ЖОЖдорго КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУНУН БИРИНЧИ ТУРУ БАШТАЛДЫ

  • 25.12.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылына КР жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуунун биринчи туруна каттоо башталгандыгын маалымдайт.

ЖОЖдорго КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУНУН БИРИНЧИ ТУРУ БАШТАЛДЫ

Абитуриенттерди биринчи турга каттоо https://2020.edu.gov.kg/universities сайты аркылуу төмөндөгүдөй графикте жүргүзүлөт:

  • 25-27-декабрь – талапкерлерди каттоо;
  • 27-декабрь саат 14:00 – каттоону аяктоо;
  • 28-декабрь саат 9:00го чейин – кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмесин жайгаштыруу;
  • 28-30-декабрь саат 16.00го чейин – ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу.

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу графиги тууралуу толугу менен — https://edu.gov.kg/posts/2338/

Бөлүшүү

Комментарийлер