ЖРТ: КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУ ЖӨНҮНДӨ БУЙРУК ЧЫКТЫ

  • 17.10.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылы Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн (кышкы кабыл алуу) абитуриенттерге Жалпы республикалык тестирлөөнү уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө буйругу бекиди.

Ага ылайык, кышкы тестирлөө 2022-жылдын 24-ноябрынан 30-ноябрына чейин өтөт.

Буйрук Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы №355 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна кабыл алуу тартибинин негизинде бекитилди.

Жалпы республикалык тестирлөөгө (кышкы кабыл алуу үчүн) жашаган жери боюнча каттоо 2022-жылдын 17-октябрынан 27-октябрына чейин райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүндө онлайн режимде жүргүзүлөт.

Каттоого мамлекеттик үлгүдөгү документтер менен ырасталган жалпы орто же кесиптик орто билими бар жана учурда 2022-2023-окуу жылында ЖОЖдордо окубаган адамдарга уруксат берилет.

КРнын жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу окутуунун наркын төлөө келишими (контракт) боюнча гана абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн жүргүзүлөт.

Бишкек жана Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:

— Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору бекиткен эрежелерге ылайык, алдыда өтө турган Жалпы республикалык тестирлөөгө катталууга кызыкдар адамдарды маалымдоо боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүүгө;

— каттоону (онлайн режимде) жүзөгө ашыруу үчүн атайын бөлмө бөлүп берип, зарыл байланыш каражаттар, жабдуулар жана оргтехника менен камсыздоого.

Бөлүшүү

Комментарийлер