ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН СТУДЕНТТЕРИ АРАСЫНДА ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯГА СЫНАК ЖАРЫЯЛАНДЫ

  • 05.10.2020
  • 0

Сынак Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-июнундагы №124 «Кыргызстандын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине (курсанттарына) президенттик стипендияны ыйгаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгына ылайык жүргүзүлөт.

Өлкөбүздөгү бардык жогорку окуу жайларынан (мамлекеттик жана менчик) баалоо системасынын талаптарына толук жооп берген татыктуу студенттердин (курсанттардын) тизмеси (сөзсүз түрдө толук документтер менен коштолгон окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде) 2020-жылдын 15-октябрына чейин Кыргыз  Республикасынын Билим берүү министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгына (311 кабинет) тапшырылуусу зарыл.

Эскертүү: Сынакка катышууну каалаган студенттер өздөрү окуган окуу жайына кайрылып, кенен маалымат алса болот.

Байланыш телефону: 62 04 87

Бөлүшүү

Комментарийлер