12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕП: ЖАҢЫЛАНУУ ӨЗҮН АКТАЙБЫ?

  • 22.04.2025
  • 0

Улуттук жаңы модель: 100 суроо — жооп

12 жылдык мектепке өтүү процедурасы боюнча мугалимдерди түйшөлткөн, түшүнбөй жаткан суроолорго министрликтин, тиешелүү жетекчилердин жоопторун сунуштайбыз.

12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕП: ЖАҢЫЛАНУУ ӨЗҮН АКТАЙБЫ?

? 12 жылдыкка мектеп эле өтөбү, же жалпы билим берүү системасы жаңыланабы?

Билим берүүнүн трансформациясы бардык деңгээлдерди — балдар бакчасынан баштап жогорку билимге чейин камтыйт. Бул жөн гана мектептеги окууну узартуу эмес, билим берүү системасынын максаттарын, ыкмаларын, мазмунун жана структурасын комплекстүү түрдө өзгөртүү. Окуу программалары жана пландары жаңыланат — ашыкча жүктөлүүдөн жана кайталануудан баш тартылып, «жумшак жөндөмдөрдү» өнүктүрүүгө басым жасалат: коммуникация, сынчыл ой жүгүртүүлөр, топто иштөө, креативдүүлүк, компетенттүүлүк, окуучулардын субъектүүлүгүн түзүү.

  1. Мектепке чейинки билим берүү — эмнелер өзгөрөт?
  • Эрте өнүгүүгө басым жасоо: социалдык-эмоционалдык жөндөмдөргө, тилдик жана когнитивдик өнүгүүгө көбүрөөк көңүл бурулат.
  • Балдар бакчасына даярдыкты милдеттүү кылуу: мектепке чейинки дайындоону камсыздоо үчүн бир (же эки) даярдык жылы киргизилет.
  • Тарбиячыларга талаптар жогорулайт: жаңы стандарттар, окутуу жана сертификаттоо ишке киргизилет.
  • Окуу оюндар түрүндө: «күзөтүү» концепциясынан STEM, чыгармачылык, экологиялык элементтери бар билим берүү чөйрөсүнө өтүү.
  1. Мектептик билим берүү (башталгыч, орто жана жогорку мектеп) – эмне өзгөрөт?
  • 12 жылдык модель: 6 (башталгыч) + 3 (негизги) + 3 (жогорку).
  • Жогорку мектепти профилдештирүү: окуучулар багытты тандайт (техникалык, гуманитардык, медициналык жана башкалар).
  1. Кесиптик-техникалык билим берүү (профессионалдык лицейлер жана колледждер) – эмне өзгөрөт?
  • Дуалдык окутуу моделине өтүү: билим алуу менен катар ишканаларда практика өткөрүү.
  • Ийкемдүү жана модулдук программалар: эмгек рыногунун талаптарына тез жооп берүү үчүн.
  • Даярдоо деңгээлин жогорулатуу: 12 жылдык билим алгандар үчүн кесиптик билим берүүнү тереңдетүү мүмкүнчүлүгү.
  • Чыныгы сектор менен кызматташуу: биргелешкен программалар, лабораториялар, стажировкаларды түзүү.
  1. Жогорку билим берүү (жогорку окуу жайлары) – эмне өзгөрөт?

Негизги трансформациялар:

  • Модулдук жана ийкемдүү окуу структурасы: студент негизги курстарды өз алдынча тандай алат.
  • Кыска программаларды киргизүү (микроквалификациялар): мисалы, 3-6 айлык программалар, сертификат берүү менен.
  • Университет экосистема катары: бул билим берүү гана эмес, стартаптар, изилдөөлөр, эл аралык өнөктөштүктөр.
  • Интернационалдаштыруу: англис тилиндеги курстар, алмашуу программалары, башка өлкөлөрдө аккредитациялар.
  • Компетенттик чыгаруу моделдери: бүтүрүүчүнүн эмнени билгени эмес, эмне жасай алганы боюнча басым.

? 12 жылдык мектеп моделине көчүү мектеп окуучуларынын санынын кыйла көбөйүшүнө алып келет. Азыр ансыз да эл жыш жайгашкан Бишкек, Ош шаарларында окуучулар мектепке батпай жатат. Жетиштүү мектеп салбай туруп, жаңы моделге өтүү өзүн актайбы?

