ЖИЗЗАКТЫК МЕКЕНЧИЛ ЖИГИТ

  • 24.08.2021
  • 0

Сангиров Муратбек Сангир уулу Өзбекстандын Жиззак облусунун  Мырза-Чөл районунан болот.

Муратбектин Кыргызстанга келгенине эки айга чамалап калды.

— Беловодскийдеги байкемдикинде турам. Кыргызстан, анын көк мелжиген бийик тоолору, ак пейил, адилет адамдары аябай жакты. Бишкектин да көркөмү өзгөчө экен. Бул жакка окууга тапшырганы келгем, — дейт кыргыз боордошубуз.

Айтуусунда ал өз өлкөсүндө медициналык орто окуу жайды аяктаптыр.

— Бишкектеги Медакадемияга тапшырсам деген оюм бар. Кыргызстан боюнча өзбекстандык этникалык кыргыздарга 20 бюджеттик орун бөлүнүптүр, — дейт өзбекстандык абитуриент.

Анан ал эки айда алган таасирлерин да жашырган жок.

— Мен тогуз жыл өзбек мектебинде окудум, бирок өз эне тилимди унуткан жокмун. Бул жакта элдин көбү орус тилинде сүйлөйт экен. Ушундан кыйналып жатам. Дагы бир байкаганым: башына ак калпак кийгендерди сейрек учураттым. Улутту башындагы баш кийими менен ажыратабыз да! — дейт мекенчил жигит.

Андан ары Муратбек телеканалдарда кыргыз тилине которулган фильмдердин жоктугуна, уяттуу жерлери кыркылбай экрандан кеткенине кейиди.

— Өзгөчө уяттуу жерлерин көрө албай кыйналып жатам. Клиптерде жарым жартылай жылаңач кыздардын бийлегени биздин менталитетке туура келбейт. Ушуну көргөн балдардын мээсинде өзгөрүү болот. Жеңил-желпи турмушка көнөт, окугусу келбейт,- дейт Муратбек.

А. Алибеков, «Кут Билим»

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер