ЖРТ: МЕКТЕПКЕ МИКРОАВТОБУС БЕЛЕККЕ БЕРИЛЕТ
- 25.06.2026
- 0
2026-жылдын 26-июнь күнү Балыкчы шаарында саат 12:00дө Э.Думанаев атындагы маданият үйүндө, ал эми Кочкор районунда саат 15:00дө Ж.Абдыкалыков атындагы райондук маданият үйүндө “Ак Булут” кайрымдуулук коомдук бирикмесинин төрагасы Ормон Нурбек Уулу ЖРТдан жогорку упай алган бүтүрүүчүлөрдү сыйлоо иш-чарасында баалуу белектерди, анын ичинде мектепке микроавтобус тапшырат.

Коомдун келечеги – билимдүү жаштар. Ал эми билимдүү жаштарды колдоо, билимге жана келечекке болгон эң чоң инвестиция.

— Акыркы жылдары ЖРТдан жогорку упай алган бүтүрүүчүлөрдү сыйлоо иш-чарасын жакшы салтка айландырган ишкер, “Ак Булут” кайрымдуулук коомдук бирикмесинин төрагасы Ормон Нурбек Уулу жаштардын билимге болгон кызыгуусун арттырууга олуттуу салым кошуп келет. Мындай колдоо жөн гана сыйлык тапшыруу эмес. Бул, талыкпай эмгектенип, билимге умтулган жаштарга берилген баа, алардын келечектеги ийгиликтерине болгон ишеним. Ар бир сыйланган бүтүрүүчүгө, «Эмгегиң текке кеткен жок, сен өлкөбүздүн келечегисиң»- деген күчтүү белги. Өлкө өнүгүшү үчүн жолдорду, имараттарды куруу маанилүү болсо, билимдүү муунду тарбиялоо андан да маанилүү. Себеби эртең мамлекетти алдыга сүрөй турган күч – бүгүнкү билимдүү жаштар, — дейт ФБ колдонуучу Мааданбек Таалайбек уулу.
Ормон Нурбек уулунун бул демилгеси жаштарды билимге үндөгөн, атаандаштыкка шыктандырган жана эмгекти баалаган мыкты коомдук үлгү болуп калды. Мындай иштер көбөйгөн сайын өлкөбүздүн интеллектуалдык потенциалы дагы бекемделет.
Билимди баалаган коом гана күчтүү мамлекетти кура алат!
Г.А., “КБ”
Комментарийлер