ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ – 2026: ИЙГИЛИКТИН ЖАРКЫН ҮЛГҮСҮ
- 27.04.2026
- 0
Москва районунда “Жылдын мыкты мугалими – 2026” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы – 2026” кароо-сынагы жыйынтыкталып, билим берүү тармагындагы алдыңкы адистер аныкталды. Бул иш-чара мугалимдердин кесипкөйлүгүн баалоо, тажрыйба алмашуу жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатын көздөдү.

Сынактын ачылыш аземине мамлекеттик администрация башчысынын – акимдин орун басары Назгүл Барктабасовна Мекешова катышып, агартуучуларды куттуктап, кароо-сынакка расмий старт берди. Ал өз сөзүндө мугалимдердин коомдогу орду өзгөчө экенин белгилеп, алардын эмгеги ар дайым жогору бааланарын баса белгиледи.
Кароо-сынакта Москва районунун Ак-Суу айыл аймагына караштуу профессор Насипбек Бакиров атындагы орто мектебинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары, география мугалими Калмуратова Наргиза Майрамбековна өзүнүн жогорку кесипкөйлүгүн жана чыгармачыл ыкмаларын көрсөтүп, география сабагы боюнча I орунду ээледи. Ошондой эле ал Өзбекстанга, атап айтканда Ташкент жана Самарканд шаарларына эс алуу жолдомосун утуп алды.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр дипломдор, баалуу белектер, ошондой эле муздаткычтар жана чет өлкөгө эс алуу жолдомолору менен сыйланышты.
Кароо-сынак — бул жөн гана атаандаштык эмес, тажрыйба алмашуунун, жаңы идеяларды жаратуунун жана мугалимдердин кесиптик өсүшүнө өбөлгө түзгөн маанилүү аянтча экенин дагы бир ирет далилдеди. Бул сыяктуу иш-чаралар билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана коомдо мугалим кесибинин кадыр-баркын арттырууга кызмат кылат.


Комментарийлер