ZIPGRADE – ТЕСТТЕРДИ ТЕКШЕРГЕНГЕ АРНАЛГАН ЭҢ  СОНУН ПРОГРАММА

  • 17.02.2020
  • 0

ZipGrade – тесттерди текшергенге арналган эң  сонун программалардын бири. Бул программанын жардамында канча көп студент же окуучу болбосун тесттердин жыйынтыгын заматта текшере аласың. Бул  программаны колдонуу аябай жөнөкөй. 

— Мен бул программаны ар дайым сабагымда жана ата-энелер менен иштөөдө колдоном. Себеби тесттердин жыйынтыгы ар дайым интернетте сакталып турат. Ата-энелер балдары тесттин жыйынтыгы кандай болгондугун көрө алышат. Бул программанын жардамын бир тесттерди эле текшербестен атайын  ата-энелер арасында китеп окуу конкурустарын  уюштурганда мага чоң жардамчы боло алат, — дейт Ош шаарындагы №52 “Кыргыз-Түрк достугу” мектеп-лицейинин информатика мугалими Бектурган Мизамидин уулу.

Төмөндө Бектурган Мизамидин уулунун видеосабагын сунуштайбыз.

Бөлүшүү

Комментарийлер