12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ — КЕЛЕЧЕГИБИЗ

  • 18.04.2025
  • 0

Аида Саргалдакова, мектеп директору

12 ЖЫЛДЫК  БИЛИМ - КЕЛЕЧЕГИБИЗ

Өткөн жылдарда “Жылдын мыкты мектеби” сынагынын жеңүүчүсү аталган 34 жылдык тарыхы бар Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы №4 орто мектебинин чыгармачылык жааматы “Атаандаштыкка туруштук бере ала турган замандагы кырдаалга ийкемдүү инсанды тарбиялоо” миссиясын аркалап келишет. Үч кабаттуу билим берүү уясында 1314 окуучуга 63 мугалим кыргыз тилинде билим жана тарбия берет. Мектепте бир СССРдин эл агартуу отличниги, бир КРнын эмгек синирген мугалими, тогуз КРнын билим берүүсүнүн мыктылары жана демилгечил жаш мугалимдер эмгектенишет. Алар окутуунун инновациялык табылгаларын колдонуу менен мезгил талабындагы 12 жылдык окутууга кадам таштоодо.

БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ БИЙИКТИК

Мектептеги окуу – тарбия процессинин натыйжалуулугу жана сапаты жетекчинин башкаруучулук жөндөмдүүлүгүнө байланыштуу. Жетекчи башкаруунун функцияларын туура жүргүзгөндө гана сөзсүз түрдө ийгиликке жетишет. Бул багытта ийгиликтүү иштеп жаткан Кара-Балта шаарындагы №4 жалпы билим берүү орто мектебинин директору, КРнын билим берүүсүнүн мыктысы Аида
Саргалдаева төмөндөгүлөргө токтолду.

— Мектепте мугалимдерге ар тараптан жардам берүү, колдоо, алардын кесиптик дараметин көтөрүү, заманбап технологиялардын тилин үйрөтүү  мезгил талабы деп билиш зарыл. Мугалим чыгармачылык менен изденүүдө жаратылган педагогикалык, методикалык табылгаларын топтоодо жана коомчулукка жалпылап жайылтууда өзүнүн билим деңгээлин да тастыктай алат. Белгилүү педагогдор айткандай “Үйрөтүүдөн — үйрөнүүгө, окутуудан — өзү да билим алууга” жол ачылат. Дегенибиз, 12 жылдык билим берүүгө карай ташталган алгачкы кадамдарда негизги таяныч мугалимдерге жана мектеп жетекчилерине болору талашсыз. Мектеп жамааты 12 жылдыкка өтүүнүн концепциясы менен толук таанышып чыгышты. Демек, концепцияны ишке ашыруунун алгачкы кадамдары башталды.  Даярдоо этабы делген мезгилдер болгон 2022-жылдан 2025-жылга чейин мугалимдер жамааты       “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында “Санариптештирүү”,  “Инновациялык педагогикалык технологиялар жана STEM  билим берүүнүн негиздери”, “Башталгыч мектепте инновациялык педагогикалык технологиялар” боюнча маалыматтык түшүнүктөр менен камсыздалды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сунуштамалары талкууланып жактырылды. Ал эми Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан уюштурулган “Окуучулардын функционалдык сабаттуулук компетенцияларын калыптандыруу жана баалоо” ж.б. курстар боюнча онлайн окуудан өтүштү, — дейт ал биз менен болгон маегинде.

Ооба, аталган  мектептин инфратүзүмүн жаңыртууда электрондук китепкана ачылган. STEM багытындагы предметтердин кааналары компьютер, проектор менен жабдылып, “Санарип кампа” платформасы ишке ашырылган.

Ошондой эле ата-энелер менен биргеликте жыйындар өтүлүп, 12 жылдыкка өтүүнүн максаттары, милдеттери тууралуу маалыматтар берилип келет. Анда балдарды алты жаштан баштап окутуудагы педагогикалык, психологиялык жагдайлар кеңири түшүндүрүлүүдө.

— 0-класстын ата-энелерине билим берүүдөгү 12 жылдык кадам чечкиндүү жана натыйжалуу экендиги тууралуу айтып берилди. Бул маалыматтар Билим берүү жана илим министрлигинин жана белгилүү педагогдордун илимий көз караштары, изилдөөлөрү жана тыянактары менен толукталды. Демек, 12 жылдык окутуу келечекке багытталган жол. Анда окуучулар окутуунун эл аралык стандартына  жооп берген билим сапатына ээ болушат, — деди мектеп директору Аида Саргалдаева.

12 ЖЫЛДЫК  БИЛИМ - КЕЛЕЧЕГИБИЗ

STEM – ЖӨНДӨМДҮҮЛҮКТҮ АНЫКТАЙТ

Материалдык-техникалык базасы чыңдалган билим берүү мекемесинде  STEM билим берүү мыкты өздөштүрүлүп, балдарды келечекте эң көп талап кылынган, артыкчылыктуу кесиптерге даярдоо жана мектептеги мугалимдердин билимин өркүндөтүү боюнча дагы алгылыктуу  иштер жүргүзүлүүдө. Мектеп так жана табигый билимдер үчүн жасалгаланып, кааналарда  “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында проекторлор орнотулуп, интернетке туташтырылган компьютерлер коюлган. Азыркы учурда долбоор тарабынан окутулган мугалимдер сабактарында “Санарип кампа” платформасы менен иштеп, окуучуларга 3д модель, видеолор көрсөтүлүп, түрдүү тиркемелерди кенен колдонушат. Мектеп жетекчиси Аида
Саргалдаеванын жетекчилигинде PISAга даярдык системалуу жүргүзүлдү. Ошондой эле тапшырмаларды онлайн, кагаз форматында алып, аны кантип мониторинг жүргүзө тургандыгы тууралуу облустук, райондук  деңгээлдеги семинарларды уюштурган. Мектепте бүтүрүүчүлөргө карата ЖРТга даярдыктар жүргүзүлүп, анын алкагында НАНО окутуу борбору менен келишим түзүлүп, “Көчмө мектеп” программасы бүтүрүүчүлөрдү ЖРТга даярдады. Мына ушундай атайын график менен ички жана тышкы баалоо жүрүп турат. Баалоонун жыйынтыктары менен кайрадан окуулар уюштурулуп, жыйынтыктар ата-энелер чогулушунда угузулуп, чечимдер кабыл алынат. Мектептин жетекчиси билим жаатында гана эмес тарбия жаатындагы иштерди да активдүү алып барат. Психолог, соцпедагогу ар бир баланын социалдык абалын билип, ага карата көзөмөл уюштуруп, ата-энелер менен биримдикте иштешет. Кылмыштуулукту алдын алуу, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктарды болтурбоо максатында мектеп РИИБ менен биргеликте иш-аракеттер планын иштеп чыгып, алардын кызматкерлери менен тыгыз кызматташат. Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун ага окутуучусу А.Таласбаева биз менен болгон маегинде  курс учурунда бул мектеп жамааты окутуунун инновациялык технологияларын колдонууда бир топ тажрыйбалуу экендигине ыраазы болгонун жашырган жок.

— Мектеп директору тарабынан демилгеленген тренингдер байма- бай өткөрүлүп тургандыгы кубандырды. Ошондой эле 12 жылдык окутуу боюнча түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлгөндүктөн, мугалимдер да, ата-энелер да “Алтын Казык” программасынын милдеттерин, аткарылышын таасын түшүнүшөт экен, — дейт ал.

АТАЛАР СӨЗҮ — АКЫЛДЫН КӨЗҮ

Жакында, кыргыз коомчулугунда алгачкы жолу «Аталар күнү» белгиленди. Анда  аталардын кадыр-баркын көтөрүү, коомдогу ролун  ачыктоо, үй-бүлөдөгү ынтымактуулукту, биримдүүлүлүктү чыңдоо максаттары көздөлгөн. Президенттин «Улуттук нарк», «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» Уңгужолу ж.б. Жарлыктары адамзаттын жан дүйнөсүн руханий жактан байытууга, кылым карыткан кыргыз элинин  каада-салт, үрп-адаттарын терең үйрөнүүгө жана аң-сезимдүү кабылдоого багытталган. Мындай актуалдуулукту турмушка ашырууда Кара-Балта шаарында №4 орто мектебинде тарых сабагынын декадасынын алкагында «Аталар сөзү — акылдын көзү» аттуу конференция өткөрүлдү. Анда окуучулар долбоордук-изилдөө технологиясын колдонуу менен жашап, окуп жаткан жердин ысымын алып жүргөн Жайыл баатыр жөнүндө  маалымат топтошуп, сурамжылоо жүргүзүп, изилдөө иштерин аткарышты. Ал долбоор презентацияланып,  катышуучулар, эксперттер  тарабынан  талкууга алынды.

Ал эми  10-класстын окуучулары, иш-чаранын активдүү катышуучулары Аделя Кыштакова менен Мээрим Аширбаев изилдөө иштери туурасында төмөндөгүлөрдү айтып беришти:  — Чындыгында Жайыл баатыр жөнүндө маалыматыбыз аз эле.  Толуктоо  максатында тарых барактарына үңүлүп,  директорубуз Аида эжейдин жетекчилигинде  Жайыл баатырдын музейине да бардык. Окуучулар тарабынан жарандардан сурамжылоо да жүргүздүк. Алардын баарын «Аталар сөзү — акылдын көзү» аттуу конференцияда чагылдырдык. Экинчиден, аталардын коомдогу ролун ачыктоого басым жасадык. Бул эмгек өз изилдөөбүз менен жаралган соң, баалуу экендигин түшүндүк, — дешти алар.

Ал эми мектеп директору Аида Саргалдаева сапаттуу билим берүүдө окуучулардын өздүк МЕНин таанытуу, аларды изилдөөгө, топтоого, жайылтууга үйрөтүүгө кадамдар ташталып жатканын кошумчалады.

Ибраим Чотов,
“Кут Билимдин”
өз кабарчысы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер