«ЖЕҢИШТИ ЖЕТИ КҮН БОЮ ДАҢКТАЙБЫЗ»

  • 19.05.2021
  • 0

18-майда Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде Улуу жеңиштин 76 жылдыгына карата уюштурулган «Жеңишти жети күн бою даңктайбыз» аттуу адабий жумалыктын жыйынтыктоочу бөлүгү болуп өттү.

Иш-чарада жумалыктын алкагында жарыяланган сынактын негизинде видео-ролик, сүрөт, автордук чыгармалардын  жеңүүчүлөрүнө дипломдор тапшырылып, жеңиш ырлары  көркөм окулуп, обондуу ырлар аткарылып, келген конокторго жагымдуу маанай тартуулашты.

Соңунда кыргыз филология кафедрасынын башчысы Бактыгүл Исмаилова жалпы катышуучуларга ыраазычылыгын билдирди.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуу жеңиштин 76 жылдыгына карата «Жеңиш ырын ырдайбыз» аттуу сынагын өткөрүү жөнүндөгү буйругунун негизинде университеттин тарых-филология факультетинин демилгеси менен кыргыз филологиясы кафедрасы тарабынан өткөрүлдү.

Бөлүшүү

Комментарийлер