АДЕП НАРККА ТАРБИЯЛОО ЭНЕ ТИЛ САБАКТАРЫНАН БАШТАЛАТ

  • 28.01.2026
  • 0

 

Улуттук адеп нарк жана эне тил 

АДЕП НАРККА ТАРБИЯЛОО ЭНЕ ТИЛ САБАКТАРЫНАН БАШТАЛАТ

 

Коомдук жана руханий процесстердин өнүгүүсү көзгө көрүнбөгөн, бирок ички негизге таянган мыйзам ченемдүүлүккө ээ. Табиятта бул дарактын тамыры аркылуу көрүнсө, руханий чөйрөдө ал тил, сөз жана ой жүгүртүү аркылуу ишке ашат. Дүйнөлүк маданий салтта «Сөз башаты» идеясы логос түшүнүгү менен айкалышып, ааламдын маани жаратуучу ички тартибин түшүндүргөн модель катары калыптанган. Андре Боннар грек цивилизациясынын башатын Гомердин «Илиада» эпосунун жаралышынан көргөн. Щвейцариалык эллинист окумуштуу Андре Боннар грек цивилизациясынын жеңиши көркөм сөздөн Гомердин эпикалык поэмасынын башталган деп эсептеген. Анын пикиринде, «Илиада» Элладанын руханий пайдубалы болуп, байыркы гректердин намыс, милдет жана баатырдык жөнүндөгү баалуулуктарынын өнүгүшүндө чечүүчү мааниге ээ болгон.

Бул мыйзам ченем кыргыз дүйнө таанымында ачык байкалат. Кыргыз элинин «Манас» эпосунда сөз «Жоого аттанган баатырдын Жан-жөкөрү болгон сөз. Баласына атасы, Энчи кылып берген сөз» деп маданий эстутумдун жана руханий мурастын алып жүрүүчүсү катары ачылат.

Көчмөн кыргыздардын салттуу педагогикалык тажрыйбасында инсандык жетилүү сүйлөө маданияты жана ойдун тактыгы менен тыгыз байланышта каралган. «Сөз айтууга жатыксын, сөөгү бышып катыксын» деген элдик формула акылмандыкты, өзүн-өзү көзөмөлдөөнү жана коом алдындагы жоопкерчиликти айкалыштырган инсандык идеалды чагылдырат.

Тил менен адеп-нарктын ажырагыс байланышы дүйнөлүк ойчулдардын эмгектеринде да өзгөчө белгиленген. Пифагор элдин адеп ахлагын анын тили аркылуу таанууну сунуштаса, Махмуд Кашгари «Адеп башы — тил» деген формуланы түрк дүйнөсүнүн руханий концепциясы катары негиздеген.

Бала руханий күчтү эне тилинен өз элинин сөз казынасынын жандуу булактарынан алат. Ошондуктан педагогика илиминин пайдубалын түптөшкөн аалымдардын дээрлик баары эне тилде окутууну туура тарбиялоонун негизги принциби катары карашкан. Педагогика илиминин Я. А. Коменский эне тилди элдик акылмандыктын, адептик нормалардын жана маданий салттардын алып жүрүүчүсү катары карап бардык билимдерди эне тилде өздөштүрүүнүн пансофиялык окуусун негиздеген. Орус элинин улуу педагогу К. Д. Ушинскийдин пикиринде, эне тилде элдин «бүт руханий күчү» топтолгон: анын дүйнөтаанымы, мүнөзү жана улуттук өзгөчөлүгү дал ушул тил аркылуу жашап, муундан муунга өтөт. Ошондуктан ал эне тилди «элдин улуу насыятчысы» деп атап, «баарынан күчтүү тарбиячы — бул эне тил» деген тыянакка келген. Демек, эне тил — элдин тарыхый тажрыйбасын, адеп-нарктык баалуулуктарын жана руханий багытын сактаган фундаменталдуу уңгусу. Улуттук нарк менен баалуулуктар алгач сөз формасында жаралып, тил аркылуу жашап, өнүгөт.

Эне тилдин руханий казынасында адеп-нарк менен жашоонун түпкү уңгусу, коомдук тажрыйбанын уюткусу топтолуп, улуттун руханий мурасы катары муундан муунга өткөрүлөт. Бул жагынан алганда, эне тил жөн гана байланыш каражаты болбостон, элдин тарыхын, дүйнө таанымын, акыл-ой тажрыйбасын, нарк-насилин жана болмушун камтыган өзгөчө руханий код болуп саналат.

Демек, улуттук наркка тарбиялоо процесси эне тилсиз, өзгөчө мектептеги эне тил сабактарынан тышкары ишке ашуусу мүмкүн эмес.

Абалыбыз кандай?

Бүгүнкү күндө кыргыз тили сабактары, анын ичинде 2-класстан 11-класска чейин аптасына орто эсеп менен эки сааттан окутулуп келет. Бирок, айрым жетишкендиктер менен бирдикте эне тилди окутууда грамматикалык формализмге көбүрөөк көңүл бурулуп, тилдин тарбиялык жана руханий мүмкүнчүлүктөрү экинчи планга жылып калган учурлар арбын. Натыйжада айрым окуучулар эрежелерди билгени менен, ойду так, көркөм жана адептүү жеткирүүдө кыйынчылыкка туш болушат. Бул көрүнүш эне тил сабактары өзүнүн түпкү функцияларын толук аткара албай келе жаткандыгынын таасын көрүнүшү. Окуучулардын билимин баалоодо да илимий грамматикалык маалыматтарга артыкчылык берилип кеп маданияты, сүйлөө жана жазуу көндүмдөрү көңүлгө алынбай көмүскөдө калып келет. Бул көрүнүштү кеңири талдоого алган Ж. Чыманов, Т.Маразыков, С. Рысбаев, А. Токтомаметов сыяктуу тилчи педагогдор кыргыз тилин окутуунунун концепциясын кайрадан иштеп чыгуу зарылдыгын дамамат белгилеп келишет. Биздин оюбузча кыргыз тили сабактары аркылуу улуттук адеп наркка тарбиялоо төмөнкүдөй багыттарда атайын максаттуу ишке ашышы шарт.

Эне тил аркылуу улуттук адеп наркка тарбиялоонун айрым өңүттөрү. Эне тилин сүйүүгө тарбиялоо.

Бүгүн жаштар арасында эне тилинде сүйлөөдөн тартынып, аны турмуштук максат мүдөөлөрүнө жетүүгө алсыз деп өгөйлөгөндөр, чет тилде сүйлөп же башка тилди аралаштырып сүйлөп, аны азыркы цивилизациянын, маданияттуулуктун белгиси деген калпыс түшүнүккө жетеленгендер да арбын. Бул көрүнүштөрдүн тамыры кыргыз тилинин мүмкүнчүлүгүнө эмес, аны окутуу практикасындагы мүчүлүштүктөргө барып такалат. Ошондуктан эне тилге болгон сүйүүнү, сый-урматты жана жоопкерчиликти калыптандыруу кыргыз тили окуу предметтеринин жана аны окуткан мугалимдердин негизги милдеттеринин бири катары кабылданышы зарыл. Эне тилин сүйгөн бала гана аны терең өздөштүрүп, сактап жана өнүктүрө алат. Бирок эне тилге болгон сүйүү өзүнөн өзү пайда болбойт. Ал мугалимдин сөзүнө, сабактын мазмунуна жана окутуу ыкмасына түздөн-түз байланыштуу. Эгер сабак кургак эрежелерге, формалдуу тапшырмаларга гана негизделсе, тил окуучунун аң-сезиминде жашоо турмуш үчүн маани-маңызы азыраак предмет катары кабыл алына баштайт. Тилдин көркөмдүгү, руханий мааниси жана турмуштагы ролу ачылганда гана окуучунун тилге болгон ички кызыгуусу ойгонот. Экинчиден, эне тилге болгон сүйүүнүн тайыздыгы же көңүл коштукка сабактар гана айыптуу эмес. Буга байланыштуу бүгүн айрым расмий чөйрөлөрдө, социалдык тармактар, интернет айдыңында эне тил экинчи планга сүрүлүп калууда. Колдонулса да эне тилдин керемет мүмкүнчүлүктөрүн тайыздаткан эң примитивдүү үлгүлөрү колдонулуп келет. Ошону менен бирдикте кыргыз тилин мүмкүнчүлүгү чектелүү, «элет тили» катары аңдатууга аракет кылган тымызын күчтөрдүн таасири да жок эмес. Тилге болгон мамиле биринчи кезекте үйдөн башталат бирок, эне тилин улуттук инссандык башкы баалуулук катары эсептебеген үй бүлөлөр аз эмес. Балдар коом, эң биринчи ата энелер баалаган нерселерди өзгөчө баалап, сүйүшөт. Кыргыз тили сабактарында балдарды эне тилди сүйүүгө тарбиялоо үчүн коомдук турмушта эне тилге карата жогоркудай жагдайларды жаңылыштык, олуттуу өксүк катары ынандырып, ага келишпес мамилесин өнүктүрүүбүз абзел. Тилдин артында элдин тагдыры, дүйнөтаанымы, акылмандыгы турганын аңдабаган муун аны оңой эле четке какканга даяр болот.

 

Тил сабактарынын максаты — «сөз баккан» инсан.

 

«Сөз баккан» инсан кыргыз менталитетинде улуттук нарк-насилдин, руханий маданияттын жана акыл-парасаттуулуктун эң жогорку идеалы катары бааланган. Салттуу коомдо ойду көркөм, макал-лакапка жуурулуштуруп жеткире алган, сөз аркылуу акыл менен рухтун кемтигин толуктап сүйлөгөн «оозунда сөзү бар» адамдар эл тарабынан парасаттуу, билерман, даанышман катары кабыл алынган.

Кыргыздын салттык турмушунда сөз жөн гана билдирүү каражаты эмес, социалдык баалоонун, тарбиялоонун жана руханий жетекчиликтин куралы болгон. Макалдаштырып сүйлөө, ойду таамай айтуу жана угуучунун көңүлүнө жеткирүү «акылы тунук» инсандын негизги белгиси катары эсептелген. Демек, сөз маданияты инсандык жетилүүнүн көрсөткүчү болгон. Бирок бүгүн 11 жыл бою кыргыз тилин окуган айрым окуучулардын 11 макалдын маанисин чечмелеп берүү тургай, алардын өзүн санап айтып берүүдө да кыйналышы билим берүү мазмуну менен анын натыйжасынын ортосундагы олуттуу ажырымды көрсөтөт. Бул жагдай кыргыз тилин окутууда тилдин жандуу, көркөм жана тарбиялык мүмкүнчүлүктөрүнө жетиштүү көңүл бурулбай жатканын айгинелейт. Ушуга байланыштуу, учурдагы окутуу практикасы келечек муундардын арасында сөзгө сөлтүк, кепке кемтик инсандардын көбөйүшүнө шарт түзүп жатпайбы деген суроо жаралат.

Сөздүн маани-маңызын чечмелей билүүгө үйрөтүү

Бүгүн улуттук руханий дүйнөгө байланыштуу сөздөрдүн, макал, фразеологизмдердин маани-маңызын жеткилең чечмелеп бере алган жаштар өтө сейрек. Бул га байланыштуу тилди окутууда өзгөчө маанилүү. Анткени, элдик түшүнүктөр, салттуу баалуулуктар, улуттук руханий коддор сөз түрүндө жашаганы менен маани-маңызын адептик парасатсыз аңдоо кыйын. С.Рысбаев адилет белгилегендей “Сүйлөп жатканы эле болбосо, бардык адам эле сөз биле бербейт”. Мисал катары кыргыз тилиндеги «ак» жана «кара» лексемаларын алсак, алар жөн гана түстү билдирбестен, жакшылык менен жамандыкты туюнткан адептик категориялардын символдук көрүнүшү катары кеңири колдонулат. Кыргыз элинин дүйнөтаанымында «ак» сөзү оң маанидеги нравалык түшүнүктөрдүн белгиси болуп, «ак эмгек», «ак ниет», «ак жүрөк», «ак жолтой», «ак нике», «ак той», «ак көңүл», «акка баш ийүү» сыяктуу туруктуу сөз айкалыштарында чагылышат. Ошол эле учурда «ак чачуу», «ак кийгизүү» өңдүү ырым-жырымдар элдик маданиятта жакшылыкты, берекени жана тазалыкты ыроологон символдук иш-аракеттер катары бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген. Ал эми «кара» эпитети көп учурда терс маанидеги адептик түшүнүктөрдү билдирип, жамандыктын, ниеттин бузулушунун символу катары колдонулат. Мисалы, «кара ниет», «кара мүртөз», «кара санады», «ичи кара», «жүзү кара» сыяктуу туруктуу сөз айкалыштары аркылуу эл жаман ой-ниетти, моралдык кемчиликти жана коом тарабынан кабыл алынбаган жүрүм-турумду мүнөздөгөн. Демек, этнолингвистикалык талдоо аркылуу сөздөрдүн терең катмардагы адеп-нарктык маанисин ачып берүү кыргыз тили сабактарын тарбиялык мазмун менен байытып, улуттук баалуулуктарды окуучулардын аң-сезимине табигый жол менен сиңирүүгө мүмкүндүк түзөт.

Сүйлөшүү адебине тарбиялоо

Нукура элдик адеп-наркка таянган сүйлөө маданиятына тарбиялоо кыргыз тилин окутуунун маанилүү тарбиялык багыттарынын бири болууга тийиш. «Адеп башы тил” деген макал сөз жөн гана маалымат жеткирүү каражаты эмес, адеп-нарктык көрсөткүч, акт деген ойду туюнтат. Бул макал адамдын сүйлөгөн сөзү анын жеке маданиятынын гана эмес, бүтүндөй элдин маданий деңгээлинин көрсөткүчү экенин билдирет. Башкача айтканда, ар бир адамдын кеби — анын инсандык жүзү, абийири. Нарктуу кеп гана инсандык нарктуулукту калыптандырып, адамдын ички маданиятын, адептүүлүгүн жана коом алдындагы жоопкерчилигин айкындайт. Ошондуктан окуучулардын аң-сезиминде тилди үйрөнүү — бул адеп-салтка, жүрүм-турум маданиятына үйрөнүү деген түшүнүк бекем орун алышы зарыл.

Т.Маразыков белгилегендей, макал-лакаптарда нарктуу сүйлөөнүн негизги эрежелери, сөз маданиятынын чен-өлчөмдөрү толук камтылган. Элдик акылмандыкта ойду этият айтуу, сөздүн таасирин алдын ала баамдоо жана жоопкерчилик менен сүйлөө зарылдыгы ар дайым эскертилет. Маселен, «Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө» деген накыл сөз сүйлөөнүн аң-сезимдүү мүнөзүн талап кылса, «Кылычынан кан тамганды, тилинен бал тамган жеңиптир» деген ой сөздүн күчү физикалык күчтөн да жогору турарын тастыктайт. Ошол эле учурда элдик макалдарда сөздүн терс кесепеттери да эскертилет. «Сүйгүзгөн да тил, күйгүзгөн да тил», «Сөөксүз тил сөөктү сындырат» деген сыяктуу түшүнүктөр сөз аркылуу адамды руханий жактан көтөрүүгө да, моралдык жактан жаралоого да болорун айгинелейт. «Тууган катары кучакташтырган — тил, душман катары бычакташтырган — тил» деген макал сөздүн коомдук мамилелердеги чечүүчү ролун таасын көрсөтөт. Ал эми «Сууну көп кечсе чалчык болот, сөздү көп сүйлөсө тантык болот» деген элдик насаат сүйлөөнүн ченемдүүлүгүн, өлчөмүн сактоонун маанисин баса белгилейт. адабий тилди, маданияттуу сүйлөөнү талап кылып, орой, кемсинткен сөздөрдү колдонбоону камтыйт. Сүйлөшүү адеби сөздү баарлашууда сылыктык сезимди өтүнүч мааниде билдирүү, орой сөздү оозго албоо, маектештин сөзүн бөлбөө, башкалардын сүйлөшүүсүнө кийлигишпөөдөн көрүнөт. Буга байланыштуу учурашуу маданиятын сүйлөшүү адебинин башаты, алгачкы эшиги болуп саналат. Кыргыз салттуу дүйнөтаанымында баланын сөз маданияты анын адеп-нарктык деңгээлин аныктоочу негизги белги катары каралган. «Ушул баланын саламы ордунда» деген элдик баа сөздү туура колдонуу менен адептүүлүктүн ортосундагы түз байланышты айкын көрсөтөт. Бул түшүнүктө саламдашуу жөн гана формалдуу аракет эмес, инсандын ички маданиятынын, тарбиясынын уңгусу катары кабыл алынган. Бирок бүгүнкү күндө эне тилдеги саламдашуу формаларынын маанисин жана адептик дараметин толук аңдай албаган учурлар көбөйүп жатканын байкоого болот. Айрым окуучулар «Арыбаңыз», «Бар бол» сыяктуу сөздөрдүн тарыхый-маанилик өзөгүн түшүнбөстөн, аларды пассивдүү же чектелүү колдонушат. Ошол эле учурда күнүмдүк баарлашууда «привет» сыяктуу чет тилдик сөздөрдүн кеңири жайылышы улуттук сүйлөө маданиятынын көмүскөдө калышына алып келүүдө. Кээ бир учурларда жаштар арасында италия тилинен алынган «чао» сөзүнүн да саламдашуу формасы катары колдонулушу байкалат. Мындан тышкары, эне тилдеги саламдашуу формаларынын интонациялык жана маани жагынан туура колдонулбагандыгы да көйгөй жаратууда. Маселен, «Саламатсызбы» деген каалоо-маанидеги сөз айкашы айрым учурларда «Саламатсыз?» деген суроо формасында колдонулушу инсандар арасындагы сый ызааттуулуктун даражасын төмөндөтүп койот. Бул көрүнүш тилдик форманы гана эмес, анын этикалык жана маданий мазмунун да аңдап колдонуу зарылдыгын көрсөтөт.

Жыйынтыктап айтканда, улуттук наркка тарбиялоо тил сабактарынан башталат. Эне тил — бул эрежелер жыйындысы эмес, элдин руханий эс тутуму, адеп-ахлактык кодекси жана маданий уңгусу. Эгер эне тил сабактары сөздүн маани-маңызын ачууга, кеп маданиятын калыптандырууга, «сөз баккан» инсанды тарбиялоого багытталса, тил жаш муун үчүн өгөй эмес, сыймыкка айланат. Тилди сактоо — сабак санын көбөйтүү менен эмес, анын тарбиялык потенциалын ачуу аркылуу жүзөгө ашат.

 

Акматали АЛИМБЕКОВ,

Кыргыз-түрк «Манас» университетинин

педагогика кафедрасынын профессору,

педагогика илимдеринин доктору

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер