№ 37 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИ: КЕСИП БИЛИМ — КЕЛЕЧЕКТүү ЖОЛ

  • 27.11.2026

Сапаттуу билим, практикалык тажрыйба жана эмгек рыногуна керектүү адистерди даярдоо бүгүнкү кесиптик билим берүүнүн башкы милдеттери.  

Кесипке багыт берген билим уясы

Азыркы мезгилде эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү, өз кесибин мыкты билген жана практикалык көндүмдөргө ээ адистерге болгон талап өсүүдө. Мындай шартта кесиптик билим берүү мекемелеринин коомдогу орду өзгөчө. Алар жаштарга кесип үйрөтүү менен гана чектелбестен, алардын өз алдынча эмгектенүүсүнө, турмуштан өз ордун табуусуна жана өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошушуна өбөлгө түзөт. Ушул багытта иш алып барып келе жаткан билим берүү мекемелеринин бири — Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылында жайгашкан № 37 кесиптик лицейи.

Тарыхы терең, максаты бийик

Лицейдин тарыхы 1976-жылдын октябрь айынан башталат. Алгач айылдык кесиптик-техникалык окуу жайы катары түптөлүп, көп жылдык өнүгүү жолун басып өтүп, 1997-жылы кесиптик лицей макамын алган. Өткөн жылдар аралыгында лицей көптөгөн жаштарга кесиптик билим берип, эмгек жолуна багыт көрсөтүп келди. Бүгүнкү күндө да окуу жайы кесиптик билим берүүнүн мыкты салттарын улантуу менен бирге заманбап талаптарга ылайык өнүгүүгө умтулууда.

№ 37 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИ: КЕСИП БИЛИМ — КЕЛЕЧЕКТүү ЖОЛ

Эмгек рыногуна керектүү кесиптер

Бүгүнкү күндө № 37 кесиптик лицейинде эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон багыттар боюнча адистер даярдалат. Негизги билим берүү программаларынын катарына төмөнкүлөр кирет:

  • «Автотранспорт каражаттарын оңдоо боюнча слесарь, «В» категориясындагы автомобилдин айдоочусу» — 2 жыл;
  • «Ашпозчу, официант» — 2 жыл;
  • «Ашпозчу-кондитер» — 10 ай.

Мындан тышкары, келишимдик негизде үч айлык кыска мөөнөттүү кесиптик курстар уюштурулат. «Алар автомобилдерди оңдоо боюнча слесарь», «Ашпозчу» жана «Кондитер», “Электрогазширетүүчү» багыттарын камтыйт. Бул курстар кесип үйрөнүүнү каалаган жарандарга кыска убакыттын ичинде жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүүгө же мурдагы билимин өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Лицейде кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында дуалдык окутуу ыкмасына да көңүл бурулууда. «Ашпозчу-кондитер» кесиби боюнча окуучулар ОсОО «Куликов Кыргызстан» менен кызматташуунун алкагында теориялык билимди лицейден алып, практикалык көндүмдөрүн өндүрүш шартында бекемдөөгө мүмкүнчүлүк алышат. Мындай окутуу формасы окуучуларга кондитердик азыктарды даярдоонун технологиялык процесстери менен жакындан таанышууга, заманбап өндүрүш чөйрөсүндө иш тажрыйбасын топтоого жана келечектеги кесибине керектүү көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берет. Дуалдык окутуу билим берүү мекемеси менен иш берүүчүнүн байланышын чыңдап, эмгек рыногунун талабына жооп берген адистерди даярдоого өбөлгө түзөт.

№ 37 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИ: КЕСИП БИЛИМ — КЕЛЕЧЕКТүү ЖОЛ

 

Практикада бышкан адис

Лицейдеги окуу процессинин негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири-теория менен практиканын айкалышы. Окуучулар атайын кабинеттерде, лабораторияларда жана өндүрүштүк устаканаларда билим алып, өз кесибине тиешелүү иштерди аткарууну үйрөнүшөт. Өндүрүштүк практика учурунда алар ишканалардын чыныгы шарттары менен таанышып, кесиптик тажрыйба топтошот. Окуу жайы иш берүүчүлөр менен кызматташууга, өндүрүштүк практиканы уюштурууга жана бүтүрүүчүлөргө эмгек жолун баштоодо көмөк көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурат.

«Автотранспорт каражаттарын оңдоо боюнча слесарь» адистигинде билим алган окуучулар автомобилдин түзүлүшүн, техникалык тейлөө жана оңдоо иштерин, шаймандарды жана жабдууларды туура пайдаланууну өздөштүрүшөт. Ашпозчулук жана кондитердик багыттарда окугандар тамак-аш даярдоонун технологияларын, азык-түлүк коопсуздугун, санитардык-гигиеналык талаптарды жана тейлөө маданиятын үйрөнүшөт.

 

№ 37 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИ: КЕСИП БИЛИМ — КЕЛЕЧЕКТүү ЖОЛ

Окуу шарттары жана материалдык-техникалык база

Лицейдин үч кабаттуу окуу корпусунда окуу бөлмөлөрү, анын ичинде жалпы билим берүүчү жана атайын предметтик кабинеттер, лабораториялар жайгашкан, ошондой эле ширетүү, слесардык жана сантехникалык устаканалар бар. Билим берүү мекемесинде окуучулардын коопсуздугуна, практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана окуу шарттарын жакшыртууга көңүл бурулат.

№ 37 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИ: КЕСИП БИЛИМ — КЕЛЕЧЕКТүү ЖОЛ

Педагогикалык жамаат — ийгиликтин негизи

Ар бир билим берүү мекемесинин ийгилиги анын педагогикалык жамаатына байланыштуу. № 37 кесиптик лицейинин инженердик-педагогикалык кызматкерлери окуучуларга сапаттуу билим жана тарбия берүүгө, алардын кесиптик жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталган иштерди жүргүзүп келишет. Окутуучулар жана өндүрүштүк окутуунун устаттары теориялык билимди турмуштук жана өндүрүштүк тажрыйба менен айкалыштырып, окуучуларды жоопкерчиликтүү, эмгекчил жана өз ишин сүйгөн адис болууга тарбиялашат.

№ 37 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИ: КЕСИП БИЛИМ — КЕЛЕЧЕКТүү ЖОЛ

 

Келечекке ишенимдүү кадам

Бүгүн № 37 кесиптик лицейи кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, заманбап окутуу ыкмаларын колдонуу, иш берүүчүлөр менен байланышты бекемдөө жана эмгек рыногуна керектүү адистерди даярдоо багытында ишин улантууда. Лицейдин башкы максаты — жаштарга кесип гана үйрөтпөстөн, алардын келечекке болгон ишенимин бекемдөө, өз алдынча эмгектенүүгө жана коомго пайдалуу инсан болуп калыптанууга шарт түзүү.

№ 37 кесиптик лицейи — кесипке жол ачкан, келечекке багыт берген билим уясы!

 

Мундусбаева Майрамкүл, Аламүдүн районундагы № 37 кесиптик лицейинин директору

Бөлүшүү