«ЖОМОКТОР ДҮЙНӨСҮНӨ САЯКАТ»
- 24.02.2020
- 0
Бишкек шаарындагы № 83 жалпы билим берүүчү орто мектебинде 1-класстар арасында «Ырыс алды ынтымак» темасында конкурс болуп өттү.
Уюштуруучулардын айтуусунда, таймашта жомокторду сахналаштыруу аркылуу окуучулар ынтымак бар жерде, ырыс бар экенин түшүнүштү, ата-энелери менен биргеликте китеп окуп, текстти шар окууга, суроолорго жооп берүүгө үйрөнүштү.
Сабак-таймашта ар бир класс өздөрү тандаган жомокторду ролдоштуруп аткарып беришти.
Педагогдордун пикиринде мындай иш-чаралар албетте, мектеп менен ата-энелердин байланышын чыңдайт.
А.Алибеков, «Кут Билим»
Бөлүшүү
Комментарийлер