12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: АТА-ЭНЕЛЕР — РЕФОРМАНЫН АЧКЫЧЫ
- 11.09.2026
- 0
Кыргызстандагы билим берүү системасы акыркы он жылдыктардагы эң ири, ошол эле учурда эң талаштуу реформалардын бирин башынан кечирүүдө. 12 жылдык мектептик билим берүү форматына өтүү — бул өлкөнүн адамдык капиталын калыптандыруунун философиясын, коомдук аң-сезимди жана эртеңки күндүн эмгек рыногуна даярдыкты түп тамырынан бери жаңыртууга багытталган масштабдуу кадам. Бирок ар кандай реформа сыяктуу эле, 12 жылдык билим берүү системасына өтүү демилгеси коомчулукта, өзгөчө, ата-энелер чөйрөсүндө ар түрдүү пикирлерди, күмөн саноолорду жана тынчсызданууларды жаратты. Билим берүү тармагындагы эксперттер, мамлекеттик түзүмдөр канчалык деңгээлде концепцияларды түзүп, чет өлкөлүк тажрыйбага таянбасын, реформанын реалдуу турмушта канчалык ийгиликтүү ишке ашары бир гана мугалимге эмес, ата-энелерге да көз каранды экенин айтпай коюуга болбойт.
Мектеп босогосундагы чоң өзгөрүү
Агартуу министрлигинин Тарбиялоо жана кошумча билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Эркимбековдун айтымында, ата-эне — бул жөн гана мектепти каржылоочу же баласын мектепке эртең менен жөнөтүп коюп, кечинде тосуп алган байкоочу эмес. Ата-эне — билим берүү процессинин негизги кызыкдар тарабы, реформанын башкы өнөктөшү жана ошол эле учурда анын эң катаал калысы.

— Улуттук баалуулуктарды калыптандыруу, сергек жашоо образын жайылтуу, коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыз кылуу, ошондой эле зомбулуктун, буллингдин, кибербуллингдин, баңгизаттарды колдонуунун, эрте никенин, коррупциянын, радикализмдин жана балдардын өмүрүнө, ден соолугуна жана бакубаттуулугуна коркунуч келтирген башка терс көрүнүштөрдүн алдын алууда үй-бүлө менен билим берүү уюмунун өнөктөштүгүн чыңдоо жана ата-энелер үчүн баланы жаңы окуу жылына даярдоо максатында Кыргыз Республикасындагы мектепке чейинки, башталгыч кесиптик, кошумча билим берүү уюмдарында “Биргелешкен ийгиликке 10 кадам” аталышындагы ата-энелер декадасын 2026-жылдын 2-14-сентябрына чейин өткөрүүдөбүз, — дейт Алтынбек Эгембердиев.
“Биргелешкен ийгиликке 10 кадам” иш-чарасын уюштурууда буга чейинкидей салттуу ата-энелер жыйналыштарын, лекцияларды өткөрүү менен гана чектелбей, ар бир билим берүү уюмунда ата-энелердин практикалык жана интерактивдүү форматта катышуусу камсыз кылынды. Жолугушууда ата-энелер менен баарлашуу, тренингдерди, тиешелүү мамлекеттик органдардын адистеринин консультацияларын, ачык сабактарды, үй-бүлөлүк акцияларды өткөрүү, турмуштук конкреттүү кырдаалдарды талкуулоо, видеотасмаларды көрсөтүү, маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана өз ара аракеттенүүнүн башка формалары колдонулду. Ар бир өткөрүлгөн иш-чара боюнча маалыматтар социалдык тармактарга жайгаштырылууда. Алсак, “Бала бакча — жаңы мүмкүнчүлүк” деген темада ата-эне бала бакчага киргенден тартып баласын алып кеткенге чейинки жолду баланын көзү менен басып өтөт. Кирүү → кабыл алуу → тайпа → оюн аянтчасы → уктоочу жай → тамактануучу жай → медициналык бөлмө → коопсуздук → баланы өткөрүп алууга чейинки маршрутту өз көздөрү менен көрүп, “Менин баламдын коопсуз маршруту” деген чакан чек-лист толтурушту. “Бүгүнкү бала бакчада эмне өзгөрдү?” деген темада — бул күнү мамлекеттик мектепке чейинки билим берүүдөгү өзгөрүүлөр жөнөкөй тилде түшүндүрүлсө, “Бала коопсуздугу — баарыбыздын жоопкерчилигибиз” темасында лекция эмес, “Коопсуздук квести” кылып өткөрүү сунушталды, ошондой эле “Жаңы окуу жылына бирге даярданабыз”, “Үй-бүлө – улуттук баалуулуктардын жана тарбиянын негизи”, “Дени сак бала – дени сак келечек”, “Санариптик дүйнөдө баланы коргоо: ата-эне, мектеп жана бала” д.у.с. иш-чаралар жер-жерлерде өтүп жатат.
Деқаданын негизги ураны: «Бирге катышабыз – бирге жасайбыз – бирге коргойбуз!», «Бала үчүн бирге!», «Зордук-зомбулукка жол жок! Баланы бирге коргойлу!», «Баланын өнүгүүсү – үй-бүлө менен бала бакчанын биргелешкен эмгеги», «Балага берилген эң чоң белек – ата-эненин убактысы, мээрими жана жоопкерчилиги».
Ар бир ата-эне декаданын аягында «Менин балам үчүн 10 кадам» деген жеке чакан келишим/карта түзөт: Мен баламды угам → түшүнөм → коргойм → ден соолугуна кам көрөм → туура тамактанууга үйрөтөм → коопсуздук эрежесин үйрөтөм → санариптик чөйрөдө коштойм → педагог менен кызматташам → көйгөйдү уруш менен эмес, сүйлөшүү менен чечем → балама убакыт бөлөм.
Бир мисалды келтирейин, Үтүр Калиев атындагы Чолпон жалпы билим берүү мектебинде Ата-энелер декадасынын алкагында «Санариптик дүйнөдө баланы коргоо: ата-эне, мектеп жана бала» деген темага арналып, анда бүгүнкү күндүн актуалдуу маселелери көтөрүлдү.

Жыйында ата-энелерге балдарды интернет айдыңындагы ар кандай коркунучтардан, алдамчылыктан, кооптуу онлайн таанышуулардан жана деструктивдүү контенттен коргоо жолдору боюнча кеңири маалымат берилип, практикалык тапшырмалар аткарылды. Өзгөчө басым окуу процессинде уюлдук телефондорду колдонууга тыюу салуунун маанилүүлүгү түшүндүрүлдү. Ошондой эле, балдардын аккаунттарын, жеке сүрөттөрүн коргоо, купуялуулук жөндөөлөрүн тууралоо, экран убактысын көзөмөлдөө жана компьютердик оюндарга көз карандылыктын алдын алуу боюнча кеп-кеңештер айтылды. «Телефонду туура пайдаланууда чоңдор жаштарга үлгү боло алабы?» деген темада кызуу пикир алышуу жүрүп, балдарды көзөмөлдөө менен бирге аларга ишенимдүү мамиле куруунун жолдору талкууланды. Мындан сырткары, окуучулардын үйдө, мектепте, көчөдө жана коомдук жайлардагы жалпы коопсуздугун камсыз кылуу маселеси да четте калган жок. Жол кыймылы, өрт, турмуш-тиричилик жана өзгөчө кырдаалдар учурунда туура аракеттенүү алгоритмдери ата-энелер менен биргеликте талдоого алынды.

— Катышуучуларга балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жана өз алдынчалык деңгээлине жараша жоопкерчиликтүү жүрүм-турум көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча сунуштар берилип, атайын видеоролик көрсөтүлдү. Иш-чаранын жыйынтыгында ата-энелер берилген маалыматтардын негизинде атайын эрежелерди иштеп чыгып, телефонду туура колдонуу жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерди алышты, — дейт А.Эркимбеков.

Мындай форматтагы декада «ата-энелерге маалымат берүү иш-чарасынан» ата-эне, бала бакча, мектеп, кесиптик окуу жайлар жана бала ортосундагы жаңы өнөктөштүк моделине айланат.
Реформанын маңызы жана ата-энелердин консерватизми
12 жылдык билим берүү тутумуна өтүүнүн башкы максаты — баланы академиялык билимдердин жүгү менен ашыкча жүктөбөстөн, анда заманбап турмушка керектүү жумшак көндүмдөрдү, т.а. сынчыл ой жүгүртүү, коммуникация, командада иштөө, санариптик сабаттуулукту калыптандыруу. Алты жаштан баштап мектепке кабыл алуу аркылуу баланын эрте курактагы өнүгүүсүнө туура багыт берүү жана эл аралык стандартка ылайыкташууну көздөйт.

Бирок өлкөдөгү ата-энелердин басымдуу бөлүгү советтик же постсоветтик 10-11 жылдык билим берүү моделдеринин таасиринде калыптанган. Бул жерде психологиялык жактан алганда, көп ата-энелердин консерватизм жана белгисиздиктен коркуу сезими күчтүү экенин көрүп турабыз. Алсак, ата-энелердин арасында «Балам 18-19 жашында мектепти бүтсө, жогорку билим алып, бутуна качан турат?» деген тынчсыздануу басымдуулук кылат. Ошондой эле балдарды эртерээк эмгек рыногуна чыгаруу, өзгөчө айыл жеринде турмуштук жардамчы катары көрүү же кыздарды эртерээк турмушка узатуу сыяктуу стереотиптер дагы деле таасирин жогото элек. Аны моюнга алышыбыз керек. “Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере” деп кыргызда бекер айтылбайт. Буга чейинки ишке ашпай калган же жарым-жартылай аткарылган реформалар (мисалы, жаңы окуу китептериндеги каталар, мектептердин жетишсиздиги, мугалимдердин кадрдык тартыштыгы) ата-энелерде жаңы өзгөрүүгө карата скептицизмди (күмөн саноону) жараткан. Ата-энелердин бул скептицизми мектеп босогосунда каршылыкка же кайдыгерликке айланганда, албетте, реформа ишке ашпай калуу коркунучуна кептелет. Андыктан министрлик өткөн жылдан бери ата-энелерди ачык диалогго чакырып, ар кандай иш-чараларды өткөрүү менен позитивдүү маанайда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келатат. Бирок көпчүлүк дагы деле болсо ишенбегендигин көрсөтүп, ар кандай терс пикирлерди айтышууда. Ооба, билим берүу тармагы – өто чоң система. Миллиондогон ата-эненин көз карашын бир-эки жылда жаңы системага буруу оңойго турбайт. Бирок реформатор министрдин иш-аракети аягына чейин жемиштүү чыгат деген ишеним чоң.
Ата-эненин реформага тийгизген таасир этүү каналдары
Ата-энелердин реформага тийгизген таасири тууралуу профессор, педагогикалык илимдин доктору Рахат Сулайманованын айтымында, үч башкы векторго бөлүүгө болот.
- Үйдөгү психологиялык климат жана баланы мотивациялоо
Бала үчүн эң башкы авторитет — ата-эне. Эгерде үйдө ата-эне 12 жылдык билим берүүнү «пайдасыз, ашыкча убакыт алуу» деп сындап жатса, бала дагы окууга болгон кызыгуусун жана жоопкерчилигин жоготот. Каршы чыгуучунун позициясы баланын академиялык жетишүүсүнө түз терс таасирин тийгизбей койбойт. Ата-эне жаңы тутумдун артыкчылыгын (мисалы, сабактардын жеңилдетилгенин, басым практикага жасала турганын) балага туура түшүндүргөндө гана адаптация процесси жеңил өтөт.
- Социалдык-институционалдык көзөмөл жана сунуш берүү
— Заманбап ата-энелер социалдык тармактар, ата-энелер комитети жана ММК аркылуу кубаттуу коомдук пикирди калыптандыруучу күчкө айланды. Ата-энелер мектептеги инфраструктуранын, окуу китептеринин жана тамак-аштын сапатына конструктивдүү көзөмөл жүргүзө алышат. Ошондой эле мектеп, бала бакчанын кеңештери аркылуу реформанын кемчиликтерин жергиликтүү деңгээлде оңдоого жардам бере алышат. Ал эми деструктивдүү фейк маалыматтарга же негизсиз дүрбөлөңгө алдыруу аркылуу коомчулукта реформага каршы тоскоолдуктарды да түзүүгө түздөн-түз катышканга мүмкүнчүлүктөрү чоң. Акыркы эле мисалды келтирели, соцтармактарда PISAнын жыйынтыгы боюнча коомчулукту дүрбөлөңгө салган айрым “диванддык эксперттерге” ата-энелер коомчулугу министрдин иш-аракетин коргогонго далаалат кылышты. Бул өтө позитивдүү көрүнүш, — дейт профессор.
- Ресурсдук жана практикалык катышуу
12 жылдык билим берүү форматы баланын өз алдынча иштөөсүн, долбоордук иштерди жана чыгармачылыкты талап кылат. Эгер ата-эне баланын үй тапшырмасына өнөктөш катары катышпаса, санариптик каражаттарды туура пайдалануусун көзөмөлдөбөсө, мектеп канчалык жаңы кадамдарды жасабасын, натыйжа төмөн болот.
Мамлекет, мектеп жана ата-эне: карама каршылыктан өнөктөштүккө
Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы эң башкы көйгөй — стратегиялык коммуникациянын начардыгы. Чындыгында өлкөдө жүрүп жаткан реформанын максатын, 12 жылдык моделдин артыкчылыктарын карапайым ата-эне жалпысынан түшүнбөй жатат. Коомдук жайларда элге жалпак гана тил менен жеткирүү керек. Мисалы, мен автобуста кетип бара жатканда эринбей эле түшүндүрүп берем. Ошондо бир топтору кулак төшөп угуп, анан “апеей, ошондойбу, эже?” дешет. Ошондуктан ата-эне менен мектептин ортосунда эки башка уюл калыптанган. «Ата-энелер балдардын тарбиясын толугу менен мектепке түртүп коюп, реформага тоскоол болуп жатышат» дешет мектептегилер, ата-энелер болсо «Мамлекет сыноолорду биздин балдарда жүргүзүп жатат, шарт жок, китеп жок, мугалимдер даяр эмес» дешет. Бул карама-каршылыкты жоюу — реформанын ийгилигинин 80% түзөт. Билим берүү — бул мектеп менен үй-бүлөнүн келишими. Эгерде бул эки тарап бири-бирин өнөктөш катары көрбөсө, эң сонун жазылган концепция да иштен чыгат.
Ардагерден сунуш
Ата-энелердин таасирин деструктивдүү каршылыктан конструктивдүү өнөктөштүккө буруу зарыл.
— Министрлик жана билим берүү бөлүмдөрү ата-энелер үчүн атайын маалыматтык платформаларды түзүшү керек. «12 жылдык мектеп эмне берет?» деген суроого куру убада эмес, так фактылар, далилдер жана юридикалык/академиялык кепилдиктер менен жооп берилиши шарт. Мектептерде «Ата-энелер мектеби» (айрым бир мектептерде бар экен!) же тренингдер уюштурулуп, 6 жаштагы баланын психологиясы, жаңы баалоо системасы жана долбоордук окутуу тууралуу түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлүшү зарыл. Мектептин Камкорчулук кеңештерин жөн гана «акча чогултуучу органдан» чыныгы башкаруучу жана көзөмөлдөөчү институтка айландыруу керек. Ата-эне өзүнүн үнү угулуп жатканын сезгенде гана жоопкерчиликти тең бөлүшөт. Окуу мөөнөтүнүн өзгөрүшү менен кесиптик билим берүүгө (колледждерге, кесиптик лицейлерге) өтүү жана жогорку окуу жайларына тапшыруу эрежелери кандай жеңилдетилгенин ата-энеге ачык көрсөтүп берүү керек, — дейт ардагер мугалим Майрамкан Кукеева.
Постсоветтик жана Азия өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
Коңшу өлкөлөрдүн 12 жылдыкка өтүүдөгү ата-энелер менен иштөө тажрыйбасын карап көрөлү. Анткени 12 жылдык билим берүү системасы — дүйнөлүк стандарт (глобалдык масштабда мектептердин 80%дан ашыгы ушул модель менен иштейт). Постсоветтик жана Азия өлкөлөрү бул реформаны ишке ашырууда окшош тоскоолдуктарга, өзгөчө, ата-энелердин каршылыгына туш болушкан. Алсак, Казакстанда 12 жылдык билим берүүгө өтүү талкуулары он жылдан ашык убакытка созулуп, ата-энелер тарабынан чоң каршылыктарга кабылган. Негизги тынчсыздануу — мектептердин имараттарынын жетишсиздиги жана сабактардын убактысы болгон.
Ата-энелердин каршылыгын жеңүү тактикасы
Казакстан 12 жылдыкка капысынан эмес, адегенде «0-класс» (мектепке даярдык) концепциясын киргизүү аркылуу өттү. Ата-энелер балдарынын 6 жаштан баштап ойноп жатып, билим алганын көргөндөн кийин каршылык төмөндөгөн. Жогорку класстарда (11-12-класстар) окуучуларга кесиптик багыт берүүчү система киргизилип, алар мектепти аяктап жатканда колледждин деңгээлиндеги сертификаттарга ээ болуу мүмкүнчүлүгүн алышкан. Муну ата-энелер убакытты үнөмдөө катары кабыл алышкан. Бизде бул иш-аракеттер тийиштүү документтерде, концепцияларда жазылган жана ишке аша баштады.
Эстония: Санариптештирүү жана толук ачыктык
Эстония СССР урагандан кийин билим берүү системасын түп тамырынан бери реформалап, бүгүнкү күндө Европа боюнча PISA рейтингинде алдыңкы катарда.
Эстония реформанын башкы куралы катары толук санариптештирүүнү колдонгон. Ата-эне баласынын ар бир кадамын, окуу программасын, тапшырмаларын, мугалимдин пикирин онлайн көрүп турган. Ачыктык бар жерде ишеним калыптанган. Ар бир чейрек сайын мугалим, ата-эне жана окуучу үч тараптуу жеке аңгемелешүү (индивидуалдык маек) өткөрүшөт. Мында балага баа коюлбайт, анын инсандык өсүшү талкууланат. Бул ата-энени реформанын катышуучусуна айландырган.
Түштүк Корея: Ийгиликке болгон мотивация жана тутумга болгон ишеним
Түштүк Кореяда 12 жылдык мектептик модель (6+3+3) катуу тартипке жана коомдук келишимге таянат. Азия маданиятында ата-энелердин академик жетишкендиктерге талабы өтө жогору. Ата-энелер 12 жылдык билим берүү системасы балдарга университетке өтүүдө жана ири корпорацияларга (Samsung, Hyundai ж.б.) жумушка орношууда реалдуу мүмкүнчүлүк берерин көрүшкөн. Мамлекет айылдагы жана шаардагы мектептердин материалык базасын толугу менен теңдеген. Ата-эне «балам начар мектепте калып калды» деп тынчсызданган эмес.
Кыргызстанда абал кандай?
Ата-энелерге 12 жылдык программанын биринчи жылдарындагы окутуу мазмуну (6 жаштагы балдар үчүн) оюн жана адаптация түрүндө болорун иш жүзүндө көрсөтүлдү. Куру убадаларды эмес, Эстония сыяктуу ачык санариптик платформаларды жана Казакстан сыяктуу кесиптик сертификация мүмкүнчүлүктөрүн сунуштап жатат. Чынын айтуу керек, мектептер Агартуу министрлигине баарын жүктөп коюп, түшүндүрүү иштерин чабал аткаргандыктан биринчи жылы өтө көп тоскоолдуктарга, кыйынчылыктарга кептелди. Аны моюнга алуу керек. Ошондуктан билим берүү мекемелери коргонуу позициясынан чыгып, түшүндүрүү жана кызматташуу позициясына өтүшү зарыл.
Сөз соңу
12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү — бүтүндөй коомдун келечегине жасалган инвестиция. Ал эми ар кандай инвестициянын кайтарымдуулугу анын катышуучуларынын ишениминен көз каранды эмеспи. Ата-энелер реформанын эң башкы кыймылдаткыч күчү болуп саналат. Андыктан мамлекет ата-энени өз тарабына тартып, алардын тынчсыздануусун угуп, аны өнөктөштүк мамилеге айланта алса — 12 жылдык мектептик билим берүү системасы Кыргызстандын жаңы муунун глобалдык дүйнөгө атаандаштыкка жөндөмдүү кылып даярдап чыгарат. Агартуу министрлиги “Биргелешкен ийгиликке 10 кадам” иш-чарасын жаңы окуу жылынын алдында уюштурганы да бекеринен эмес. Дегеле 12 жылдык билим берүү реформасынын ийгилиги мамлекеттин ата-энелер менен канчалык ачык, түшүнүктүү жана ишенимдүү диалог кура алганынан көз каранды экенин жон терибиз менен сезип жатабыз. Ата-энелердин арасындагы мифтерди, кооптонууларды жана каршылыктарды жоюу үчүн кадамдык медиа-стратегия жана конкреттүү иш-чаралар планы талап кылынат.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
(Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин «Социалдык заказ» долбоорунун алкагында даярдалды).