчи орунга койгон улуу педагог, аты кыргыз билим берүү тармагында чоң үлгү, сүйлөгөн сөзүнө кылган иши ар учурда төп келип, жашоо-тагдырын жаштарды өстүрүүгө, аларды жаркын келечекке, мугалимдик кесипке даярдоого арнаган, өзүнүн терең билими, чыгармачылык жигери менен келечек муунга дем берген мекендин сыймыктуу кызы, кеменгер аялзаты, агартуу тармагынын, кыргыз педагогика илиминин Айчүрөгү катары таанылган окумуштуу-педагог,  И. Арабаев атындагы КУУнун педагогика кафедрасынын башчысы, айтылуу АЙЧҮРӨК КАЛДЫБАЕВА тууралуу сөз кылууну туура көрдүк. Дегенибиз “Арыбас мээнет, алдыңкы өнөр, билим аркылуу бакыбат дөөлөткө умтулуу” деген улуу «Манастын» осуятындагыдай, жалпы кыргыз жаштарын талбас эмгек, билим аркылуу бакытка жетүү жолуна багыттаган анын өз өлкөсүнүн билим берүү тармагына арнаган талыкпаган эмгеги, чыныгы педагогдук таланты менен жетишкен ийгиликтери мугалимдик кесиптин эталону катары атайылап бөлүп кароого арзыйт. Анан калса окуу жайдагы 38 кафедранын жана 14 бөлүмдүн рейтингин аныктоодо Айчүрөк эже жетектеген педагогика кафедрасы 1-орунга чыккан. Кафедрада 5 илимдин доктору, 17 илимдин кандидаты эмгектенет. Өздүк рейтингдин натыйжасы боюнча да миңден ашкан профессордук окутуучулардын арасынан  эжеке 1-орунду ээледи.

АГАРТУУ ААЛАМЫНЫН АЙЧҮРӨГҮ

 

 Окумуштуу айымдын ийгиликке багыт алган өмүр таржымалы

Калдыбаева Айчүрөк Токтополотовна 1958-жылы Ош облусунун Алай районунун, Гүлчө айылында интеллигенттин үй-бүлөсүндө туулган. 1965-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы М.В.Фрунзе атындагы орто мектепке биринчи класска барып, 1975-жылы Алай районундагы А.С.Макаренко атындагы орто мектебин бүтүргөн. 1980-жылы В.В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институттун филология факультетин артыкчылык диплому менен аяктап, орус тили жана адабияты мугалими, тарбия боюнча методист адистигине ээ болгон. 1977-жылы КПССтин мүчөлүгүнө кабыл алынып, студенттердин өкүлү катары №13 округ боюнча Фрунзе шаарынын Биринчи Май райондук кеңешине депутат болуп шайланган. Активдүү турмуштук позициясы атасы Токтополот, андан кийин  студенттик мезгилде калыптануу менен ал Биринчи Май районунун, Фрунзе шаарынын, республикалык комсомол комитеттеринин мүчөсү болуп шайланган. 1980-жылы мамлекеттик аттестациялык комиссиянын чечими менен орус тили жана аны окутуунун методикасы кафедрасына окутуучулук кызматка алынган. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинде окутуучу, доцент, сырттан окуу институтунун директорунун орун басары, факультеттин деканы болуп эмгектенген. 1983-1986-жж. Кыргыз педагогика илимий изилдөө институтунда аспирантурада окуган. Азыркы күндө ушул эле университеттин педагогика кафедрасынын башчысы, педагогика илимдери боюнча адистештирилген диссертациялык кеңештин төрайымы, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Орусия Табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, ал эми 2020-жылдын ноябрь айында Казакстан Республикасынын Педагогика Илимдеринин Академиясынын академиги болуп шайланды. Илимий кадрларды даярдоодо илимий-изилдөөчүлүк иштерге жигердүү катышып келет, анын жетекчилиги астында отузга жакын кандидаттык диссертация корголуп, жыйырмага жакын аспирант илимий иштин үстүндө эмгектенүүдө.

Кесиптик багыттары: этнопедагогика, педагогикалык ойлордун жана билим берүүнүн тарыхы, жогорку окуу жайынын педагогикасы, тарбия иштеринин методикасы, мектеп педагогикасы. Беш монографиянын, 24 окуу-методикалык куралдардын, 200  жакын илимий макалалардын автору. Алардын айрымдары катары төмөнкүлөрдү атоого болот: “Эл акындарынын чыгармачылыгындагы этнопедагогикалык идеялар”; “Адеп” / 5-класс үчүн окуу китеби; “Адеп” / Мугалимдер үчүн методикалык колдонмо; “Кыргыз элдик педагогикасынын мугалимдерди даярдоодогу ролу”: Атайын курс “Педагогикалык практика боюнча методикалык сунуштар”; “Калык Акиевдин чыгармаларынын тарбиялык мааниси”; “Педагогика тарыхынын очерки” / Окуу куралы; “Элдик акындар жана тарбия” / Методикалык курал; “Элдик акындардын чыгармаларындагы тарбия маселелери” / Методикалык курал; “Педагогикалык ойлордун жана билим берүүнүн тарыхы” / Окуу куралы; “Кредиттик окутуу системасы студенттердин өз алдынчалыгын өстүрөт”; “Общее и особенное в воспитании кыргызского и корейского народа”; “Этнопедагогикалык идеяларды тарбиялоо процессинде колдонуунун методикалык өзгөчөлүктөрү”; “Тарбиялоо жана окутуу процессин моделдөөнүн талаптары жана принциптери”; “Организация учебного процесса по кредитной технологии в КГУ им. И.Арабаева в рамках Болонского процесса”, “Педагогика” / Окуу китеби; “Современные проблемы науки и образования”/ магистранттар үчүн окуу куралы ж.б.

Окумуштуу Ирландия, Түркия, Россия жана Казакстан мамлекеттеринде өткөрүлгөн Эл аралык конференцияларга илимий баяндамалар менен катышкан.

А.Калдыбаева лекцияларды жогорку деңгээлде окуган устат мугалим. Илимий диапозону кеңири окумуштуу-педагог, насаатчы. Ак эмгегинин артында «Элге билим берүү отличниги» наамы, көптөгөн ардак грамоталар менен сыйланган. 2011-жылы мамлекеттик сыйлык – Президенттин Ардак грамотасына, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын Ардак грамотасына ээ болгон.

 Агартуучунун «alma materi». Педагогдук улуу өнөргө калыптаган устаттар

Айчүрөк Калдыбаева 1975-жылы орто мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин Фрунзеге келип, атанын каалоосу менен “женпедге” орус тили жана адабияты факультетине тапшырган. Сабакты мыкты билгендиктен Раиса Семеновна Куклина аттуу терең билимдүү мугалими: «Калдыбаева правила не учит, а все диктанты пишет на пятерки», – деп айта бергенин эскерет биздин каарманыбыз.

АГАРТУУ ААЛАМЫНЫН АЙЧҮРӨГҮ

“Конкурстан өтүп окуп калдым, атама ыраазымын, мага туура багыт бергенине, орус тилин ушунчалык жакшы көрөм, азыр да бул предметти окубасам да, ар бир эрежени, ар бир тыныш белгилерин көзүмдү жумган бойдон бешке айтып бере алам.

Менин өмүрүм бир жерде өттү. 48 жылдан бери бир эшиктен кирип-чыгып иштеп жүрүп, ушул жерден агарып-көгөрдүм. Мен өзүмдүн окуу жайымдан көп нерсени алдым, ошончолук билимимди жаштарга бердим, кызмат кылдым. Студенттен профессорлук наамга, ушул жерден бардык нерсеге жетиштим, факультеттин деканы болуп бир нече жыл эмгектендим.

Мен улуу педагогдордон билим алдым. Аларга азыркы күндө да таазим этем: Озмитель Валентина Михайловна, Гудков Василий Васильевич, Джидеева Клара Хусеиновна, Батманова Любовь Васильевна, Лукоянова Эра Николаевна, Шарафутдинова Софья Гильязовна, Хмельницкая Наталья Львовна, Коротенко Гильда Исаковна, Хлыпенко Георгий Николаевич, Щербаков Виталий Степанович, Шульга Полина Михайловна. Булардан мен билим гана эмес, турмушка жолдомо да алдым. Алардын мага болгон мамилеси мени көп нерсеге үйрөттү: чынчылдыкка, тазалыкка, принципиалдуулукка, койгон максатка жете билүүгө жана, албетте, адамгерчиликке. Айрыкча менин турмушка болгон көз карашымды, позициямды Озмитель Валентина Михайловна калыптандырды. Мени жакшы көрүп, үйүнө чейин алып барып, көп нерсеге үйрөттү. Аны өзүмдүн апамдан кем көрбөйм. Абдан мээримдүү инсан.

Биз айылдан келген, турмушта көп нерсени билбеген кыздар элек. Бизге окутуучуларыбыз эмнени гана үйрөтпөптүр. Наталья Львовна Хмельницкая биздин кураторубуз эле, 3-микрорайондо эки бөлмөлүү квартирасына алып барып, 25 студенттин жарымын токуганга, жарымына кичинекей кухняда салат, тамак-аш, торт жасаганды үйрөтөт эле. Аларды эч ким милдеттендирбесе керек, кыргыздын кыздарын ушинтип тарбиялайсың деп. Бирок алар биз менен чарчабай-талыкпай, ийгиликтерибизге кубанып, кайгыбызды кошо бөлүшөт эле. Ошондуктан биздин адис болуп калыптанышыбызда алардын эмгектери эбегейсиз.

Мен өзүмдүн устаттарыман үйрөнгөн касиеттерди, баалуу билимдеримди студенттерге өткөрүп берүүгө бүт өмүрүмдү жумшадым. Канчалык деңгээлде турмушка ашканын билүү кыйын, бирок мен студенттерге жакшы мамиле, тарбия, терең билим берүүгө аракет кылдым. Алардын мага болгон ыраазычылыгын сезем, билем.

Менин илимдеги чоң устатым – Рахимова Магрифа Рахимовна болду. Кандитаттык диссертациямды жазганымда илимий жетекчи, докторлукту жазганымда илимий кеңешчим болду. Эженин биринчи даярдаган кандидаты да, биринчи илимдин доктору да мен болдум. Мени илимдеги тун кызым деп айтат эле. Устатым түптөгөн салттарды шакирттери бекем улантып жүрөбүз.

Мен өзүмдүн турмушумда, илимий ишимди жазып жүргөндө улуу этнопедагог-окумуштуу, дегеле этнопедагогиканы илим катары негиздеген революционер-окумуштуу Геннадий Никандрович Волковдун мага тийгизген таасирин, убактысын аябастан берген илимий консультацияларын азыр да сыймыктануу менен эскерем. Москвага бир нече жолу учуп барып, жакындан тааныш болуп, жолуккан сайын билим багажымды толуктап турдум. Илим жаатында мага өрнөк болгон Исак Бекбоев, Эсенбек Мамбетакунов, Абдыкерим Муратов, Дөлөн Бабаев, Абакир Мамытов, Нурбүбү Асипова, Жанкороз Каниметов, Валерий Ким, Акматали Алимбеков, Татьяна Панкова, Салидин Калдыбаев Шаршенбек Алиевдерге терең ыраазымын. Мен үчүн алардын баскан жолу, жасаган эмгектери дайыма туура багыт берип келет.

48 жылдын ичинде мен жети ректор менен иштештим. Менин болгон ийгиликтеримдин бардыгы менин сүйүктүү окуу жайымда түптөлдү. Мени жумушка көп жерге чакырышты, бирок мен өзүмдүн ЖЕНПЕДимди эч бир окуу жайына теңебедим да, кетпедим да. Бул уюткулуу окуу жайы. Ушул университеттин тарыхында мен биринчи илимдердин доктору болдум. Демек,  мага бул окуу жайы көп нерсени берди. Университет азыр алдыңкы катардагылардан. Мени анын жетишкендиктери абдан кубандырат, себеби ал мени ушул деңгээлге жеткирген, сыймыкка бөлөгөн менин университетим. Биз алты бир тууганбыз, алардын бардыгы ушул институтту аяктап, азыркы күнү орто мектептерде окуучуларга татыктуу билим берип жатышат”.

 Илимий мектеп

Бул адам турмушта өз өнүгүүсү менен гана алектенген жан эмес экендигин анын айланасындагы түзүлгөн потенциалдуу жаш окумуштуулардан турган командадан же эженин түзгөн «илимий мектебинен» көрө алабыз. Андагы окумуштуу катары өсүп келе жаткан ар бир изденүүчүнүн илимге жасаган иш-аракетине, иликтөө жүргүзгөн эмгектеринин деңгээлине кайдыгер карабастан, тыкыр жетекчиликке алуу менен кылган мамилесинен Айчүрөк Калдыбаевадагы шакирттери үчүн болгон жоопкерчилик, тактык, чеберчилик, бардык маселеге тереңден талдоо жүргүзүп, ар бир ишке күйүп-бышкан сапаттарды баамдай алабыз. Анын жетекчилиги менен 22 изденүүчү кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, илимий мектебинен А.Д.Бабаева, Ч.Ш.Назаралиева, Ж.К.Сулайманкулова, Б.Жусуева, Ж.Ж.Тургунбаева, С.Э.Иманкулова, П.М.Махашова, Э.Б.Мирзалиева, Э.Р.Нуркулова, Ч.Т.Омүрканова, З.С.Несипбаева, М.Т.Кырбашова, К.Ы. Шамбеталиев, Г.Юсупова ж.б. окумуштуу катары калыптанган. Ал эми учурда 30дан ашык аспирант, изденүүчүлөрү, мындан тышкары бир катар магистранттар эженин жетекчилиги менен илимий изилдөөнүн үстүндө иштешүүдө. Демек, педагогдун чыныгы устаттык дарамети да дал ушул жерден кашкайып көрүнүп турат.

 Өмүрү өрнөк инсан же замандаштардын көз карашы менен

Айчүрөк Калдыбаева тууралуу сөз кылууда ал тууралуу бир адамдын гана көз карашы эмес, аны менен эмгек сапарында дайыма эриш-аркак жүргөн инсандардын ойлору, окумуштуу-педагог тууралуу замандаштарынын баалуу пикирлери маанилүү. Жагымдуусу, ал тууралуу жакшы нерсе айткысы да, жазгысы да келген адамдардын көптүгү биз үчүн анын адамдык парасатынын дагы бир бийиктигин ача алды. Дал ошондуктан анын инсандык, адистик, педагогдук бейнесин сүрөттөгөн кесиптештеринин, санаалаштарынын, шакирттеринин берген баасын сиздер менен төмөндө бөлүшүүнү туура көрдүк.

АГАРТУУ ААЛАМЫНЫН АЙЧҮРӨГҮ

Т.АБДРАХМАНОВ, т.и.д., профессор, КРИА мүчө-корреспонденти Ж. Баласагын атындагы КУУнун ректору:

– Педагогика илими тууралуу сөз болгондо педагог-окумуштуу Калдыбаева Айчүрөк Токтополотовнанын ысымын сыймыктануу менен белгилеп кетүү абзел. Окумуштуунун эмгектеринде педагогика илиминин ар кандай багыттарынын теориясы менен практикасы илимий негизде жалпылаштырылган деп айтууга негиз бар. “Билим алуу, ийне менен кудук казганга барабар” — деген сөз мааниси жагынан да, философиялык жагынан да бул кишиге туура келет.

Баса белгилеп кетчү нерсе, Айчүрөк Токтополотовна ушул университеттин бүтүрүүчүлөрүнөн биринчи илимдин доктору болгон. Кыргызстандын коомдук-саясий турмушунун, маданиятынын, экономикасынын, билим берүүсүнүн маселелерин окумуштуу катары таасын талдоого алып, проблемалар болсо өз учурунда так аргументтер менен айта билген, илимде, билим берүүдө жана коомдук турмушта өз позициясы бар инсан.

Т. ТУРГУНАЛИЕВ, ф.и.д., профессор, коомдук ишмер:

– “Манас” эпопеясында Чыйырдынын, Каныкейдин, Айчүрөктүн, Куялынын жан дүйнөсү, көз алдыдан кеткис элеси бизди суктандырат. Мындай асыл аялдар кыргызда бүгүн да бар. Алардын бири азыркынын Айчүрөгү – Айчүрөк. Токтополот авам атын таамай, илгери үмүт менен койгон экен. Ата-эненин үмүтүн Айчүрөк айгинеледи, толук аткарды. Аткарып жатат. Эмнеси менен? Биринчиси. Сөз эркиндигинин аныктоочу өзөгү – эң олуттуу, эң татаал көйгөйдү эчендер айбыгып, жалтанып, коркуп айталбай турганда, топ жарып, алдыга чыгып, чындыкты ачык айтуу, эч кимден тайманбай бетке айтуу, бетке чабардык мүнөзү. Экинчиси. Педагогика, тарбия-таалим илиминде доктор, профессор Айчүрөктүн орду олуттуу, опол тоодой. Анын илимий эмгектерине, билим берүү тажырыйбасына калыс көз караш мамиле жасаган адам таң берет. Бул улуттук педагогиканы изилдөө илиминде Айчүрөк салган чыйыр даана көрүнүп, сезилип турат. Үчүнчүсү. Улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй мамиле кылуу Айчүрөктүн адеби, ыйманы. Анын адамга мындай мамилесине мен дайыма ыраазымын. Төртүнчүсү. Айчүрөк – Адам, Айчүрөк – Тарбиячы, Айчүрөк – Илимпоз мээнеткеч. Илимий эмгектери эчен том. Педагогика жаатында окумуштуу-кандидаттардын ондогондорун тарбиялады. Тынымы жок, эмгекчил Адам. Үлгүлүү Инсан.

 Н.АСИПОВА, п.и.д., профессор Ж.Баласагын атындагы КУУнун жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын башчысы:

– Айчүрөк Токтополотовна илимий чөйрөдө алгач К. Акиевдин чыгармаларындагы тарбиялык идеялар жана алардын кыргыз мектептеринде колдонулушуна байланыштуу илимий билдирүүсү аркылуу бир топ кызыгууларды жаратып, элдик педагогиканын өнүгүүсүндө акындардын ордун жана салымын, социалдык, педагогикалык маанисин жогорку илимий деңгээлде ача алгандыгы менен өзүнө көңүл бурдурган. Ал эми расмий оппонент катары анын докторлук диссертациясынын илимий баалуулугун талдай келгенде, жалпы эле кыргыз этнопедагогикасынын мазмуну, анын ичинде эл акындарынын орду, алардын жаштарды адеп-ахлактык жактан калыптандыруудагы салымынын зор экендигин чеберчилик менен аныктоосунан кыргызда дагы бир чоң окумуштуу-педагогдун калыптанып калганын көрө алгам.

 А.АЛИМБЕКОВ, п.и.д., профессор, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин педагогика кафедрасынын башчысы:

– Айчүрөк кыргыздын ырчы акындарынын чыгармаларындагы ыр саптардан педагогикалык билим издеп реконструкциялап чыгууга өмүр чыгармачылыгын сарптап келе жаткан кыргыз аялдарынын ичиндеги ийгиликтүү окумуштуулардын бири. Азыр кыргыз адабияты сабактары үчүн, ошондой эле бүтүндөй тарбиялык иштердин мазмунун этномаданий өңүттө өркүндөтүү үчүн ырчы акындардын нускалуу ырларын иргеп тандап алуу орчундуу проблема. Бул милдетти илимий-педагогикалык чен-өлчөмдөрдүн негизинде жүзөгө ашырууда А.Калдыбаеванын эмгектери рационалдуу пайдаланылууга тийиш.

 Э.ТОКСОМБАЕВА, к.п.н., доцент, декан факультета художественной культуры и образования КГУ им.И. Арабаева:

– Работая вместе на кафедре педагогики у нас возникла особая близость, мы обе очень гордились тем, что закончили один и тот же вуз, и работая в родном вузе вносим какую-то лепту в ее процветание. Меня глубоко затронула ее признание, что она чтит меня своим учителем, за то, что в начале ее самостоятельной жизни на сельскохозяйственной работе, как говорит сама Айчүрөк, «оторванные от родителей почти дети, встретили внимание, теплое отношение, понимание и заботу. Осенью мы искали вас и плакали, когда сказали, что уехала в Москву в аспирантуру». Это говорит о лучшем человеческом качестве быть благодарным даже за малое. А ведь в жизни большинства бывает, наоборот, как в пословице «Одному всю жизнь отдашь – не заметит, а другому сделаешь маленькое добро – всю жизнь помнит». Из маленького ручейка теперь Айчүрөк стала бурлящим потоком, отдающая все полученные знания студентам и всей своей неуемной энергией помноженной на жажду к науке.

 М.АМЕРДИНОВА, ф.и.д.,профессор:

– “Жакшы адамдын жакшылыгын айт, көңүлү чалкып, бою балкысын, жүзү нурданып, маанайы жаркысын”, — деп айтат кыргыз эли. Ар бир жогорку окуу жай Айчүрөк Токтополотовнага окшогон татыктуу бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанса болот. Айчүрөк бүтүрүүчү эле эмес, 1980-жылдан азыркы күнгө чейин өзү окуган окуу жайдын өсүшүнүн ыргагына жараша өсүп келген тажрыйбалуу педагог, жооптуу кызматкер. Инсандык өнүгүшү, билимдүүлүгү, профессионалдык даярдыгы, эрудициясы, акылы, аруулугу, камбылдыгы менен кайраттуулугу, эрдиги менен назиктиги шайкеш келип, сейрек жаралган жан. Аты да, заты да, айтып тургандай, Айчүрөк апабыздан кем эмес.

