ЖУРНАЛИСТ БАЙЫШ ТӨЛӨНОВДУН 70 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 23.09.2021
  • 0

Белгилүү журналисттин мааракеси бүгүн ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде уюштурулду. Анда студенттер тарабынан концерттик программа тартууланып, Байыш Төлөновдун калемине таандык ырлар, чыгармаларынан үзүндүлөр аткарылды. Ошондой эле  калемгердин өмүр жолун чагылдырган видео тасма көрсөтүлдү.

Байыш Төлөнов, 1951-жылы 25-сентябрда Кара-Суу районунун Папан айылында туулган. 1974-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институттун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолунда радио бөлүмүндө редактор, теледе редактор, комментатор, баяндамачы кызматтарын аркалган. Учурда «ЭлТР» Мамлекеттик телерадио компаниясында жаштардын насаатчысы болуп иштеп келет. Бир нече мамлекеттик сыйлыктардын жана «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамынын ээси.

Бөлүшүү

Комментарийлер