ЖООЛУК САЛЫНУУ КИМДИН БУЙРУГУ?

  • 23.11.2021
  • 0

БШКнын жумушчу тобу талапкерлер Атазов менен Нурбаевдин мектеп окуучуларынын жоолук салынуусу, ага каршы болгон директорлорду сот жообуна тартуу жөнүндө сөздөрү боюнча ИИМге кайрылды.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы №8 Төлөйкөн шайлоо округунун талапкери, депутат Шайлообек Атазовдун жана «Азаттыктын» талапкери Төлөнбай Нурбаевдин үстүнөн БШКга арыз түштү. Маалымат булактарынан маалым болгондой, буга талапкерлердин жоолук салынууга тыюу салбагыдай мыйзам кабыл алып берүү жана жоолукка каршы чыккан директорлорду сот жообуна тартуу убадасы себепчи болгон. Ага ылайык, 16-ноябрда аталган талапкерлер биригип Ош шаарынын тургундары менен үгүт жолугушуусун өткөргөнү, анда Атазов «жоолукка каршы чыккан директорлорду сот жообуна тартабыз жана аларга мыйзамдын кандай экенин үйрөтөбүз» деп айтканы маалым болгон. Жолугушууда Атазов Нурбаевди «ата-энесинин алдында куран окуган жигит» деп баса белгилесе, Нурбаев: «Жоолук салынуу Аллахтан келген буйрук болгондуктан ага эч ким каршы чыга албайт» деген.

— Баарыбызды жоолукчан апа төрөгөн. Баш мыйзамда дин тутуу эркин деп жазылган. Ошонун ичиндеги атрибуттарга, жоолук салууга эч ким тыюу салган эмес. Эч ким тыюу сала албайт. Биз депутат болуп калсак [жоолукка] эч ким тыюу сала албай тургандай жакшылап мыйзам кабыл алып беребиз, — дейт Нурбаев.

БШКнын жумушчу тобу аталган талапкерлердин сөздөрүнө юридикалык баа берүү үчүн материалдарды ИИМге өткөрүп берди.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Сүрөт Атазовдун Фейсбук баракчасынан алынды.

Бөлүшүү

Комментарийлер