ЖОЖДОРДО ТАЛАП КЫЛЫНБАЙ КАЛГАН АДИСТИКТЕР ЖАБЫЛЫП, ЖАҢЫ КЕСИПТЕР АЧЫЛАТ

  • 05.04.2022
  • 0

Жогорку окуу жайларда замандын талабына жооп бербей калган структуралык бөлүмдөр, кафедралар, билим берүү программалары жабылып, ордуна эмгек рыногунун муктаждыгына жооп берген жаңы багыттагы модернизацияланган билим берүү программалары ачылат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев ЖОЖдордун ректорлору менен болгон жолугушууда билдирди.

Министр мындан сырткары ар бир окуу жайга бир эле учурда эки же үч кесипти бириктирип окута турган мүмкүнчүлүк берилип жатканын айтып, жетекчилерди замандын агымы менен тең жарыша иштөөгө чакырды.

  • Азыр окуу жайларга болушунча мүмкүнчүлүк берилип жатат. Алар эми керек болсо бир эле учурда эки же үч кесипти окута алышат. Мисалы, педагог бир эле учурда эки же үч кесип алып чыкса болот. Психолог бир эле учурда башталгыч класстардын мугалимдигин, шыгы болсо  музыка мугалимдигин да алып чыксын. Эч кандай чектөө жок. Мамлекеттик стандартка кантип отургузабыз деп кыйналбагыла. Мындан кийин стандарттар болушунча окуу жайлардын өздөрүнө берилет. Силер эң башкысы дүйнөлүк стандартта мындай жакшы жаңылыктар бар экен, биз дагы ушундай билим бере алабыз деп бизге келсеңер, министрлик болушунча ийкемдүү саясат жүргүзөт, Лицензиялоо жана аккредитациялоо башкармалыгы менен Кесиптик билим берүү башкармалыгы болгон сунуштарды кабыл алат, колдойт. Ошондуктан кайсы профессияны ачыш керек болуп жатса, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыздар. Ушул эле мүмкүнчүлүк  PhD программасын ача турган окуу жайларга да берилип жатат. Эки багытты бириктирип, эки илимдин ортосунда илимий изилдөө жүргүзөбүз дегендерге да ачыкпыз, — деди министр окуу жай жетекчилерине.

Мындан сырткары жаңы окуу жылынан баштап кээ бир программаларды гибриддик негизде окутууга уруксат берилет. Мисалы, жүктөмдүн 80% салттуу окутулса, калган 20% онлайн окууга өткөрүүгө болот. Ал үчүн окуу контенттеринин бардыгын камтыган көп платформаларды электрондоштуруп, студенттерге эркин колдонууга ылайыктуу кылуу керек.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер