АДАБИЯТ БАР БОЛСУН ДЕСЕК

  • 25.05.2026
  • 0

АДАБИЯТ БАР БОЛСУН ДЕСЕКПапан Дүйшөнбаев

Академик А.Эркебаевдин «Бар бол адабият» китебинен жаралган ойлор

Адабиятка ар кандай курактарда, ар кандай убактарда, ар кандай жолдор менен келишет; көбү ырларды, журналисттик материалдарды жазып жүрүп, анан кара сөзгө, сынга өтүп, бир топто барып таанылышат. Кыргыз жазуучу, адабиятчылары үчүн чыгармачылыктарын ырлардан баштоо, белгилүү деңгээлде нормага айланган десе да болот. Алсак, улуттук адабияттаануунун корифейи Кеңешбек Асаналиев диссертация жазаардан мурда ырлар  жыйнагын даярдаса, анысы өмүр баянындагы ыңгайсыз фактыдан  улам чыкпай калган(1:72). Салижан Жигитов,Камбаралы Бобулов, Качкынбай Артыкбаев, Омор Сооронов, Сүйөркул Тургунбаев  сыяктуу ж.б. сынчылардын  чыгармачылыктарында  поэзия чоң орунду ээлеген.

Абдыганы Эркебаев үйрөнчүк ырларга убактысын кетирбеди, журналистикага кылчайбады. Жыйырмадан жаңы ашкан убагында эле адабияттаанууга метеордой атырылып кирди. Өзү китебинин баш сөзүндө эскергендей, экинчи курста адабий-сын макалалары, рецензиялары республикалык гана эмес, Москвадагы абройлуу журналдарга да жарыяланып, адабий чөйрөдөгүлөргө тез эле таанылды.  Үчүнчү курста окуп жүргөндө  ошол убактагы улуттук адабий сындын көч баштоочуларынын бири делген  институттун директорун бир макала менен талкалап, республикага дүң болду. Ал кезде  төмөнкү курстарда  окуган биз үчүн А.Эркебаев идеал эле, сыртынан көрүп, анда-санда учурашканыбызга сыймыктанчубуз.

Көз карандысыздыктан кийин адабиятчынын мансабы эң бийиктерге жетти, андан кийинкиси деле жаман болбоду, бирок кайсыл учурда болбосун “көз ачып көргөн…” дегидей, балалык кезден башталган түбөлүктүү акжолтой сүйүүсү -адабияттын “тарыхына, ал- абалына жана келечегине кызыгуусу өчпөй” тескерисинче, күчөп гана келе жатат. Ага далил катары 2000-жылдардан кийин жарыяланган китептеринин адабиятка тиешелүүүлөрүн көрсөтүүүгө болот (2). Ал убакта академик мамлекеттик эң жогорку кызматтарды ээлеп турган, эки ирет спикер болгон, 2010-жылдагы Ош окуялары боюнча эң абройлуу мамлекеттик комиссияны, Улуттук Илимдер Акалемиясын  да жетектеди. Ал 70 жылдык мааракесин утурлап 7 эмгегин жарыялаган, бирок алардын көбү саясатка, Кыргызстандын  көз карандысыздыктан кийинки тарыхынын урунттуу учурларына арналган. Биздин оюбузча, А.Эркебаевдин адабият жаатындагы жаңы мезгилдеги эң урунттуу эмгеги “Кыргыз адабиятынын аз изилденген барактары” деген көлөмдүү илимий монографиясы болуп саналат. Анда  бирдиктүү түзүм, башынан аягына чейин кызыл сызык менен өткөн бирдиктүү идея жана логика бар. Монографияда  кыргыз элинин элдик оозеки чыгармачылыгынан тартып, алардын тарыхый өнүгүшүн жана жанрдык бөлүнүшүн, түрк тектүү элдер үчүн ортолук болгон Кул-Тегиндин кичи жана чоң жазууларын, Кашкарлык Махмуд менен Жусуп Баласагындын, Ахмат Яссавинин, Сулайман Бакырганинин, М.Салихтин, З.Бабырдын, М.Хайдардын, кыргыз менен казакка бирдей Асан кайгынын, кыргызга гана тиешелүү Кет Буканын  мурастарын, азерилер менен түркмөндөрдө кеңири таралган “Коркут ата” китебин, элдик акындар, ХIII кылымдан берки жана ХХ кылымдын башталышында тыюу салынган ойчул акындардын, 1920-1930-жылдарда репрессияланган акын, жазуучулардын жана алгачкы сынчылардын чыгармалары изилденет.

Мында кыстара кетчү нерсе, Ж.Баласагындын “Кутадги билигин”  “Кут билим” эмес, “Кут берчү бийлик” деп которушканын да жолуктуруп калабыз ( Ж.Жаманкулов, Н.Токтоматов). Чындыгында эле Ж.Баласагындын эки сап ырлардан турган китебинде негизинен бийлик,  анын ыкмалары, формалары, элге, мамлекетке  тийгизген таасирлери жөнүндө айтылат. Бирок, кайсынысы туура экендигин ырастоо же тануу биздин милдетке кирбейт. Ал эми З.Бабыр өзбектерге кандай деңгээлде тийиштүү болсо, кыргыздарга деле ошондой деңгээлде таандык инсан. Ал кыргыздар менен согушкан эмес,  шейбаниддерге (азыркы өзбектер) каршы согушуп жүрүп, алар өлтүрөрдө Ооганстанга, ал жактан Индияга качкан. Анын “Бабыр наамесиндеги” ысымдардын 20 пайыздайын (мүмкүн, андан да көбүн) кыргыздарга, кыпчактарга таандык аттар түзөт. Улуу муундагыларыбыз убагында кыймыл-дашпагандан улам гана Бабырды биротоло тең ортолук кыла албай калдык.  Булар  ыгы келгенде айтылып кетти.

Сөзүбүздү улантсак, андан кийин да А.Эркебаев  кыргыз адабиятынын тарыхы, акын жазуучулары жөнүндө көп жазды. Аларда ал көрүнүктүү акын, жазуучулардын чыгармаларына пикирин билдирип, айрымдарынын бейнелерине штрихтерди да түздү. Акыркы убактарда мезгилдик басылмаларга жарыяланган көлөмдүү аналитикалык  макалаларынын бири- “Муундар жоголбойт, адабият өлбөйт” (3) деп аталат. Ал  автордун “Адабият дүйнөсүн аңтарып…” деген эки томдук жыйнагынын 1-китебине да кирген.

Адабият- алмустактан, же  хомо сапиенс менен бирге жаралган, маданияттын ыр, бий, пластикалык искусство сыяктуу түрлөрүндөй эле адамзат барда ар кандай акыбалдарда жашап, коомдук аң сезимге, эстетикага таасирин тийгизчү өнөр катары эсептелет. Айрым тоталитардык өлкөлөрдөгү ар кандай формалардагы бифуркацияларын эске албаганда, убагы келгенде аны менен бирге жок болчу көрүнүш. Аны акыркы ХХV кылымдан ашык  убакыт  ырастайт.

АДАБИЯТ БАР БОЛСУН ДЕСЕК

Академиктин макаласынын жазылууусуна журналист, акын Болот Таштаналиевдин азыркы калемгерлерди “Ындыны өчкөн “жоголгон муун” деп атаганы түрткү болуптур. “Жоголгон муун” деген түшүнүк 1930-жылдардын башталышында  америкалык жазуучу аял Гертруда Стайн Э.Хемингуэйдин замандаштарын “Все вы- потерянное поколение” деп атаганынан жаралып, өзүнчө эпитетке, идиомага айланган. Ал: силер Биринчи дүйнөлүк согуштун азап-тозокторун башыңардан өткөрдүңөр, эми өлгүчө ошонун комплекси менен гана жашайсыңар, эмнелерди жазбагыла ал аң сезимиңерде үстөмдүк кылып турат,-дегендей мааниде. Аны Э.Хемингуэй “Фиеста. И восходит солнце” деген, негизинен  Парижде чыгармачылдарга аралашып жүргөн күндөрүн баяндаган романына  эпиграф кылып алган (4:461). Эгерде ал логиканы улантса, экинчи дүйнөлүк согуштун азап-тозокторун, жоготууларын  баштарынан өткөргөндөрдү да “жоготулган муун” деш керек. Бирок, билишибизче, экинчи дүйнөлүк согушта жеңгендер түгүл, жеңилгендер деле өздөрүн андай деп аташкан жок. Мындан чыкты, аны тарых кескин өзгөрүп, эл оор кыйынчылыктарга учураганда айрым сезимтал сүрөткерлердин (мас.Стефан Цвейг), ойчулдардын жан дүйнөлөрүндө жаралган психологиялык дистрофиялык көрүнүш деген туура болот.

А.Эркебаев Б.Таштаналиевдин “жоголгон муун” деген риторикасына көлөмдүү макала менен жооп бергенине караганда, андай күдүк ой кандайдыр бир деңгээлде  анын да көңүлүн өйүп жүрсө керек. Чындыгында улуттук адабияттын гүлдөгөн мезгилин көрүп, анын аркасы менен  агарып-көгөрүп, жалпы элге таанылган тармактын азыркы абалына анын чындап жаны кейиши мыйзам ченемдүү көрүнүш. Аталган макаласында ал С.Раев, Б.Назаралиев, А.Койчиев сыяктуу жазуучулардын бир катар чыгармаларын талдап, көбүнө экскурс жасап келип, “Демек, уучубуз куру эместей, адабий эстафета улана берчүдөй…адабияттын отун өчүрбөгөн, учугун улаган башка, жаңы муундар, жаркын таланттар бар. Кыргыз барда адабият өлбөйт, муундар жоголбойт, ал шартка, заманга ыңгайлашып жашай берет” (3:421) деген оптимисттик жыйынтык чыгарган.

Биз да андай оптимизмге кошулгубуз келет, бирок адабият акырындап мурдагыдай деңгээлине жетеби  же азыркыдай басмайылы үзүлгөн ээрдей артка жылмышып кете береби? Кептин баары ушунда турат.

Көркөм адабияттын коомдо  советтик мезгилдегидей кайра ордуна келүүсү ишке ашкыс нерсе. Ал убакта адабият мамлекеттик саясаттын, коммунисттик идеологиянын айрылгыс сегменттеринин бири катары каралып, ошондой деңгээлде көңүл бурулган, преференциялар берилген. Москвадагы улуттук азчылыктардын адабияттарына адистешкендер Союздук, автономдук ж.б. түзүмдөрдөгүлөрдун колго илинерлик, кээде эч нерсеге арзыбаган чыгармаларын которуп, журналдарга, “Советский писатель” басмасынан бастырууга, дурус деп эсептешкендерин “Радуга”, “Прогресс” басмалары, автордук укуктар боюнча агенттиктер аркылуу  чет тилдерге таркатууга ашыгышып турушкан. Ал алардын кызматтык милдеттеринен болгон. Ага бир мисал катары Т.Сыдыкбековдун “Биздин замандын кишилери” романы Кыргызстанда каралып, талкуулана электе жазуучулар союзунун эсебинен орус тилине которулуп, Москвада китеп кылып чыгарылып, ошол замат Салиндик сыйлыкка сунушталганын көрсөтүүгө болот. Автор өзүнүн негизги чыгармаларынын бири болгон романынын айланасындагы коллизияларды “Бел-Белес” эскерүү китебинин “Бетме-бет” деген бөлүгүндө чагылдырган (6:338-463). Азыр андай көрүнүш болорун элестетүүгө да мүмкүн эмес.

Адабиятты алга жылдыруучу негизги каражат, бул- адабий сын. Ооба, монографиялык фундаменталдуу эмгектер эмес, мезгилдик басылмаларга адабий процесстегилерди тынбай электен өткөрүп, саман-топондорун иргеп, жакшы-жамандарын ылгап,  дандарын алаканга салгандай көрсөтүп  рецензия, пикир, талдоо  ж.б. формаларда окурмандардын көңүлдөрүн буруп туруучу күндөлүк сындар. Сынсыз- адабий процесс каралбай калган аянттай, деңиздеги калактары жок кайыктай калкып калат. Ал эми каралбаган жерлерди биринчи кезекте чөп-чарлар, тикендер басары айтпаса да түшүнүктүү.

АДАБИЯТ БАР БОЛСУН ДЕСЕК

Адабий сындын көркөм ой жүгүртүү процессиндеги орду, жекече турмуштагы оң-терс жактары жөнүндө 1977-жылы “Сынчылыктын көп жактуу табияты” деген аналитикалык макаласын жазса, ал эки томдугунун 2-китебине кирген (5:88-98). Анда ал советтик маданияттын эң башкы теоретиги деп эсептелген А.Луначарскийдин көркөм сөз чеберлеринин жаратмандык иштерине салыштырганда адабий сынчылардын мууну кийин жаралып, драмадагы экинчи актыдай мурдагылардын жыйынтыктарын чыгарып, багыттарын аныктайт деген көз карашын келтирип, ошол убактагы А.Токтогулов, К.Даутов, К.Ботояров, К.Ибраимов, О.Ибраимов сыяктуу жаш сынчылардын жазгандарына саресеп жасап, улуттук адабияттаанууга сынчылар 1950-жылдардан кийин бир нече тилкеде (толкунда деген туура) киргенин айтат. Алгачкылары Б.Керимжанова, А.Салиев, Ш.Үмөталиев, К.Укаев К.Асаналиев,  кийинкилери К.Бобулов, С.Жигитов, К.Артыкбаев, Т.Аскаров. Андан кийин да ал сынчылык жөнүндө көп жазды, алардын баары бир салмактуу китептей болот. Бирок ал башка сөздүн темасы.

Биздин  оюбузча, автор өзү улуттук адабият-таануудагы үчүнчү толкундагы тилкеге кирет. Төртүнчү толкундагы сынчылардын алды жетимиштен ашты.  Бешинчи, алтынчы толкундагыларга кимдерди кошсо болот? Диссертацияларды жактап, монографияларды чыгарып жаткандар бар, бирок күндөлүк адабияттын көйгөйлөрүнө үзгүлтүксүз аралашып жаткандар жокко эсе. Же адабий сындын агымы токтоп калган.

Анткени, азыркы мезгилде сынчылык жазуучу-акындардыкынан да кайтарымсыз иш. Жөн эле орустар “мартышкин труд” деп атагандай нерсе десе да болот. Көркөм сөзгө аралашкандар китептерин ар кандай жолдор менен чыгарып,  сатып, ыңгайы келсе наамдарды, сыйлыктарды алышып, мааракелерин белгилеп турушат. Бирок, сынчылыкта андай мүмкүнчүлүктөр жок. Биринчиден, азыр жөн эле адабий сын-макалаларды үзбөй басып тургудай басылмалар жок. Экинчиден, сын макалалардын жыйнактарын дагы жаңы сындарды жазгандардан башкалар окушмак түгүл, карап да коюшпайт. Чет өлкөлөрдө колго алынарлык эки-үч көркөм китеп чыгаргандар турмуштук маселелерин биротоло чечип, үйлөрүндө отуруп алып каалагандарын жаза бергенге мүмкүнчүлүк алышса, сынчылар үчүн аларда деле андай шарт жок экен. Ошондуктан өнүккөн өлкөлөрдүн баардыгында адабиятчылар сынчылыкты биринчи кесиптерине айкалыштырып иштешет. Ал жөнүндө академик “Муундар жоголбойт, адабият өлбөйт” деген макаласында АКШлык М.Годуэлл деген адабиятчынын: “Америкада сынчылык кесиптен оокат да, атак да таба албайсың. Сынчылыкка түрткөн нерсе-бул кесипти сүйгөнүң, анын коомдук беделин  сыйлаганың” деген сөздөрүн келтирген (3:413).

Мына ушуларды эске алып, Болот Таштаналиев азыркы муундагы чыгармачылдарды жоготулган муунга теңеген деп ойлойбуз. Ырасын айтуу керек,ал ойдун белгилүү деңгээлде чындыгы бар.

Сөздү академиктин макалаларынан баштап, ретрореспективдүү саресептерди жасап, анан акыркы “Бар бол адабият” деген эмгегине басым жасаганы жатканыбыздын себеби,  аталган эмгек  белгилүү деңгээлде мурдагы ойлорунун, көз караштарынын, андан да маанилүүсү  акыркы жылдарда ар кандай эволюцияларга учурап келаткан пессимисттик маанайынын күзгүсү, квинтэссенциясы  болуп саналат. Эгерде автордун 1970-1990-жылдардагыдай маанайы жарык, сүйгөн кесибинин келечегине ишеними чоң болсо, китебине жогорудагыдай; бирде ишенсе, бирде ишене албай кеткен арсардык мазмундагы атты коймок эмес. Анын себептери эмнеде экенин жогоруда айттык, кайталоонун кажети жок.

“Албетте, баарын окуу, түгөл камтуу, баарына жетишүү мүмкүн эмес,- деп белгилейт А.Эркебаев өз эмгегинде азыркы адабий чыгармачылык процесси  жана китептин максаты жөнүндө. Антүүгө мүмкүнчүлүк да, убакыт да жок. Ошондуктан төмөндөгү саптар- илимий-академиялык же нукура сын мүнөздө эмес, көбүнчө жалпы баамды, учкай пикирлерди чагылткан көңүл саптары- ээсе сыягында” (6:8).

Баам пикир, көңүл саптары болсо да академиктин чакан китеби кыргыз адабиятынын көз карандысыздыктан кийинки эволюциясын, урунттуу көрүнүштөрүн толук камтууга аракеттенген алгачкы эмгек, ушул жагынан өзгөчө баалуу. Элестүү айтканда, А.Эркебаев 1970-жылдарда сынчылардын жаңы муунунун кош башчысы катары таанылса, ХХI кылымдын алгачкы чейрегинде көз карандысыздыктан кийинки адабиятты комплекстүү үйрөнүүгө чыйыр салды. Бул жагынан аны жаңы адабияттаануунун революционери десе да болот. ЖОЖдордогу адабиятка адистешкендер аталган мезгилдеги адабиятыбыз жөнүндө лекция окуганда такай пайдаланчу булак. Же даяр конспекти. Эмгек жөнүндө пикирибизди “Адабият кандай багыттарда өнүгүшү керек?” деген көлөмдүү макалабызда кыскача билдирип, улуттук адабияттаануудагы энциклопедиялык  тактама, аны кыйгап өтүп кеткенге мүмкүн эмес, титандык эмгек дегендей бааларыбызды бергенбиз. Аларды бул жерде кайталабайбыз, болгону  дагы бир жолу ырастайбыз. Мында белгилей кетчү нерсе,  эмгек чакан болгону менен 150дөн ашык автордун  чыгармаларына саресеп салынат. Ал үчүн канча убакыт, канча эмгек талап кылынары айтпаса да түшүнүктүү.

Автор китебинин башталышында доор өзгөрүп, жаңыча шарттар жаралганын Ч.Айтматов менен С.Жигитовдон башкалар байкабай калышканын, андан улам акын-жазуучулар көп нерселеринен ажырашканын белгилеп, анан колдо болгонуна шүгүрчүлүк дегендей, көз карандысыздыктан берки адабиятты: 1. Аксакалдар 80-90го чыккандар), 2.Биздин муун (Жетимишке жетеленгендер), 3 Бизден кийинкилер (Алтымыштан ашкандар), 4. Эр ортону элүүдөгүлөр, 5. Азат жаштар адабияты, 6.Драматургия, 7. Адабият таануу жана сын, 8.Романдар жана “романдар” деген тилкелерге бөлүп карап, тыянагын чыгарган.

Эмгек монография же илимий фундаменталдуу басылма эмес, ал тууралуу автор өзү айткан, эмгек- азыркы адабиятыбыздын абалы менен адистерди, окурмандарды жалпысынан тааныштырып, кыска мүнөздөмө берген очерктик китеп болуп саналат. Ошондуктан ага академиялык илимийлүүктүн, монографиялык тактыктын, ретрореспективалык масштабдын талаптарын койгонго болбойт. Автор китептин акыркы “Чыгарар тыянактар кайсылар?” деген бабында Б.Таштаналиевдин 2019-жылы “Кыргыз туусуна” жарыяланган  “Жоголгон муун” деген макаласын дагы бир ирет эскерип, “Андан бери да газетага маанайы пас, ындыны өчкөн үмүтү үзүлгөн макалалар жарыяланууда.Андайларга Турусбек Мадылбайдын “Бизде жазуучулар көп, бирок адабият жок”(2024-жылдын 24-ноябры), Айтбек Төлөнбаевдин «Авторлор көп-акын аз, жазгандар көп-жазуучу аз” (2025-жылдын 4-февралы) аталган макалаларын мисал иретинде көрсөтсөк болот” (6:104) деп келип, “Нобель сыйлыгынан баш тарткан (ушунун өзү өрнөк эмеспи) Ж.П.Сартр “Адабият деген  эмне” деген эмгегинде 3 суроо коёт: Жазуучу деген эмне? Адамдар эмне себептен жазышат? Адамдар кимдер үчүн жазат?

Биздин оюбузча, учурдагы чыныгы кыргыз акын, жазуучулары, сынчылары бул суроолордун төркүнүн жакшы билет. Ошон үчүн алар адабиятты айрымдар айткандай, өлтүрбөстөн, ар кандай кыйынчылыктарга карабай өстүрүп, өркүндөтүп келе жатышат. Бар бол адабият! (6:108) деген жыйынтык чыгарат.

Академиктин мындай оптимисттик тондо жыйынтыктаганы жакшы, бирок ага өзү толук ишенеби? Байкашыбызча, ишенбейт. Ишенсе, Б.Таштаналиевдин пессимисттик мүнөздөгү полемикалык макаласын кайра -кайра эстей бермек эмес. Адабиятты жан оту менен сүйүп, ага баш оту менен берилгендиктен гана айтып жаткансыйт.

Эски Инжилдеби же Екклезиастабы, айтор, бир ыйык китепте, “Тозокко бараткан жолдун эки тарабы да жакшы каалоо-тилектерге толтура” деген сөз бар. Адабиятты азыркыдай башаламандыктан чыгаруу үчүн каалоо-тилектер аздык кылат. Биринчи кезекте ылайыктуу так механизмдери түзүлүп, конкреттүү каржылык,саясый чечимдер кабыл алынышы шарт. Эгерде аракет болсо, турмушта эбак ырасталгандай, мүмкүн эместерди да ишке ашырса болот. Г.К.Жуков эскерүүлөрүндө И.Сталин өзүнүн ашкере талап коючулугу, саясый инсандык эрки менен мүмкүн болбой тургандарды деле ишке ашырып жиберчү деген. Конкреттүү иш- аракеттер болбосо, мүмкүнчүлүктөгүлөр деле ишке ашпай каларын көрүп эле жүрөбүз. Ошондуктан ардактуу академигибиз баштап адабиятты сүйгөндөр реалдуу иш-аракеттерге негизделген сунуштар менен чыгышпаса, жакшы каалоо тилектер аздык кылат. Орустар “ …а воз, и ныне там”, кыргыздар “эки коон, бир дарбыз…” дешкендей болуп кала берет. Бул максатта адабиятты сүйүүчүлөрдүн клубу же уюму уюштурулуп, алар да аракет кылышса, чыныгы китепти сүйүүчүлөр четте калышмак эмес. Аны КДКнын алгачкы баштоочуларынын бири катары Абдыганы агабыз жакшы билет.

А.Эркебаев айткан “Нускадагы” Анара эжеге биз да тез-тез барып турабыз. Кээде бирөөлөр менен айтышып, чатакташып отурганда да жолуктурабыз. Себебин сурасаңыз: “бул мындан 15-20 жыл мурда тигинче китебин апкелди эле, ондон бири да өтпөдү. Анан мен аларды атайылап сатпай жаткансып, мага нааразы болууда” деп калат. Кызыксаңыз: алар эл акындарынын….чыгармалары экенин көрөсүз. Кыргыз китептерин сатууну уюштурууну “Уңгу жолдо” баратканда мамлекеттен бир тыйын албаган сексенге чамалаган айымга  жүктөп коюу бери дегенде эле уят. Маданият министрлиги да жергиликтүү бийликтегилер менен бирге букинисттик бөлүмдөрү менен китеп дүкөндөрүн ачууну уюштуруусу зарыл. Менчик дүкөндөгүлөр негизинен диний темадагы китептерди сатышат. Саясаттарына ылайык келбегендерди өтүп жатса да текчелеринпен алдыртып салышат. Аны да баштан өткөргөнбүз.

Анан чоң ийгиликтерге жетишкендерди көздөрү барларында эле адекваттуу баалоого үйрөнүү зарыл. Мидиндин чыгармаларындай кылып обьективдүү баа берүүнү кийинкилерге калтыра бербөө керек. Азыркылардан Шайлообек Дүйшеевди баардык параметрлер боюнча улуу акын деген жаңылбайт.Анын тандалма лирикалары дүйнөдөгү улуу акындардыкынан калышпайт. Аман Токтогулов, Салижан Жигитов, Тургунбай Эргешовдун мыкты ырларында да улуулуктун көрүнүштөрү бар. Өмүрбек Тиллебаев,Нуралы Капаров, Темиралы Кунаш да сейрек кездешчү көрүнүштөрдөн. Анда эмнеге алар ачык айтылбай, адекваттуу бааланбай жатат?

Бул иштерде адабияттаануу боюнча чоң аброю, таанымал  саясатчы жана масштабдуу мамлекеттик ишмер болуп келген, өзүнүн дайыма тазалыгы, калыстыгы менен айрымаланган Абдыганы Эркебаевич туу башы болуп бериши керек деп ойлойбуз.

Сөздөн  ишке өтмөйүнчө  “эки коон, бир дарбыз…” кылымдын аягына чейин уланып кете берет.

АДАБИЯТТАР

1.Асаналиев К.,  Адабий айкаш. Эскерме баян. Б. “Кутаалам”, 2013.-312 б.

2.Эркебаев А., Өзүңдү эмес, өлкөнү ойло. Соңку он жылдагы макалалар. Б. “Азат-Свобода”, 2016.- 456 б. Эркебаев А., Кыргыз адабиятынын аз изилденген барактары. Б. Учкун, 2004.- 254 б. Эркебаев А., Татаал тагдыр, таза жол: Тандалган макалалар, жыйындарда сүйлөнгөн сөздөр-маектешүүлөр. Б. 2004.- 480 б. Адабият дүйнөсүн аңтарып…(Адабият, тил жана сын).Биринчи китеп.  Б. “Улуу тоолор”, 2023.-424 б., Экинчи китеп.  2023.- 300 б.

  1. Эркебаев А., Муундар жоголбойт, адабият өлбөйт. Кит: Адабият дүйнөсүн аңтарып…. (Адабият тил жана сын). Биринчи китеп. Б. “Улуу тоолор”, 2023.-424 б.
  2. Хемингуэй Э., Фиеаста. И восходит солнце. Собр. Соч. В четырех томах. Т.1. М.  “Художественная литература”, 1981.-672 с.
  3. Эркебаев А., Сынчылыктын көп жактуу табияты. Кит: Адабият дүйнөсүн аңтарып…: 2-китеп.Адабий портереттер. Тил. Сын жана сынчылар Түз.-Б: “Улуу тоолор, 2023.- 300 б.
  4. Эркебаев А., Бар бол адабият. Эгемендик мезгилиндеги кыргыз адабиятына кыскача сереп. Б. “Proffart”, 2025.-110 б.
Бөлүшүү

Комментарийлер