КЕСИПТИ ТУУРА ТАНДОО – ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕКТИН КЕПИЛДИГИ

  • 19.06.2019
  • 0

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу өнөктүгүнүн башталарына жарым айга жетпеген гана убакыт калды. Учурда жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыгарылып, мектептерге  сертификаттар тапшырыла башталды.  Эми абитуриенттердин алдында туура кесип жана окуу жайын тандоо деген чоң жоопкерчиликтүү иш турат. Андыктан төмөндө  абитуриенттер жана алардын ата-энелери үчүн кабыл алуу өнөктүгүнүн жүрүшү, андагы өзгөчөлүктөр, беделдүү кесиптер  жана тапшыруунун жолдору тууралуу маалымат беребиз.   

 

КЕСИПТИ ТУУРА ТАНДОО – ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕКТИН КЕПИЛДИГИ

110 баллдан жогору топтогондор жожго кабыл алынат

Быйыл жылдагыдай эле жогорку окуу жайына Жалпы республикалык тестирлөөдөн негизги тесттен 110, предметтик тесттерден 60  баллдан жогору алгандар тапшыра алышат.

Бул жылы тестирлөөгө жалпы 43 миң 440 бүтүрүүчү катышып, анын 27 019 же болбосо 62,2% босого баллдан жогору алып, жогорку окуу жайына тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.  Эң жогорку балл – 238 түздү.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ЖРТнын көрсөткүчү жылдан жылга жогорулоодо.  Өзгөчө аймактардагы көрсөткүчтөрдүн өсүшү маанилүү тенденция болуп эсептелет. Мисалы, былтыркыга салыштырмалуу быйылкы көрсөткүч 5,2% жогорулаган. Тактап айтканда, былтыр босого баллдан 57% бүтүрүүчү өткөн. Төрт жыл мурун болсо бул көрсөткүч  47% гана түзгөн.

Бирок Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору бул жылы ЖРТ тапшырган абитуриенттердин саны былтыркыга салыштырмалуу 5% аз болгондугун айтат. Предметтик тесттерди тандоодо дагы былтыркыдан айырмачылыктар бар. Мисалы, быйыл  тарых, биология, химия, математика жана физиканы тандагандардын саны 8-10% төмөндөгөн. Тескерисинче англис тилин тандагандардын саны 11% өскөн.

 

             Предметтер 2018-ж.   2019.   
Негизги тест     45607  43440
Тарых   24293  22792
Биология  14309  12183
Химия  10922  9349
Математика   10264  9767
Англис тили    9674  10809
Физика  5541  4821

Таблицада кийинки этапта, б.а. июлда ЖРТ тапшыра тургандардын саны киргизилген жок.

 

Жалпы республикалык тестте быйыл эң ж

ЖОГОРКУ БАЛЛ ТОПТОГОН МЫКТЫЛАР

огорку 238 баллды Жалал-Абад шаарынын  Курманбек баатыр атындагы кыргыз-түрк балдар лицейинин бүтүрүүчүсү Элдияр Чормонов топтоду. Андан кийинки орунда Бишкек шаарындагы №70 мектеп–гимназиясынын окуучусу Нуртегин Көлбаев турат. Үчүнчү орунга болсо Лейлек районундагы №1 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү  Аида Бөрүкулова чыкты. Алыскы аймактын окуучуларынын минтип жогорку балл топтоп, алдыңкы сапта турганы, албетте, кубанычтуу иш. Төртүнчү катарда турган Жеңишбек уулу Талантбек дагы  алыскы Кадамжай районундагы  «Семетей» лицейинин окуучусу. Жалал-Абад шаарынын №20 кыргыз-түрк кыздар лицейинин окуучусу Мамажанова Гулшода болсо алдыңкы ондуктун бешинчи катарында турат. Андан кийинки орундарды  Бишкек шаарындагы №12 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясынын окуучусу Дария Мусаева, №38 окуу-тарбия комплексинин окуучусу Анастасия Чичкова, «Себат» кыздар лицейинен (Ош ш.) Эрали кызы Сезимай, Курманбек баатыр атындагы кыргыз-түрк балдар лицейинен (Жалал-Абад ш.) Эржигит уулу Тыныбек жана №67 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясынан Мухомедьярова Алина ээледи.

Жогорку балл топтогон бул он окуучудан сырткары дагы алдыда турган кырк абитуриентке алтын сертификат берилет жана алар жогорку окуу жайына сынаксыз кабыл алынышат.

 

 

ЖОЖго ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ

Республика боюнча жогорку окуу жайларга кабыл алуу өнөктүгү 8-июлда башталат. Адаттагыдай эле 1-турдун талондорун кабыл алуу мөөнөтү эки күнгө созулат. Башкача айтканда, 10-июлда саат 14.00до талондорду кабыл алуу токтотулат. 11-июлда саат 10.00го чейин талапкер болгон абитуриенттердин тизмеси илинери менен 13-июлга чейин абитуриенттер келип окуй тургандыгын тастыктап кетиши керек.

2-тур 15-20-июлда өтөт. Талон кыркуу 17-июлда саат 14.00до токтотулуп, жыйынтыгы 18-июлда саат 10.00го чейин илинет. 18-20-июлда абитуриенттер келип окуй тургандыгын тастыктайт.

3-тур Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен орундар толбой калган жождордо гана өткөрүлөт. Бул турдун талондору 22-24-июлда кабыл алынат. 25-июлда саат 10.00го чейин талапкерлердин тизмеси илинет. Башка турлардай эле эки күндүн ичинде, тактап айтканда,  25-июлдан 27-июлга чейин абитуриенттер өткөн окуу жайына келип, окуй тургандыгын тастыктап кетиши керек.

 

 

КЫРГЫЗ ТИЛИН БИЛГЕНДЕРГЕ АРТЫКЧЫЛЫК БЕРИЛЕТ

Кыргыз тили боюнча Кыргызтесттен билимин сынап, тил билүү деңгээлине жараша сертификатка ээ болгон абитуриенттерге артыкчылык берилет.  Башкача айтканда, бир орунга жалпы республикалык тестирлөөдөн бирдей упай алган эки абитуриент талапкер болуп жатса, анын кимиси кыргыз тили боюнча тест тапшырган болсо, ошонусу окуу жайга кабыл алынат. Бул  биринчи кезекте бюджеттик орундарды бөлүштүрүүдө каралат жана негизинен мамлекеттик окуу жайларга тиешелүү.

Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин маалыматы боюнча,  бүгүнкү күндө республика боюнча беш миңден ашуун окуучу тесттен өттү. Жыйынтыгы боюнча маалымат жакын арада  жарыяланат.

 

 

 

КЕЛЕЧЕКТҮҮ АДИСТИКТЕР

Республиканын эмгек рыногунда өнөр жай, билим берүү, курулуш, айыл чарба, медицина тармактарындагы адистиктер беделдүү деп эсептелет жана аларга муктаждык жылдан жылга көбөйүүдө. Бул тууралуу  Билим берүү жана илим министрлиги менен Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин эмгек ресурстарындагы муктаждыктарды болжолдоо анализинде айтылат. Эң көп талап кылынган адистиктердин 10 тобу төмөндөгүдөй:
Маалыматтык коопсуздук;
— маалыматтык-коммуникативдик технологиялар жана байланыш түйүндөрү;
— тоо-кен казуу;
— геологиялык чалгындоо технологиясы;
— технологиялык машиналар жана жабдуулар;
— медицина;
— менеджмент жана маркетинг;
— агроинжерения;
— курулуш;
— билим берүү.

Маалыматтык коопсуздук адистерин Кыргыз улуттук университети, Ош мамлекеттик университети, Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институту,  Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети  даярдайт.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш түйүндөрү боюнча адистер Жалал-Абад мамлекеттик университетинде, Нарын мамлекеттик университетинде, Чыгыш университетинде, Ысык-Көл мамлекеттик университетинде, Ош мамлекеттик университетинде, Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде, Ош техникалык университетинде, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде даярдалат.

Тоо-кен казуу, геологиялык чалгындоо адистиктерине ээ болгусу келгендер – Бишкектеги Тоо-кен иши жана тоо-кен технологиялары институтуна, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине, Жалал-Абад мамлекеттик университетине, Ош технологиялык университетине барса болот.

Технологиялык машиналар жана жабдуулар боюнча билим берген окуу жайлар – Ысык-Көл мамлекеттик университети, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, Кыргыз-Өзбек университети.
Медициналык билим Кыргызстанда он эки жогорку окуу жайында берилет. Алар төмөнкүлөр:  Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Кыргыз-Орус Славян университети, Ош мамлекеттик университети, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Кыргызстандагы эл аралык университетинин Эл аралык жогорку медициналык мектеби,  Азия медициналык институту, Ала-Тоо Эл аралык университети, Эл аралык медициналык университети, Эл аралык илим жана ишкердик университети, Илимий-изилдөө медико-социалдык институту, Адам университети, Кыргызстандагы эл аралык университетинин Кыргыз-Пакистан медициналык илимдер эл аралык институту. Бул окуу жайлардын ичинен сапаттуу билим бергенин жаңылбай тандап алуу абитуриенттин биринчи милдети болуп саналат.

 

Менеджмент жана маркетинг адистерин даярдагандар: Кыргыз улуттук университети, Бишкек гуманитардык университети, Нарын мамлекеттик университети, Чыгыш университети, Кыргыз экономикалык университети, Ош мамлекеттик университети, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети,  Кыргыз-Өзбек университети, К.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети ж.б.  

Агроинжерения адистери Кыргыз улуттук агрардык университети менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде бюджеттик жана контракттык негизде даярдалат.

Курулуш адистери Кыргыз-Орус Славян университетинде, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде, Ош технологиялык университетинде,  Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде даярдалат.
Билим берүү – Кыргыз улуттук университетинде, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде, Нарын мамлекеттик университетинде, Чыгыш университетинде, Ысык-Көл мамлекеттик университетинде, Ош мамлекеттик университетинде, Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда, Кыргыз-Өзбек университетинде, Дене тарбия жана спорт академиясында жүргүзүлөт.

 

ЖРТ талап кылынбаган адистиктер

Билим берүү жана илим министрлиги ЖРТ талап кылынбаган 32 адистиктин тизмесин санап берди. Алар төмөндөгүлөр:

  1. Дене тарбия;
  2. Көркөм өнөр;
  3. Театр;
  4. Музыка;
  5. Бий өнөрүн тарыхы жана теориясы;
  6. Тасма жааты;
  7. Кинооператор;
  8. Көркөм өнөрдүн тарыхы жана теориясы;
  9. Аспаптарда ойноо (аспаптардын түрлөрү боюнча);
  10. Вокалдык өнөр (вокалдык өнөрдүн түрлөрү боюнча);
  11. Дирижёрлук (аткаруучу топтун түрү боюнча);
  12. Композиция;
  13. Эстраданын музыкалык өнөрү (түрлөрү боюнча);
  14. Үн режиссеру (колдонуу багыты боюнча);
  15. Актердук чеберчилик;
  16. Режиссерлук (колдонуу багыты боюнча);
  17. Театралдык-декоративдүү өнөр;
  18. Хореографиялык өнөр;
  19. Хореография режиссерлугу;
  20. Хореография педагогикасы;
  21. Дизайн;
  22. Интерьерлер жана жабдуулар;
  23. Декоративдик-колдонмо искусствосу жана кол өнөрчүлүк 24. Монументалдык-декоративдик искусствосу;
  24. Боеок менен тартуу искусствосу;
  25. Графика;
  26. Скульптура;
  27. Адабият чыгармачылыгы;
  28. Элдик көркөм өнөр;
  29. Социалдык-маданий ишмердүүлүк;
  30. Көркөм билим берүү;
  31. Сүрөт искусствосу.

 

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер