12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: КЕЛЕЧЕККЕ КАРАЙ ИШЕНИМДҮҮ КАДАМ
- 11.04.2025
- 0
Дүйнөлүк билим берүү системасында болуп жаткан өзгөрүүлөр, жаңы технологиялардын тездик менен өнүгүшү, эмгек рыногундагы талаптардын көбөйүшү — булардын бардыгы билим берүүнү түп-тамырынан өзгөртүүнү талап кылууда. Кыргызстандын да бул өзгөрүүлөрдөн четте калышы мүмкүн эмес. Ушундай шартта, 12 жылдык билим берүү моделине өтүү — өлкөнүн келечеги үчүн кабыл алынган стратегиялык кадам.
Ушундан улам 12 жылдык билим берүүнүн маңызына, анын коомдук, педагогикалык жана психологиялык негиздерине токтолгум келет. Ошондой эле, бул реформага байланыштуу кооптонуулар, сунуштар жана күтүлгөн жыйынтыктар тууралуу өз ойлорумду ортого салгым келди.
Алгач эле, 12 жылдык билим берүүнүн маңызы жана максаты эмнеде деген суроо туулат. 12 жылдык билим берүү — бул кадимки 11 жылдык жалпы билим берүү моделинин
0-классты 1-класс деп санап баштагандагы, бирок мазмуну боюнча тереңдетилген жана окуучунун индивидуалдуу өнүгүүсүнө басым жасаган система. Ал окуучуга:
- Илим-билимди терең өздөштүрүүгө;
- Өзүнүн жөндөмдүүлүктөрүн таанып, туура багыт тандап чыгууга;
- Жашоого жана коомго активдүү аралашууга даяр болууга көмөктөшөт.
Бул модель бир гана предметтик билимге эмес, баланын инсандык, моралдык жана социалдык жактан калыптанышына өзгөчө көңүл бурат. XXI кылымдын талабы болгон жумшак көндүмдөрдү: креативдүүлүк, сынчыл ой жүгүртүү, тил табыша билүү, өз алдынча чечим кабыл алуу сыяктуу сапаттарды калыптандыруу — негизги максаттарынын бири.
Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү 197 өлкөдөн 158 өлкөсү 12 жылдык билим берүү системасын тандаган жана колдонуп келет. Мисалы, Германия, Япония, Корея, Канада, АКШ, Финляндия жана башка мамлекеттерде бул практика жакшы натыйжа берип жатат. Бул өлкөлөрдө окуучулар мектепти аяктаганда жогорку окуу жайына же эмгек рыногуна даяр, ишенимдүү, жоопкерчиликтүү жарандар катары чыгышат.
Дал ушул тажрыйбаны эске алуу менен, Кыргызстан дагы өзүнүн билим берүү моделин эл аралык стандарттарга ылайык келтирүүгө багыт алып жаткан учуру.
Кошумча жыл – бул жаңы сабактар, тереңдетилген анализ, практикалык көндүмдөргө көбүрөөк убакыт бөлүү дегенди билдирет. Окуучулардын билим сапаты репродуктивдүү деңгээлден креативдүү деңгээлге өсөт деген изги тилектерибиз бар.
Дүйнө рыногу ушунчалык тездик менен өсүп, салттуу кесиптер жасалма интеллект, роботтор, логистикалык системалар менен алмашылып, бүгүнкү күндө биздин түшүнүгүбүздөн алыс “жаңы” кесиптердин заманында тарбиялануучуларыбыздын басымдуу бөлүгү (керек болсо, 90-95%ы) 11-классты аяктап жатып дагы кайсы кесипти аркалап кетерин билбей, башы маң болуп турганы тынчсыздандырбай койбойт. Бул албетте, жаңы турмуш көндүмдөрүнө, заман талабына толук даяр эмес дегендик эмеспи. 12 жылдык система бул көйгөйдү чечүүгө шарт түзөт. Акыркы класстарда кесипке багыт берүүчү курстардын жардамы менен окуучу өзүнө ылайык адистик тандай алса, жана ошол тандоосу менен мыкты билим көрсөткүчтөрүнө, көндүмдөрүнө ээ болсо, компетенттүү адис, инсан тарбияланып чыгары шексиз.
Ошондой эле баса белгилеп кетүүчү жагдай – кыргыз окуучуларынын чет өлкөлөрдө билим алуусуна эч тоскоолдуксуз шарт түзүлүшү. Анткени көптөгөн мамлекеттер 11 жылдык системаны толук орто билим деп тааныбайт. Буга чейин чет өлкөгө окууга өткөн абитуриенттер 11 жылдык билими үчүн 1 жыл даярдоо курстарынан өтүп, убакыттан уттуруп келишкен. Демек, эл аралык мобилдүүлүккө жетүүнүн бирден-бир жолу 12 жылдык билим берүү деп дагы бир жолу кесе айткым келет.
Ар бир жаңы кадам кыйынчылыксыз болбойт. Дегеним, 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө бир катар жетишсиздиктер, тактап айтканда, инфраструктуранын: талапка ылайык класс-кабинеттердин жабдуулары, окуу китептер, дидактикалык материалдар, ж.б. у.с даяр эместиги, педагогикалык кадрлардын заманбап методикалар менен тааныш эместиги. Учурда мамлекетибизде бул көйгөйлөрдү чечүү иштери ийгиликтүү жүрүп жаткандыгы кубандырат.
Кээ бир ата-энелер 12 жылдык билим берүү баланын убактысын жана үй-бүлөнүн акчасын көбүрөөк талап кылат деп ойлошот. Бир жыл кошулуп аталганы менен, балдардын жаш өзгөчөлүгү ошол эле эмеспи. 12 жылдык билим берүү — бул билим берүүнүн философиясын, мазмунун жана максатын өзгөрткөн реформа. Кыргызстан үчүн бул өзгөрүү — келечекке карай ишенимдүү кадам. Бүгүнтөн туура баштасак, эртең эл аралык деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүү, интеллектуалдуу жана заманбап жарамдуу муунду тарбиялай алабыз.
Эң башкысы — бул процесске баарыбыз: мугалимдер, ата-энелер, мамлекеттик органдар жана коомчулук биргеликте катышып, өзгөрүүнү изги тилек, жакшы кадамдар менен кабыл алышыбыз керек. Анткени билим — бул улуттун байлыгы, анын негизинде келечек муун калыптанат. Дүйнөлүк билим кербенинде сүрүп келе жаткан интеллектуалдуу зор толкунду жиреп, атаандаштардан артта калбаган татыктуу кыргыз жаранын тарбиялап өстүрүү ар бир педагогдун, ар бир ата-эненин, жалпы коомчулуктун башкы милдети деп эсептейм.
Айпери КЕРИМОВА,
Токтосун Атаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими,
Комментарийлер