УЛУТТУК ИЛИМ ПАЙДУБАЛЫ КАНТИП ТҮПТӨЛГӨН (Агартуучу Базаркул Данияровдун 120 жылдыгына)

  • 27.02.2018
  • 0

УЛУТТУК ИЛИМ ПАЙДУБАЛЫ КАНТИП ТҮПТӨЛГӨН (Агартуучу Базаркул Данияровдун 120 жылдыгына)

Октябрь революциясы жеңгенден кийин өлкөдө билим берүү маселеси менен катар эле илимий иштерге да олуттуу көңул бурула баштаган. Алардын эң негизгиси Кыргызстандагы Илимий комиссиянын түзүлүшү болгон. Кыргызстанда илимдин калыптанышына жана өнүгүүсүнө орус окумуштуулары Л.И.Берг, Д.И.Щербаков, В.И.Смирнов, А.П.Карпинский, В.Л.Комаров, К.И.Скрябин ж.б. зор салым кошкондугун белгилей кетүү абзел. Алар менен катар карапайым кыргыз элинин ичинен чыккан, элдин келечегине өз өмүрүн арнаган кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөө менен бирге илимге да жан-дили менен кызмат кылган белгилүү инсандарды да унутта калтырбашыбыз керек.

Илимдер Академиясы түзүлгөнгө чейин эле кыргыз элинин белгилүү азаматтары – Эшенаалы Арабаев, Базаркул Данияров, Касым Тыныстанов, Осмонкул Алиев ж.б. кыргыз тилинин алфавитин, кыргыз алиппесин, сабатсыз чоңдор үчүн окуу китебин түзүү сыяктуу иштерди аткарууга зор аракеттерди жасашкан. Ушул максатта алардын демилгеси менен 1922-жылы Илимий комиссия уюшулуп, Эшенаалы Арабаев анын төрагасы болуп дайындалган. Бул кадам азыркы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын же жалпы эле кыргыз илиминин пайдубалын түптөгөн.

Илимий комиссия 1924-жылы 20-декабрда Кара Кыргыз Автономиялуу облусунун Ревкомунун №14 токтомуна ылайык Академиялык борбор болуп уюштурулган. Кыргызстандагы алгачкы илимий борборго зор ишеним артылып, өлкөнүн Билим берүү борборунун илимий жана окуу-усулдук иштерине жетекчилик кылуу, анын иш пландарынын аткарылышына көмөк көрсөтүү милдеттери тагылган. Тагыраак айтканда, облустун илимий изилдөө иштеринин планын түзүү, илимий мекемелердин иштеринин багытын аныктоо, кыргыз элинин турмушун, тилин, маданиятын ж.б. изилдөөнү уюштуруу, өлкөдөгү илимий коом жана илимий мекемелердин иштерин координациялоо, аймакта иш жүргүзүп жаткан союздук илимий мекемелердин филиалдарынын иштерин башкарууга катышуу, кыргыз тилинде гезит чыгарууга даярдык көрүү ж.б. олуттуу милдеттер коюлган. Ал кезде сабаттуу адамдар өтө аз санда болгондугун комиссиянын төрагасы Эшенаалы Арабаевдин 1925-жылы 1-апрелде жазган докладдык катынан даана көрөбүз: “Академиялык борбор өткөн жылдын декабрь айында уюштуруу иштерине киришкендигине карабастан, техникалык себептерге байланыштуу, иш ойдогудай жүрбөй жатат. Анткени, имараттын, ошондой эле негизинен кызматкерлердин жетишсиздигинен болууда”.

Академиялык борбор 1924–1925-жылга карата иш пландарын түзгөн. Бирок борбордун курамы толукталбай, төрага жана анын орунбасары гана иштеп, аларга кат жеткирүүчүнүн (почтальондун) жана кароолчунун да милдетин аткарууга туура келген. Кыргызстанда маданий күчтөрдүн өтө аз санда экендигин жана алардын ар кайсы аймактарда чачыранды жайгашкандыгын эске алсак, мындай көрүнүш ишке кедергисин тийгизүүдө деп жазылган докладдык катта.

Жогорудагы кыйынчылыктарга карабастан, аткарылган иштер жөнүндө Докладдык катта басмадан төмөндөгүдөй китептер жарык көрдү деп белгиленген: 1) Алиппе; 2) Окутуунун I жана II жылы үчүн хрестоматия; 3) Эне тилдин методикасы; 4) Арифметиканын хрестоматиясы ж.б. он китеп, басылып жаткандары: 1) Алиппенин 2-толукталган басмасы, 2) Башталгыч география ж.б. беш китеп, басмага даярдалып жаткандар деп он үч китеп саналган. Булардан тышкары, Академиялык борбор тарабынан Ревкомдун тапшырмасы менен котормо иштери да аткарылып, бланктар, ведомосттор, штамп ж.б. даярдалып, Ленин жөнүндөгү тогуз эмгектин которулгандыгы көрсөтүлгөн. Ошол эле жерде иштин солгун жүргүзүлүп жаткандыгы айтылып, анын себеби катары: 1) Илимий күчтөрдүн жана каражаттын жетишсиздигин; 2) академиялык борбордун штатынын кыскартылышын; 3) Саясий агартуу бөлүмү менен байланыштын жоктугун; 4) Москвадагы басма иштеринин начар уюштурулгандыгын, ал жердеги комиссиянын курамында орфография жана корректура боюнча адистердин жоктугун; 5) академиялык борборго анын түздөн түз милдеттеринен тышкары иштердин жүктөлүшүн көрсөткөн.

Илимий комиссиянын мүчөсү болгон Б.Данияров К.Тыныстановдун “Ырлар жыйнагына”, Молдо Кылычтын “Канаттуулар” деген чыгармаларына баш сөз жазып, “Маселелер” (3-б.), “Эне тилдин усулдугу”, “Арифметиканын усулдугун” даярдаган. Анын 1925-ж. Молдо Кылыч Шамыркан уулунун “Канаттуу” деген аталышта Москвадан жарык көргөн тамсилдерин даярдап, жазган баш сөзүнүн кыскача тексти төмөндөгүдөй:

“Кыргыз билим кемисиесинин тапшырганы боюнча “Тамсилдер” деген китепти карап, түзүп, имласин дурустап чыктым.

Мында “Канаттуу” деген кыргыздын белгилүү акуну Кылычтыкы, Кылычтын өз жазмасынан эмес, эл оозунан жазылып алынган.

“Буудайык” менен “Буудайыктын тою” эл оозундагы илгертен келе жаткан тамсилдер. Баары тең куштар тууралуу айтылган тамсил болгон соң, бир китепче кылып жибердик.

Кылычтын өмүрү менен өз жазмаларын жыйнап бир китепче кылып чыгаруу кемесиа милдеттеринин бири…

“Буудайык” Нарын үйөзүндөгү Койлуу Түкөлөй деген карыянын оозунан жазылып алынган. “Буудайыктын тою” кимдин оозунан жазылганы маалым эмес. Бул тамсилдер кыргыз билим кемесиясынын жыйнаган адабиятынан алынды…

 Б.Данияр уулу. Ташкен».

Баш сөздү окуган адам Б.Данияровдун окумуштуу катары эмгекке өтө кылдат мамиле кылгандыгын баамдасак болот. Биринчиден, ал Молдо Кылычтын ыры экендигин, экинчиден, кимден жазылып алынгандыгын белгилейт. Үчүнчүдөн, Илимий комиссиянын иштерин да белгилеп жатат.

Ошол эле жылы Москвадан жарык көргөн К.Тыныстановдун “Касым ырларынын жыйнагы” китебине жазган баш сөзүнүн мааниси бүгүнкү күндө да өтө олуттуу:

“Касым ырдарынын жыйнагы” кыргыз тилинде эң биринчи чыгып отурган китеб. Адабиятсыз, маданиятсыз кыргыз элине Касым сыяктуу жаш акундардын мындай китеб сыйлаганы оңой олжо эмес. Бул китебдеги ырдар 21–24-жыл арасындагы жазылгандар… “Адам айланасынын кулу” деген акыйкат. Касымдын ырдары түрдүү уактыда жазылган үчүн түрдүүчө магнаси бар.

Касым ырдарынын баш жактары казак тилинде жазылган. Буган окуучуларыбыз таңыркап да калар. Бирка биз биле туруп да ошондой жибердик. Мунун түрдүу жактан себебдери бар. Касымдын казакча жазылган ырдарынын баары да “Өрүс” деген казак кезетинде басылган. … казакча жазылган ырдарынын бизге тариги жагынан өтө кереги бар. Ошондуктан казакча жибердик, жана бул ырдарды кыргызчага таржыма кылышты магна жагынан да, тил жагынан да, тарыгы жагынан да керек табканыбыз жок. Касымдын кийинки жылдардагы жазганы өңкөй абдан сулуу жазылган, булары тил жагынан кадыры артык. Кийинки ырдарында биздин адабиятка моюн суна элек олдоксон тилибиздин, болочок адабийатка канчалык чебердиги бар экендиги абдан жакшы көрүнгөн. Касым жаш акун. Жашы жыйырмадан жаңы ашды. 24-жылы казак-кыргыз институтун жаңы бүтүрдү. Касымдын болочок адабийатка түп салуучунун бири болушуна хам бул китебтей эчен китеб жазыб чыгарышына биздин ишенчибиз чоң.

Кыргыз билим кемесийасынын мүчөсү Б.Данийар уулу.

Ошол мезгилдеги көпчүлүк интеллигенция өкүлдөрү бир нече тектеш түрк тилдерин: казакча, өзбекче, татарча, түркчө сүйлөй жаза билишкен. Анткени алар жаңы усулдагы мусулман мектептеринен билим алышкан жана ХХ к. баш ченинде белгилүү агартуучу И.Гаспринский башында турган М.Бехбуди, И.Арабаев, А.Байтурсунов, М.Абдурашидханов ж.б. жалпыга түшүнүктүү болгон орток түрк тилин иштеп чыгууну көздөшкөн. Б.Данияров дагы Совет бийлиги орногонго чейин эле Кемин өрөөнүндөгү Шабдандын медресесинен билим алгандыгы белгилүү. Баш сөздөгү “таржума” (Кеңеш бийлиги орногонго чейин Исмаил Гаспринскийдин “Терржиман” (“Котормочу”) деген газетасы Борбордук Азия калктарында кеңири белгилүү басылма болгон), “магни” ж.б. сөздөр муну даана далилдеп турат.

Э.Арабаев башында турган, орун басары К. Тыныстанов, мүчөлөрү: Б.Данияров, О.Алиев, окумуштуу катчы П.Юдахин, Ивановдон түзүлгөн чакан топтон турган Академиялык комиссия китептерди чыгаруу жана котормо иштери менен гана алек болбостон, элдик оозеки адабиятыбыздын чыгармаларын да эл арасынан топтошуп, кагаз бетине түшүрүшкөн. Алардын иштери тууралуу КР УИАнын ардактуу академиги, профессор К.Карасаев: “Комиссияда болгону эки гана киши болгон. Ошол 1922-жылдан баштап атактуу манасчы Сагымбайды алдырып, аны менен келишим түзүп, “Манасты” жазууга киришти. Эшенаалы Арабаевдин тапшыруусу менен Тыныбек манасчынын “Семетей” аттуу кол жазмасын көчүрүп чыктым. Ал 1925-жылы Москвада басылып да чыкты”, — деп эскерген.

1922–1926-жылдар аралыгында Академиялык комиссиянын тапшыруусу менен Ыбырайым Абдрахман уулу Сагымбайдын оозунан 500 басма табак көлөмүндөгү Манастын төрөлгөнүнөн каза болгонго чейинки окуяларды бүт жазган. “Манастын” Сагымбайдан жазылган варианты көркөмдүгү жана окуялардын толуктугу жагынан башка варианттардан алда канча жогору турат деп белгилеген З.Бектенов. Эгер жогорудагы Эшенаалы Арабаев башында турган Академиялык борбордун илимий эрдиги болбогондо кыргыз эли жана кыргыз илими Сагымбай Орозбаковдун айтуусундагы “Манас” эпосуна ээ болбой калышы да ыктымал эле…

Академиялык борбор тарабынан бир топ эмгектер Москвадан чыгарууга даярдалып, алардын арасында С.Орозбаковдун вариантындагы “Манас” эпосун, тагыраак айтканда эки миң беттен турган эпостун кол жазмасын басып чыгаруу жөнүндөгү келишимге кол коюлган. Жыйынтыгында, кыргыздын тунгуч окумуштуулары “Манас” эпосунан тартып, “Семетейге” чейинки фольклордук багыттагы китептерди басып чыгарууга жетишти.

Ошол учурдагы Түркстан АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин алдындагы Илимий комиссиянын, кийинчерээк Кара Кыргыз Автономиялык облусунун Билим берүү бөлүмүнүн алдындагы Академиялык борбордун жамаатынын кыргыз илими менен билимине кошкон дагы бир салымы – кыргыз илимий тили, кыргыз жазмасы менен тамгасы, илимий терминдер, жаңы кирген чет элдик сөздөр сыяктуу маселелердин туура чечилишине байланыштуу болгон. Атактуу профессор Е.Д.Поливанов жазгандай, араб графикасынын негизинде кыргыз алфавитин түзүү боюнча мамлекеттик заказ “1924-жылы жөн жерден эле Илимий комиссиянын балдарына берилген эмес.”

1925-жылдын 13-апрелинде КАОнун Билим берүү бөлүмүнүн буйругу менен Академиялык борбор кайрадан Илимий комиссия деп аталып, курамында ошол эле кызматкерлер калтырылган. Илимий комиссиянын окумуштуу катчысы болуп Б.Данияров дайындалган. Ошол эле жылдын 24-апрелинде КАОнун Аткаруу комитетинин токтому менен Илимий комиссия башка мамлекеттик органдар менен катар эле Ташкенттен Пишпекке көчүрүлгөн. Бирок жубайы Кадичанын оорусуна байланыштуу Э.Арабаев Ташкентте убактылуу калып, өзүнүн ордуна К.Тыныстановду төраганын милдетин аткаруучу кылып дайындаган.

Илимий комиссиянын аткарган иштеринин ичинен, айрыкча 1924-жылы Ташкентте басылып чыккан 4000 даана нускада, араб арибинде басылып чыккан “кыргыз алип-бээсинин” мааниси чоң болгон. Ошондой эле Илимий комиссиянын чечими жана күчү менен 1924-жылы 7-ноябрда кыргыз тилинде “Эркин-тоо” гезитинин биринчи санынын жарыкка чыгышы кыргыз элинин турмушундагы олуттуу окуялардын бири болгон. Илимий комиссиянын мүчөлөрү Түркстан Эл агартуу университетинин (1918-ж. Мугалимдер семинариясы катары негизделген) бөлүмү катары ачылган Казак-Кыргыз агартуу институтуна (1920-жылдан университет) окууга жаштарды тартышып, өздөрү да ал жерде окутуучу болуп иштешкен. Бул институт жөнүндө ошол мезгилде Ташкентте чыгып турган «Ак жол» гезитине Э.Арабаев «Казак-кыргыз институнан эмне күтсө болот?» аттуу макаласын жарыялаган: «…Биздин казак-кыргыз элибиздин маданияты жаңы туулган бала сыяктуу, мына ошол элди маданияттуу элдин катарына жеткириш үчүн бизди үмүттөндүргөн мугалимдерибиз ушул институттун бүтүрүүчүлөрү болуусу керек… Бүгүнкү күн канча миң жыл маданият, ийгиликтен кур алакан жүргөн казак-кыргыз элин чоң маданиятка, жарыкка чыгаруучу мугалимдерди жолго узаткан күн…»

Институттун студенттери жалаң окуу менен гана чектелип калбастан, каникул мезгилинде айыл аралап, калк арасында маданий, агартуучулук иштерди да жүргүзүшкөн. Академиялык борбордун мүчөлөрү кыргыз жергесине да окуу жайын ачууну көздөшүп, алардын аракети менен 1924-жылы Түркстан БАКнын II пленумунда Кара кыргыз эл агартуу институтун (кийинчерээк Кыргыз педтехникуму болуп түзүлгөн, азыркы Ж.Баласагын атындагы КМУУ) ачуу жөнүндө чечим кабыл алынып, П.Юдахин директору (башчысы), окуу бөлүмүнүн башчысы болуп Б.Данияров дайындалган. П.К.Юдахин 1929-ж. 31-октябрда оорудан каза болгондон кийин 1929-ж. 2-ноябрда Б.Данияров Кыргыз АССРнин Эл агартуу комиссариатынын буйругу менен Кыргыз педагогикалык техникумунун башчысы болуп дайындалган.

Ушул кыска убакыт аралыгында Илимий комиссия – Академиялык борбордун мүчөлөрү элди илим билимге үндөгөн, ошондой эле көйгөйлүү маселелер жөнүндө ошол мезгилде жарык көрүп турган «Ак жол» гезити, «Шолпан» журналы ж.б. басылмаларга макалаларын жарыялап турушкан. Мисалы, Б.Данияровдун «Кыргыз азаматтарына», Э.Арабаевдин «Кара кыргыз алданбайт!», О.Алиевдин «Казак-кыргыз жаштарынын азыркы жана мурдагы абалы» ж.б. макалаларын алардын иштери менен таанышууда олуттуу тарыхый булак катары пайдаланса болот.

Жыйынтыгында, жогоруда аталган Кыргызстандагы илим-билимдин, мамлекеттүүлүктүн башатында турган агартуучу, мамлекеттик, саясий ишмерлердин өмүр жолун тереңдетип изилдөө азыркы адистердин парзы экендигин белгилеп кетмекчибиз.

 

А.Э.Кубатова, тарых илимдеринин кандидаты, КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институтунун илимий кызматкери

Бөлүшүү

Комментарийлер