12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕП: БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН МУГАЛИМИ КАНДАЙ БОЛУШУ КЕРЕК?

  • 07.07.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги  ишке ашырып жаткан билим берүүнү трансформациялоо алкагында 12 жылдык билим берүү системасы киргизилгени маалым. Бул өзгөрүү мектептик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын, окуу программаларынын жана окуу китептеринин жаңыланышы менен гана чектелбестен, билим берүү процессинин негизги катышуучусу болгон мугалимдин да жаңыча ой жүгүртүүсүн жана кесиптик  өнүгүүсүн талап кылат. Айрыкча башталгыч класстын мугалимдерине жоопкерчилик жүктөлөт. Себеби биринчи класстын окуучусуна “А” тамгасын тааныткан мугалим баланын билимге болгон кызыгуусун, дүйнө таанымын жана келечектеги окуу жетишкендиктеринин пайдубалын түптөйт.  Ошондуктан 12 жылдык билим берүү системасынын шартында башталгыч класстын мугалими жаңыланууга ачык, чыгармачыл компетенттүү, заманбап билим берүү технологияларын өздөштүргөн жана окуучунун инсандык өнүгүүсүнө багыт бере алган педагог болушу зарыл. Мына ушундай мугалим гана жаңы билим берүү реформасынын максаттарын ишке ашырууга жана атаандаштыкка жөндөмдүү окуучуларды тарбиялоого салым кошо алат.

12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕП: БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН МУГАЛИМИ КАНДАЙ БОЛУШУ КЕРЕК?

12 жылдык система деген — бул окууну бир жылга узарттык деген гана эмес. Бул — балага кичинесинен эле өз алдынча ойлонууга, суроо берүүгө, практикалык нерселерди жасоого үйрөтүү деген сөз. Эми башталгыч класстын мугалими жөн гана китептен оку, доскага жаз деген мугалим болбойт. Ал — окуучулардын колдоочусу, багыт берүүчүсү болот. Ар бир балага өзүнчө мамиле жасап, ким эмнеге жөндөмдүү экенин көрүп, ошол тарапка өстүрүп, сабакты кызыктуу өтүү керек. Балдар менен оюн ойноп, сүрөт тартып, кол өнөрчүлүк жасап, долбоор иштеп үйрөтүү керек.

Башкача айтканда, бул иштердин негизги максаты — мектептеги окууну балдар үчүн жеңил, түшүнүктүү жана пайдалуу кылуу.

Окуу китептери менен сабактардын тартиби бузулбай, ар бири бирине байланышып турса, бала билимди бекем өздөштүрөт. Ошондой эле эл аралык билим берүү системаларынын  жакшы жактарын алып, биздин 12 жылдык системаны дагы жакшыртып, илимге негизделген кылып өнүктүрүшүбүз керек.

Эртеңки күндүн мугалими эмнеге даяр болуусу керек?

Бул суроо мектеп босогосун аттап жаткан ар бир жаш адис үчүн абдан маанилүү. Жаңы системада жакшы иштеп кетүү үчүн, эртеңки күндүн мугалими биринчи кезекте өзү дагы дайыма жаңы нерселерди үйрөнүүгө даяр болушу зарыл. Ал заманбап компьютердик программаларды, электрондук китептерди жана интерактивдүү оюндарды сабакта эркин колдоно билиши керек. Ошондой эле, мектепке жаңы келген алты жаштагы балдардын тилин таап, алардын психологиясын түшүнүп, баланы чоочутпай, сабакты кызыктуу оюн түрүндө өтүүгө даяр болушу керек.

Мындан сырткары, мектептик билим берүү стандартында белгиленген баалуулуктар (мекенчилдик, чынчылдык жана адилеттүүлүк, жоопкерчиликтүүлүк,  боорукердик жана жан тартуу, эмгекчилдик жана ак ниеттүүлүк, жаратылышка аяр мамиле жасоо, туруктуу өнүгүү принциптерин кармануу) жана эмоционалдык-инсандык, таанып-билүүчүлүк ишмердүүлүк, социалдык-коммуникативдик жана маалыматтык санариптик компененттүүлүктөр ар бир башталгыч класстын мугалиминде калыптанышы керек.

Бул дагы өтө маанилүү себеби өзүндө жок же жарым-жартылай калыптанып калган компетенттүүлүктү окуучуларда калыптандырыш кыйын. Кыскача айтканда, эртеңки күндүн мугалими жөн гана сабак өткөн адам эмес, ар бир баланын талантын ачкан чыныгы жол көрсөтүүчү мугалим болуш керек.

Уланбек МАМБЕТАКУНОВ,

Т. Эрматов атындагы БМПИнин директору

Акжолтой ӨЗГӨРҮШОВА,

Т. Эрматов атындагы БМПИнин бүтүрүүчүсү

Бөлүшүү

Комментарийлер