ЖАШ ЖОЛ ТЕСКӨӨЧҮЛӨРДҮН ЖЕҢИШИ

  • 18.11.2022
  • 0

Россия Федерациясынын Анапа шаарында өткөрүлгөн мамлекеттер аралык жол кыймылынын жаш инспекторлорунун сынагында Кыргызстандын атынан барган Качкыналиев Пулат агай жетектеген Бишкек шаарындагы №1 гимназия-жатак-мектебинин окуучулары экинчи орунду багындырды.

ЖАШ ЖОЛ ТЕСКӨӨЧҮЛӨРДҮН ЖЕҢИШИ

Сынакка 37 команда катышып, Кыргызстандын командасы мекенине ушундай зор жеңиш менен кайтты. Жеңүүчүлөрдү Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматкерлери аэропорттон салтанаттуу түрдө тосуп алды. Башкармалык тарабынан даярдалган Ардак грамоталарды, ыраазычылык каттарды жана кол сааттарды тапшырып жатып, башкармалыктын орун басары, милициянын полковниги Жумаев Канат Касымалиевич жеңүүчү болушкан жол кыймылынын жаш инспекторлоруна бекем ден соолук, узун өмүр каалап, мындан ары да окууларында албан-албан ийгиликтер коштоп журүүсүнө тилектеш экендигин билдирди.
Учурда республикада жаш жол кыймылынын инспекторлорунун саны 1000 ге жетет.

Мейизгүл СҮЙҮНДҮКОВА, Бишкек шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер