ТЕОРИЯДАН ПРАКТИКАГА: ЖАҢЫ МУУНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ
- 25.06.2026
- 0
Бир нече ай мурда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан өлкөдөгү 220 кластердик мектепке химия, физика, биология жана география сабактары үчүн заманбап лабораториялык жана маалыматтык-технологиялык жабдуулар берилген.
Биздин мектеп дагы кластердик мектеп катары бул жабдууларды алды. «Алтын казык» мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында мектепке берилген жабдуулар окуу процессинде натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылып жатат. Лабораториялык жана санариптик жабдууларды практикалык иштерде колдонуу окуучулардын өз алдынча ой жүгүртүү, көйгөйлөрдү чечүү жана жыйынтык чыгаруу жөндөмдөрүнүн өнүгүшүнө да оң таасирин тийгизүүдө.
Комплекттер механика, электр жана магнетизм мыйзамдарын, оптикалык кубулуштарды, толкун процесстерин, суюктуктардын касиеттерин, химиялык реакцияларды жана биологиялык объекттерди изилдөөгө арналган.

Ал эми интерактивдүү панелдер жана окуу ноутбуктары лабораториялык иштерди башкарууга, эксперименттердин жыйынтыктарын онлайн көрсөтүүгө, санариптик моделдерди жана симуляцияларды көрсөтүүгө колдонулуп жатат.
Өзгөчө көңүл бурчу жагдай – 12 жылдык билим берүүнүн алкагында даярдалган жаңы муундагы окуу китептери менен жабдуулардын айкалышы билим берүү процессин кыйла натыйжалуу уюштурууга шарт түзүп жатат. Теория менен практиканын айкалышы окуучулардын алган билимин жөн гана жаттап калбастан, аны күнүмдүк турмушта жана реалдуу кырдаалдарда колдоно билүүсүнө жардам берүүдө.

Он эки жылдык билим берүүдө окуучулардын функционалдык сабаттуулугун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Тактап айтканда, окуучу маалыматты түшүнүп, талдап, аны турмуштук кырдаалдарда туура пайдалана алышы, өз алдынча ой жүгүртүп, көйгөйлөрдү чечүү жөндөмүнө ээ болушу керек. Мектепке берилген жабдуулар дал ушул милдеттерди ишке ашырууда маанилүү ролду аткарууда. Окуучулар эксперимент жүргүзүү, байкоо, салыштыруу жана жыйынтык чыгаруу аркылуу билимди практика жүзүндө өздөштүрүп, STEM багытындагы көндүмдөрүн өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк алышууда.

Мындан тышкары, заманбап жабдуулар мугалимдер үчүн сабактарды интерактивдүү, кызыктуу жана натыйжалуу өткөрүүгө өбөлгө түзүп, билим берүү процессин заман талабына ылайык уюштурууга жардам берүүдө. Бул өз кезегинде окуучулардын окууга болгон кызыгуусун арттырып, сапаттуу билим алуусуна шарт түзөт.
Мындай колдоо көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине терең ыраазычылык билдиребиз!
Билимдүү муун – өлкөнүн жаркын келечеги!
Элизат Жамангулова,
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы
Чоң-Жаргылчак жалпы билим
берүү мектебинин директору







Комментарийлер