ЖАРАТЫЛЫШ КОЙНУНДАГЫ ЖАРЫШТАР

  • 26.06.2019
  • 0

Республиканын 120дан ашуун мектеп окуучусу 22-июндан бери Чуңкурчак капчыгайында Республикалык  балдардын жана өспүрүмдөрдүн экологиялык,  жерин таануу жана  туризм борбору уюштурган слетко катышууда.

 

ЖАРАТЫЛЫШ КОЙНУНДАГЫ ЖАРЫШТАР

 

Иш-чаранын расмий ачылышы 25-июнда болду. Эки күн мурун окуучулар капчыгайга жайгашышып, Аламүдүн капчыгайына жана Көгүчкөн сугат шаркыратмасына барып,  жарга чыгуу, спорттук багыт алуу боюнча даярдыктан өтүп келишсе, кечкисин топторду тааныштыруу, банерлерин жактоо  сынагын өткөрүштү.    

 

Балдар эртең мененки саат жетиден баштап бир мүнөт убактыларын текке кетирбестен сынактарга даярданышып, иш-чараларга катышууда. Өзгөчө кырдаал учурунда биринчи жардам көрсөтүүнүн жолдорун жана жүрүш эрежелерин үйрөнүп, атайын дайындалган программанын негизинде иш алып барышууда. Эң негизгиси спорттук багыт алуу,  тоо туризминин техникасы боюнча сынактардан сырткары топтор арасында туристтик жана аскердик-патриоттук ырлардын жарышына, жерин таануу боюнча викториналарга катышууда. Сынактардын жыйынтыгы бүгүн чыгарылып, жеңүүчү топторго сыйлуу белектерди тапшыруу аземи капчыгайда өтүүдө.   

 

ЖАРАТЫЛЫШ КОЙНУНДАГЫ ЖАРЫШТАР

 

Биздин иш-чара балдардын-өспүрүмдөрдүн мекен таануу, каада-салттарды жана маданий мурастарды сактоого көңүлүн буруу, Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурастарына аяр мамиле жасоону  үйрөтүү, окуучуларды  адепке тарбиялоо, аскердик-патриоттук тарбиянын принциптерин даңазалоо, ден соолукту чыңдоо, таанып билүү жана экологиялык туризмди өнүктүрүү сыяктуу бир катар максат, милдеттерди алдына коет. Жылда окуучулар абдан кызыгуу менен катышышат. Алардын коопсуздугун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көзөмөлдөөдө. Слетко мектептерден физикалык жактан тандалып алынган окуучулар мугалимдери, тарбиячылары менен келишти. Алар беш күн бою чатырларда жашашып, тамак-ашын өздөрү даярдап ичишүүдө. Айрым топтордо кошо келип,  балдарга тамак-ашын жасап, алардын толук кандуу эс алуусуна жана көндүмдөрдү толук үйрөнүшүнө шарт түзүп берип жаткан ата-энелер дагы жок эмес. 

 

Иш-чара Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына, Кыргызстандагы туристтик-жерин таануу кыймылынын 60 жылдыгына, Улуу Ата мекендик согуштун 74 жылдыгына арналды, — дейт борбордун директору Галина Полянская.  

 

ЖАРАТЫЛЫШ КОЙНУНДАГЫ ЖАРЫШТАР

 

Нарын облусунун атынан команданы жетектеп келген Кочкор районундагы Аблес уулу Алайдар орто мектебинин мугалими Замир Алдаяров балдар эс алуу менен бирге патриоттук тарбия алып, ден соолугун чыңдап жатканын айтып, спортко кызыккан балдар үчүн пайдалуу иш-чара жогорку деңгээлде уюшулгандыгын баса белгиледи.

 

  • Бийик тоолорго чыгып,  туризмдин көп ыкмаларын үйрөнүп, чатырда жашап,тамакты да өздөрү бышырып, талаа шартында жашаганды үйрөнгөндүн өзү жакшы. Ириде жашоонун сергек мүнөзүнө калыптанышып, эрктүүлүккө, күчтүүлүккө, тайманбастыкка,  шамдагайлыкка, экологияны сактоого тарбияланышат.  Эч  болбосо өздөрүнөн калган таштандыны тазалап кеткенди үйрөнүшөт. Бул жакка алыстыкка, жакындыкка чуркоодо жана дене тарбия сабагынан мыкты көрсөткүчтөрү бар, ден соолугу бекем, талаа шартында жашай алган,  тоо туризмине даяр окуучуларды тандап алып келдик.  Дене тарбия мугалими Жамгырчиев Чыңгыз, аскердик тарбия боюнча жетекчибиз Молдоисаев Бактыбек да келди.  Кеткен чыгымдардын баардыгын иш-чараны уюштуруучулар чечип беришти, — дейт Замир Алдаяров.

 

Ош шаарындагы Олимп мектебинен келген Атабеков Чынарбек бул слетко биринчи жолу катышып жатат. Ага биринчи кезекте интернетсиз жашап, мээсин сергиткени жана  команда менен бирге иштегенди үйрөнгөнү олжо.

 

  • Жаңы досторду да таптык. Мага өзгөчө тоонун чокусуна чыкканда пайда болгон башкача сезимдер жакты. Чоң максатка жеткендей аябай сүйүндүк.  Бизге күндөр кызыктуу өтүп жатат, өзүбүз тамак жасап, чатырда жатып, таза абада эс алуу менен бирге пайдалуу көп нерселерди үйрөнүп жатабыз. Буюрса, бизде даярдык жакшы, утабыз деген ойдобуз, — дейт Чынарбек.  

 

Эркинай Нарынбекова, Динар Үмөтаалы кызы, “Кут Билимдин” практиканттары

Бөлүшүү

Комментарийлер