ЖРТга КАТТОО 2023-ЖЫЛДЫН 6-АПРЕЛИНЕ ЧЕЙИН ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

  • 03.03.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги 3-мартта жалпы республикалык тестти өткөрүү үчүн кызматты тандоо боюнча конкурстун жыйынтыктары жөнүндө маалымат жыйын уюштурду.

ЖРТга КАТТОО 2023-ЖЫЛДЫН 6-АПРЕЛИНЕ ЧЕЙИН ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

Сынакты 2023, 2024 жана 2025-жылдары жалпы республикалык тестти (ЖРТ) өткөрө турган Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борбору жеңип алды. Быйыл ЖРТга каттоо 27-февралдан 6-апрелге чейин жүргүзүлөт.

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясатынын башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев быйылкы жылдагы бүтүрүүчүлөрдү ЖРТга онлайн каттоо мектептерде же колледждерде, ал эми мурдагы жылдардагы бүтүрүүчүлөрдү каттоо райондук билим берүү бөлүмдөрүндө жүргүзүлө тургандыгын айтты.

Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева  ЖРТнын жыйынтыктары мектептеги билим берүүнүн сапатын аныктабайт, абитуриенттин ЖОЖдун программасын өздөштүрүү жөндөмдүүлүгүнүн прогнозу болуп саналат деп белгиледи.

Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Асан кызы босого балл жыл сайын ЖРТнын жыйынтыгы белгилүү болгондон кийин бекитиле тургандыгын айтып, өткөн жылы негизги тест үчүн 110 балл, предметтик тесттер үчүн – 60 балл, педагогикалык багыттарга кирүү үчүн – 115 балл болуп белгиленгендигин билдирди.

ЖРТга каттоо жөнүндө кененирээк маалыматты https://testing.kg/ сайтынан ала аласыз.

Бөлүшүү

Комментарийлер