 Н.ДЮШЕЕВА, д.п.н., профессор Кыргыз билим берүү академиясынын президенти:

– Много мудрых мыслей хранит для нас человеческий опыт и одна из них гласит: «Знать цель, к которой стремишься – это рассудительность; достигнуть этой цели – верность взгляда; остановиться на ней – сила; попасть далее цели – дерзость». Подтверждением истинности данной мысли являются жизнь и деятельность Калдыбаевой Айчурок Токтополотовны. Можно смело утверждать, что квинтэссенция жизненного и профессионального успеха Айчурок Токтополотовны, это единство присущих ей качеств: профессиональная компетентность, строгая непоколебимость, требовательность и в то же время – гуманизм и толерантность в общении и управлении; непревзойдённая прямота, бескомпромиссная смелость, принципиальность и в то же время – прямая честность, искренность, отсутствие лицемерия; своеобразная неординарная справедливость, и в то же время – щедрость, доброта, умение сопереживать и бескорыстно помогать… И всё это – не девальвируемые ценности, которые характеризуют её как Учёного, Наставника и просто Человека.

 Ү. КУЛТАЕВА, ф.и.д., профессор, коомдук ишмер:

– Тарбия маселеси боюнча китеп жазуу башка, өзү тарбиянын үлгүсү болуу андан кем эмес мааниге ээ эмеспи. “Тарбиячы өзү тарбиялуу болууга тийиш” деген түшүнүк педагогика илиминде аксиомага айланып калса да, азырынча анын рецепти жок, болууга да мүмкүн эмес. Ушул көз караштан алып караганда, Айчүрөк Токтополотовна өзүнүн чечкиндүүлүгү, өжөрлүгү, эмгекчилдиги, активдүү позициясы, керек учурда боорукер-мээрмандыгы менен жаштарга тарбия берүүнүн үлгүсү боло алат. Ал өзүнө да, өзгөлөргө да талап кое билгендиги менен мындай турсун, кээде ашыкча түз сүйлөгөн максимализми менен да башкаларды арына келтирип, алардын намысына камчы чапкан адамдык сапаттары биздин коом үчүн эң керектүү касиет. Айчүрөк — бир жерден көгөргөн дарактай.

 А.Ж. МУРАТОВ, п.и.д., профессор:

– Окумуштуунун илимий багытынын эң чоң өңүтү – кыргыз акындарынын, тагыраагы, элдик төкмөлөрдүн чыгармачылыгындагы педагогикалык ойлорду таап, аларга заманбап көз караштар менен баа берүү. А.Калдыбаева «Эл акындарынын чыгармачылыгындагы этнопедагогикалык идеялар» аттуу монографиясынын баш сөзүндө мындай деп жазганы бар: «…кыргыз акындары тарабынан иштелип чыккан, эл ичине жайылтылып, практикалык чоң күчкө ээ болгон, муундан муундарга өткөрүлүү менен эл турмушунда апробацияланган жана алардын чыгармачылыгынын системасында олуттуу мааниге ээ болгон таалим-тарбиялоо тууралуу ойлордун өзгөчө мааниси бар. Анткени акындар – кыргыз коомунда прогрессивдүү идеяларды алып жүрүүчүлөр, элдик наркты таратуучулар, калкты жакшы жактарга үгүттөөчүлөр, оң жана терс көрүнүштөргө карата эстетикалык идеалды, табитти жаратуучулар, акыры барып-келип элдин бала бакчасы, мектеби, университети, аспирантурасы, илим изилдөө институту болгон. Кыргыз турмушунда бир дагы чоң мааракелер: аш-тойлор, учурашуулар, шайлоолор, өлүк узатуулар ж.б. каада-салттар ушул элдик ырчылардын катышуусуз өткөн эмес. Демек, ырчылар эл турмушунун өзөгүн түзүп, калктын келечек багытын аныкташкан».

Мына ушундай аспектиден ал Жеңижок, Токтогул, Барпы, Калык сыяктуу төгөрөгү төп келген төрт акындын поэтикалык дүйнөсүн педагогикалык көз караштан аңтарып, алардын адамдарды тарбиялоо тууралуу ойлорун бирден терип-тепчип, адептик-ыймандык, акыл-эс, дене-бой, сулуулукту сезе билүү боюнча эмнелерди ырдап кеткендигине анализ жүргүзөт. Анын анализи ырчылык психологияны кылдат өздөштүргөндүгү, ырларды эл турмушу менен салыштырып талдай билгендиги, калктын тарбиялык үлгү-өрнөктөрүн туура түшүнүүсү жана төкмөлөрдүн ырларында айтылган педагогикалык ойлордун бүгүнкү күндөгү маанисин өзгөчө белгилеп көрсөткөндүгү менен айырмаланат.

 К.АКМАТОВ, КР Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте жана мектептен  тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы, п.и.д., доцент:

– А.Калдыбаеванын көп кырдуу илимий ишмердүүлүгүн төмөндөгүдөй төрт багытка бөлүп кароого болот: 1. Этнопедагогика. Эл акындарынын чыгармаларындагы калк педагогикасынын таасирин, көрүнүштөрүн, алардын ырларындагы дидактикалык маанилерди ачып берүү жагынан дурус аракеттерди жасаган, али чети оюлбаган элдик педагогиканын өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан окумуштуулардын сап башында турат деп айтсак чекилик болбос. 2. Педагогиканын тарыхы жана жогорку окуу жайдын педагогикасы. “Педагогика”, “Педагогиканын тарыхый очерки”, “Педагогикалык ойлордун жана билим берүүнүн тарыхы”, “Кредиттик окутуу системасы студенттердин өз алдынчалыгын өстүрөт” аталышындагы окуу куралдарындагы кыргыз педагогикасынын калыптанышы жана өнүгүшү тууралуу баалуу пикирлер, илимий тыянактар педагогика багытында окуган студенттердин терең билим алышын шарттады деп айтууга болот. Бул эжекенин жогорку окуу жайдын педагогикасына кошкон салымы. 3. Тарбия иштеринин усулу. Мектепте, жогорку окуу жайда тарбиялык иштерди уюштуруунун усулу, технологиялары багытында лекцияларды окуп, семинар-тренингдерди өтүп, болочок мугалимдерди мыкты тарбиячы катары калыптандырды. Бул да болсо эженин тарбиялык иштердин усулчусу экендигин айгинелеп турат. 4. Мектеп педагогикасы. Окумуштуунун келечек муундарды тарбиялоого кошкон салымы чоң. Айрыкча мектеп окуучуларынын адеп-ахлактык түшүнүктөрүн калыптандыруу, өркүндөтүүнү өзүнүн изилдөөлөрүнүн башкы максаты катары карап келатат. Өзүнүн көп жылдык тажрыйбасы менен балдар үчүн мыкты окуу китептерин жазуунун башында турду. Практик мугалимдерди жетекчиликке алып 5-класстар үчүн “Адеп (Мурас)” окуу китебин, мугалимдер үчүн “Адеп (Мурас)” методикалык колдонмосун иштеп чыкты. Канчалаган окуучулардын адептик билимге сугарылышына, жаш жеткинчектердин өрнөктүү инсан болуп калыпта-нуусуна Айчүрөк эже чоң эрдик жасады десек туура болот.

 О.КАПАЛБАЕВ, т.и.д., профессордун м.а., Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары — саясатты иштеп чыгуу, реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысы:

– Айчүрөк Токтополотовна улуу адамдардын арбактарынан бата алып, рухтары менен сүйлөшүп жүрүп, дымагы менен деми, жигердүүлүгү менен чечкиндүүлүгү, маанайы менен шары, тайманбастыгы менен эрдиги арткан азыркы замандын ак жолдуу, ак маанайлуу, ак жаркын окумуштуусу катары маңдай тер, тынымсыз мээнеттин артынан академиялык чөйрөгө таанылды. Себеби «арбактар ыраазы болмоюн, тирүүлөрдүн иши оңолбойт» дегендей, кара жаак, жез таңтай Калык Акы уулунун, атактуу акын Барпынын ж.б. акындардын чыгармаларын илимий айлампага айлантып, таалим-тарбиялык, адеп-ах- лактык маңызын кыргыз коомчулугуна башка өңүттөн көрсөтүп, жаңы ачылыштарга жетти. Чындыгында Рахимова-Калдыбаеванын илимий мектеби бүгүнкү мезгилде төрт туягы түйүлүп, кызый-кызый жүгүрүп, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин казынасын кеңейтип, илимдин кандидаттарын, докторлорунун санын арбытып, билим берүүнүн сапатын арттырууда салымы чоң. Тоолук окумуштуунун тоодой ийгиликтеринин сыры мына ушунда.

 С.Н.ПАК, к.п.н, профессор кафедры педагогики КГУ им. И. Арабаева:

— Знакома с Айчурек Токтополотовной уже 25 лет и за эти годы видела ее в разных ситуациях. С трепетным чувством вспоминает о своем отце, который видел в ней свое продолжение и надежду. В такие минуты воспоминаний ей казалось, что у нее не хватит хороших и нежных слов, чтобы выразить свое отношение к нему. Для нее не существует срединного мнения: она или любит, или не любит, а если не любит, то имеет смелость об этом открыто говорить. И есть у нее особенность: если она любит, то залюбит, если начнет кормить, то закормит… Видела ее бескорыстие в дружбе, когда забыв про свои проблемы, помогала своим друзьям в помощь, когда они нуждались в ней. Ее можно было разжалобить рассказами о своих бедах и несчастий и поэтому, к сожалению, возле нее появлялись люди, склонные к внешнему дружелюбию из-за своих корыстных целей. Хочется отметить то, что главное в ней – это обнажённая исповедальность, личная выстраданность накопленного прошлым опытом жизни, в ее внешней строгости и деловитости скрывается масштаб ранимой и чувственной души.

К. САДЫКОВА, И. Арабаев атындагы КМУнун ардактуу профессору:

– Айчүрөк Калдыбаева – өз ишине берилген чыныгы мугалим, дайыма кыймылда, динамикада, өнүгүүдө жаңылыкка умтулган, жан дүйнөсү ажайып таза, өзгөчө адам. Ар бир адамдын өзүнчөлүгү, артыкчылыгы болот. Айчүрөктөгү андай сапаттардын бири – демилгелүүлүк. Азыркы техногендик заманда ааламдашуу доору адистерден көп нерсени ыкчамдык, тездик менен үйрөнүүнү талап кылып жатат. Жаңычыл ишти аткарууга биринчилерден болуп демилге көтөрүп, аны ишке ашыруу үчүн дымак берип, сүрөп турат. Айчүрөктүн ал мүнөзү жаңы өнүмдү улоочу иш билгилиги, аруу таза жан дүйнөсүндө шакардай кайнап турган асыл ойлору, жасаган иштери аркылуу айгинеленип турат.

А.Т.Калдыбаева өзүнүн устаттарынан ашкан мыкты шакирт болду, бүгүнкү күндө ал өзүнүн мектебин – “Калдыбаеванын мектебин” түзө алды. Бар билгеним, Айчүрөктүн канында кыйыры терең кыргызга “Алай канышасы” аталган Курманжан датканын молекулалары ойноп турат. Айчүрөктүн эр мүнөзү, жан дүйнөсү аруулуктан азык алган ашкере чынчыл, көйкашка, намыскөй, мекенчил аруу руху дайыма ааламдашууну, жаңыланууну, тазарууну көксөп турат. Жашоо күүсүнө толгон шайдоот жүрүшүндөгү “акыйкат формуласы” Айчүрөктүн жашоо кредосу сыяктуу сезилет.

Айчүрөк Калдыбаеванын: «Эгер мен турмушта бир кичине нерсеге жетишсем, анда бул менин атамдын эмгеги. Ушул эмгегимдин баары атама койгон менин эстелигим», — деген тилеги орундалып, мына бүгүн минтип Ата-Журт менен эл алдында жасаган мээнети, илимий-педагогдук табылгалары жана ар бир өсүп келе жаткан жаштардын дилинде орното алган адамгерчилик, акыйкаттык, мекенчилдик, намыскөйлүк, эмгекчилдик, мээримдүүлүк сапаттары аркылуу элдин бийик баасына арзуу менен атасына түбөлүк эстелик тургуза алды. Анын устаттык улуу жолдо дагы да жасай турган көп иштери алдыда деп билебиз. Турмуш сапарыңыз байсалдуу болсун демекчибиз, бир жерден көгөргөн дарактай, АРДАКТУУ АГАРТУУЧУ ЭЖЕКЕ!

 Рахат СУЛАЙМАНОВА, И.Исамидинов атындагы ПКМДИнин директору, “Мугалим” журналынын башкы редактору, п.и.д., профессордун м.а.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер