“ЖАШЫЛ МУРАС-2025” ЭКОЛОГИЯЛЫК АКЦИЯСЫ
- 30.04.2025
- 0
Ош технологиялык университетинин студенттери жана окутуучулары Ош токой чарбасынын мамлекеттик токой фондунун Чыйырчык участкасында көчөт отургузушту. Окуу жайдын жетекчилиги Ал Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен башталган “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында өттү.
Бул иш-чара инновациялык маалыматтык технологиялар институтунун колдонмо информатика кафедрасы тарабынан уюштурулду. Студенттер жана окутуучулар жаратылышты коргоо, экологияны сактоо жана жашыл келечекти калыптандыруу максатында өз эмгектерин арнашты.
“Табият — жалпы байлыгыбыз, аны сактоо — ар бирибиздин ыйык милдетибиз!” дешет экологиялык акциянын катышуучулары.
Бөлүшүү
Комментарийлер