ЖАШ ЖЕТЕКЧИНИН ЖЕМИШТҮҮ ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

  • 23.08.2023
  • 0

 22 жашында бала бакчага жетекчи болгон Каныкей Сыдыкова беш жылдан бери Жети-Таш айылындагы «Балаты» бакчасынын башчысы болуп эмгектенип келе жатат.

ЖАШ ЖЕТЕКЧИНИН ЖЕМИШТҮҮ ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

Каныкей Сыдыкова алгачкы эмгек жолун 2017-жылы кенже тайпасынын тарбиячысынын жардамчысы болуудан баштаган.  Ошол эле жылы өзүнүн изденгичтигин, креативдүүлүн көрсөтүп, Орусияда эмгектенген айылдаштарынын арасынан демөөрчү топтоп, бакчанын бир бөлмөсүн боз үй тибинде, бир жак бурчуна шаркыратма, сүрөттөрдү чагылдырып, кыргыз колоритинде жасалгалаттырган. Ишке дилгирлигин көргөн район башчысы, көп өтпөй эле жетекчилик жумушту сунуштаган.

  • Бала бакчага жетекчи болуу сунушу мен үчүн күтүүсүздөн болду. Айылга турмушка чыгып, эки балалуу болгондон кийин өзүмдүн эле айылымдагы бакчага жумушка орноштум. Райондук билим берүүдөн текшерүү келгенде менин жасалгам 1-орунду ээлеп, «Район боюнча жайылтылсын» деген буйрук чыгарылыптыр. Район башчы чакырганда барсам эле буйрукту колума карматып, “Эртеңден баштап жетекчисиң” деп койду. Буйрукту көтөрүп келип кайната-кайненеме көрсөтсөм, “Сен али жашсың, кайра алып барып бер. Улуу кишилерге кантип жетекчи болосуң” дешкен. Ошондо бир ай өзүмдү сынап көрүүгө, болбосо ордумду бошотуп берүүгө атамдан уруксат алып, ишимди баштагам, — дейт.

ЖАШ ЖЕТЕКЧИНИН ЖЕМИШТҮҮ ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

Жаш жетекчи беш жылдык иш тажрыйбасында бакчанын өнүгүшүнө болгон салымын кошуп келет. Бир жатак жана эки нөөмөттүү тайпасы бар бакчаны 2018-жылы эки жатак тайпа, 2020-жылы үч жатак тайпа кылып кеңейткен. Мурда 25 гана балага ылайыкталган бакчаны 66 бала тарбияланган жайга айландырган.

Биринчилерден болуп, райондун 59 бакча жетекчилеринин, тарбиячыларынын, 69 мектеп директорлорунун  катышуусунда Гапыр Мадеминовдун “Энелер” мектебинин райондук деңгээлдеги семинарын өткөргөн.  Жамаатында эмгектенген 11 адамдан 17ге чейин көбөйткөнгө жетишкен. Анын төртү тарбиячы, бири музыкант болсо, калганы техникалык кызматкери.

ЖАШ ЖЕТЕКЧИНИН ЖЕМИШТҮҮ ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

ЖАШ ЖЕТЕКЧИНИН ЖЕМИШТҮҮ ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

Мектепти аяктаганда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика кесибине окууга тапшырган. БГУнун журналистика факультетинде сырттан окуган. Ошол эле жылы кайра Баткен мамлекеттик университетинин педагогика факультетинде билим алган. Каныкей Сыдыкова азыр да билим алууну токтотпой, учурда магистратурада окуп жатат.

Каныкей Сыдыкова Баткен облусунун Лейлек районундагы Жети-Таш айылында туулуп-өскөн. Үй-бүлөдө үч бир туугандын арасындагы жалгыз кыз. 1-курсту аяктаганда эле өзүнүн айылдашына турмушка чыккан. Учурда беш баланын энеси. Балдарынын улуусу сегиз жашта болсо, кичүүсү 11 айлык. Балдарына жети ай толуп-толо электе эле өзү менен кошо жумушка алып барып, иштей баштайт. Балдарына жакшы, алар бир жарым жашка чыгар замат өзү иштеген бакчага орноштуруп коет. Кайната-кайненеси менен чогуу жашаган кезде көп кыйналбаганын айтат. Себеби алардын жардамы өтө чоң эле. Азыр болсо өзүнчө үй алып, бөлүнүп кетишкен. Ошентсе да алыска жумуштап кеткенде кайната-кайненеси, абысыны жардамга келет. Жаш үй-бүлөнү коллективи да колдоп, жумуштары менен  кеткенде балдарын карап берип турат. Айтымында, үй-бүлөнү, турмуш тиричиликти жумуш менен айкалыштыруу түйшүктүү иш.

ЖАШ ЖЕТЕКЧИНИН ЖЕМИШТҮҮ ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

  • Менин азыркы деңгээлге жетүүмө кайнатам менен кайненемдин салымы зор. Себеби он жылдан бери окуумдун контрагын төлөп, билимимди тереңдетүүгө шыктандырып, ар тараптан колдоп келишет.

Жумушка киргенде коллективимде “Жаш кызга кантип баш ийебиз, кантип иштей алат” — деп, ишенбегендер да, каршы чыккандар да болгон. Аны жашырбайм. Бирок өзүмдү жакшы жактан көрсөтүп, аракет кылган сайын алардын да ойлору өзгөрдү. Ар бири менен жеке сүйлөшүү аркылуу аларды өзүмө тарта алдым. Азыр коллективим — менин колдоочум,  — дейт жаш жетекчи сыймыктанганын жашырбай.

Каныкей Сыдыкованын жасаган эмгектери айыл өкмөтү, райондук билим берүү бөлүмү тарабынан бааланып, Ардак грамоталар менен сыйланган. 2021-жылы ЖКнын төрагасынын орун басары Аида Касымалиеванын колунан Ыраазычылык кат алса, 2022-жылы Жогорку Кеңештин Ардак грамотасына татыган. Мындан сырткары, билимин ар тараптан өнүктүрүп, бир канча сертификаттарга ээ болгон.

Айгерим ТОКТОБАЕВА, “КУТ БИЛИМ”   

Бөлүшүү

Комментарийлер