ЖОГОРКУ ЖЕТЕКЧИЛИКТИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ АРНАЛГАН СОЦИОЛОГИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨ

  • 31.05.2023
  • 0

ЖОГОРКУ ЖЕТЕКЧИЛИКТИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ АРНАЛГАН СОЦИОЛОГИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨ

Эртен 1-июнда Бишкек мамлекеттик университетинде «коом жана Кыргыз Республикасынын жогорку жетекчилигинин ишмердүүлүгү социологиянын күзгүсүндө» аттуу тегерек стол өтөт.

Иш-чарага өлкөнүн көрүнүктүү изилдөөчү,окумуштууларынын академиялык жана эксперттик коомчулуктарынын өкүлдөрү катышат. Тегерек столдо 2023-жылдын 10-25-майында БМУнун алдындагы “Коом изилдөө борбору” тарабынан жүргүзүлгөн “Учурдагы коомдук-саясий кырдаалга жана Кыргыз Республикасынын жогорку жетекчилигинин ишмердүүлүгүнө баа берүү” аттуу социологиялык изилдөөнүн (коомдук пикирди сурамжылоонун) жыйынтыктары сунушталат. Мында, бардык облустарды жана Бишкек, Ош шаарларын камтыган сурамжылоонун алкагындагы кыргызстандыктардын өлкөнүн учурдагы коомдук-саясий жана экономикалык абалына, ошондой эле республикабыздын жогорку жетекчилигинин ишмердүүлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети) карата коомдук пикирлери талкууланат.

Алынган жыйынтыктарга ылайык, респонденттердин басымдуу бөлүгү (70%дан ашыгы) акыркы 2 жылда жеке жашоосунда (жана үй-бүлөлүк турмушунда) оң өзгөрүүлөр болгонун белгилешти.

Калктын ишеними жана колдоосу боюнча рейтингдин талашсыз лидери болуп Кыргыз Республикасынын Президенти – С.Н.Жапаров саналат. Анын Президент катары эки жылдык ишмердүүлүгүн респонденттердин 80%дан ашыгы жактырат жана колдойт. Өзгөчө белгилей кетсек, былтыр, 2022-жылдын май айында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча да КР Президентине ишеним деңгээли 80%дан жогору болгон. Ошентип, эки жыл ичиндеги социологиялык өлчөөнүн жыйынтыктары боюнча кыргыз элинин өз Президентине болгон ишеними жана колдоосу өзгөргөн жок – мурдагыдай эле 80%дан ашык жогорку деңгээлде калды.

Бул социологиялык сурамжылоо “Коом изилдөө борборунун” социологдору тарабынан Кыргызстандын Социологиялык Ассоциациясы менен тыгыз кызматташтыкта ​​«Кыргыз Барометри» долбоорунун алкагында 2022-жылдан бери жүргүзүлүп жаткан мониторингдик изилдөөлөрдүн кезектеги толкуну.

Тегерек столдун дискуссиялык бөлүгүндө жогорудагы изилдөөнүн негизги жыйынтыктары, коом жана мамлекеттин турмушуна тиешелүү актуалдуу социалдык-экономикалык, саясий, маданий, руханий жана башка маселелер боюнча кыргыз элинин коомдук пикирине баа берүү жана мониторинг жүргүзүүнүн теориялык, методологиялык жана практикалык ыкмалары талкууланат. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөшүүчү илимий-изилдөө жана аналитикалык продуктыларды даярдоого көңүл бурулат.

Ошондой эле улуттук маалыматтык мейкиндикте ар кандай негизсиз манипуляцияларды минималдаштыруу үчүн эксперттик, илимий коомчулуктарды, массалык маалымат каражаттарын, жарандык активисттерди жана башка кызыкдар тараптарды калктын коомдук пикиринин абалы, социалдык практикалары жөнүндөгү актуалдуу маалыматтар менен камсыздоо маселелери да каралат.

Тегерек стол К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин башкы имаратында саат 14:00дө Ч.Айтматов проспектиси 27, 2-кабат, жыйындар залы дарегинде өтөт.

Кошумча маалымат алуу үчүн социолог-изилдөөчүлөр тобунун өкүлдөрүнө кайрылыңыз:

Сыргабаев Самар Бердибекович, 0708 229 685

Омуралиев Нурбек Ашимканович, 0500 581 690

Сейитбаев Бактыбек Турарович, 0708 492 264

Бөлүшүү

Комментарийлер