Статистика боюнча 10 жылдын ичинде мектептеги  балдардын саны дээрлик 500 миңге көбөйдү. Ага кошумча ички миграция жана урбанизация процессинин натыйжасында учурдагы шаар жериндеги мектептердеги балдардын саны нормадан көп. Ошол эле убакта соңку жылдары курулуп жаткан мектептердин, билим берүү мекемелеринин саны да кескин өстү. Билим берүү мекемелеринин курулуштары боюнча үч жылда 268 мектеп, 52 бала бакча салынды. Өткөн жылдан бери 190 мектепте жана 110 бала бакчада курулуштар кызуу жүрүүдө.

Эми шаарда аз сандагы балдар окуган мектеп менен ири мектептер оптималдаштырылууда. Учурдагы ички миграцияны эске алуу менен Чүй облусуна 46 мектеп, анын ичинен Бишкектин тегерегиндеги айылдарга  салынууга титулдук тизме кабыл алынды, а республика боюнча 200дүн тегерегиндеги мектептердин жаңы имараты курулат.

Республика боюнча 2394 мектепте 1 536633 окуучу билим алып жатат, бул 2023-жылга салыштырмалуу 45 миңден ашык балага көп,  2394 мектеп. Мугалимдердин саны да өсүүдө – мектепке чейинки билим берүү тармагында 9796дан 10426га чейин, мектептик билим берүү тармагында 89962ден 93531ге чейин өскөн.

? 12 жылдык мектеп моделине өтүүгө тийиштүү деңгээлде даярдык болгондо гана ийгиликтүү жүрөт эмеспи. Мектептер, мугалим, окуу китеп жетишпей жатканда, көп кыйынчылыкка кабылып, бул иш тескери натыйжа берип калбайбы?

— Окуучулар, ата-энелер жана мугалимдер кыйналып калбашы үчүн 12 жылдык билим берүүгө өтүү этап-этап менен жүзөгө ашырылат. Билим берүү министрлиги мектептик билим берүүнүн мамлекеттик жаңы стандартын иштеп чыкты, предметтик стандарттарды жана заманбап окутуу усулдарын иштеп чыгууда. Ошондой эле мектепте иштеп жаткан мугалимдердин баары кайра даярдоодон өтүп, заманбап окуу усулдарын өздөштүрүүдө. Мектептерге  заманбап технологияларды киргизүү дагы реформаны колдоо болуп саналат.

12 жылдык билим берүү системасына өтүү – бул жөн гана кезектеги реформа эмес, бул Кыргызстандагы билим берүү системасын масштабдуу жаңылоо, өзгөртүү.  Бул сапаттуу, атаандаштыкка жөндөмдүү билим берүү, ал жаштарды заманбап дүйнөлук эмгек рыногунун шартына даярдайт.

? Эгер мектептер жетишпей  калса, балдар кайсы жакта окуйт? Ата-энелерге эмнелерди билүү маанилүү?

— Мамлекет балдарды мектепке орнотуусуз калтырбайт. Мамлекеттин милдети – бардык балдарга билим алууга кепилдик берүү.

Жаңылануу этап-этап менен ишке ашырылат, ар бир аймактын муктаждыктарын эске алуу менен, окуучулар жана ата-энелер үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыздоо жана мүмкүн болгон кыйынчылыктарды минимумга түшүрүү.

Ата-энелерге алдын ала маалымат берилет, ошондуктан алар балдары кайда жана кандай шартта окуй турганын билишет.

12 жылдык окуу системасына өтүү — бул жөн гана «бир классты кошуу» эмес. Бул билим берүү системасын жана мектептин инфраструктурасын жаңылоого мүмкүнчүлүк түзүү.

Кыйынчылыктар болот. Бирок балдар үчүн дагы жакшыраак, заманбап жана жеткиликтүү мектептерди куруу – учурдун талабы.

Мамлекеттин максаты  —  бардык мектептерде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу. Ар бир бала мектептин статусуна карабастан, сапаттуу билим алуусу  керек.

? Быйыл 1-класстын балдары бала бакчанын имаратында окушса, орун жетиштүүбү? Бала бакчага барган балдардын абалы кандай болот?

— Балдар бакчаларында орундар жетиштүү болот. Балдар бакчасындагы бир класс билим берүү классындай уюштурулат, анда 1-класстын окуучулары өздөрүнүн сабактарын окуйт жана окуу аяктаган соң үйүнө кетет. Балдар бакчанын тарбиялануучулары күндөгүдөй эле тарбиячынын көзөмөлүндө болушат.

? Мындай өзгөрүүлөр ата-энелердин тынчсыздануусун жаратпай койбойт. Бала бакчада иш-аракеттер кандай нукта уюштурулат?

— 1-класстын окуучулары атайын даярдалган топтордо же балдар бакчасынын бөлмөлөрүндө окушат. Башталгыч мектептегидей эле бөлмөлөрдө керектүү шарттар түзүлөт: парта, такта, окуу материалдары. Тарбиячылар эмес, башталгыч класстын мугалимдери сабак өтөт. Башкача айтканда, бул жөн гана ойноо эмес, толук кандуу билим берүү — болгону балдар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз чөйрөдө окутуу оюн түрүндө жүргүзүлөт.

Балдардын жаш курагына ылайыктуу оюндар, сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүү, окуунун жана математиканын негиздери окутулат. Мындай ыкма төмөнкү нерселерди камсыз кылат:

  • балдарга балдар бакчасынан мектепке жумшак өтүүгө шарт түзүлөт;
  • эл жыш жайгашкан райондордо башталгыч мектептерге орун жетишпей жаткан маселени чечет;
  • бар имараттар менен ресурстарды жакшыраак пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.

? 12 жылдыкта кайсы предметтер кыскарат жана кайсы жаңы предметтер кирет?

— Бардык балдар12-классты аяктоого мажбурланбайт.  Трансформациянын максаты  — бүтүрүүчүлөргө кесиптик багыт берүү. 10-класстан баштап, балдар өздөрүнүн каалоосу боюнча тандап алган предметтерди тереңдетип окуйт.  Бул алардын тандап алган кесибине байланыштуу болот. Окутуу программаны эффективдүү кылуу үчүн кайталанган предметтер кыскартылат. Негизги көңүл табигый илимдерге багытталат, анткени Кыргызстан — тоолуу өлкө, суу ресурстарына бай. Андыктан ушул ресурстарды иштеп чыгууга жана жаңы технологияларды өздөштүрүүгө жөндөмдүү адистер керек.

?  Жазылган жаңы мамлекеттик, предметтик стандарттардын эскисинен эмнеси менен  айырмаланат?

Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы №131 Токтому менен бекитилген Жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын иштеп чыгууда дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбалары иликтенди. Тез өзгөргөн заман чакырыктары, өнүккөн технология, мектеп бүтүрүүчүлөрнүн дүйнөлүк атаандаштыкка туруктуу болуп тарбияланышы эске алынды. Өзгөчөлүктөрү:

  1. Мурункудан бир топ кыскарды. 2022-жылдагысы 32 бет болсо, азыр 13 бет.
  2. Термин сөздөр, мыйзамдык түшүнүктөр жеңилдетилип, жатык тил менен жазылды.
  3. Жалпы билим берүүнүн өзөгүн, орборун Баалуулуктар түздү. Бардык предметтер окуучуларга билим берүү менен кошо белгиленген баалуулуктарды үйрөтүшөт. Ал аркылуу билимдүү, мекенчил, акниет, адилеттүү, чынчыл, боорукер, жоопкерчиликтүү, эмгекчил, табиятка аяр мамиле жасаган инсан тарбияланып чыгуусу көздөлдү.
  4. Негизги компетенттүүлүктөр заман талабына ылайыкталып иштелип, 21-кылымдын көндүмдөрү, функционалдык сабаттуулук, жашыл көндүмдөр камтылды.
  5. 10-12-класстарда профилдик окутуу камтылат. Бул жогорку класста сабактар окуучунун жөндөм-шыгына, келчектеги кесибине багытталып окутулат дегендик.

Бүгүнкү күндүн чакырыктары — бул келечектеги адистерди даярдоо, күн энергиясын эффективдүү пайдалануу, туруктуу айыл чарба, коопсуз имараттарды куруу, адам өмүрүн узартууга багытталган илимий ачылыштар. Ошондуктан жаңы билим берүү стандарттарынын негизги багыты — жумшак көндүмдөрдү өнүктүрүү: өз ара байланыш түзүү, командада иштөө, жоопкерчилик алуу, өз көз карашыңды далилдей билүү, түшүнүү жана аң-сезимдүү болуу — мындан келечек калыптанат.

Кыргызстанда окуу материалдары жана окутуу методдору өтө эскирип калган. Окуучулар теорияны жаттап, бирок аны практикага колдонууда кыйынчылыкка учурап жатат. 11 жыл кыргыз, англис тилдерин же математика сабактарын окугандан кийин, көптөгөн бүтүрүүчүлөр ушул предметтер боюнча талап кылынган деңгээлге жете албай келатат. Заман менен атаандашууга жөндөмдүү болуу үчүн, колдонмо билимдер, ийкемдүү көндүмдөр, сындуу ой жүгүртүү жана санариптик сабаттуулук керек.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер