ЖАШ ШАХМАТЧЫ ИНДИЯДАГЫ МЕЛДЕШКЕ КАТЫШЫП КЕЛДИ

  • 09.01.2018
  • 0

Шахмат боюнча Президенттин кубогунда 2-орунду алып, күмүш медалдын ээси болгон Сулайманов Тилекматали Индияда өткөн мелдешке катышып келди. Өзүнүн айтымында, шахматка аралашып, мелдештерге катыша баштаганына эки жыл гана болгон.

ЖАШ ШАХМАТЧЫ ИНДИЯДАГЫ МЕЛДЕШКЕ КАТЫШЫП КЕЛДИ

  • Шахматка 9 жашымдан тартып аралашып баштадым. Азыр 11 жаштамын жана №4 мектеп-гимназияда 4-класста окуйм. Былтыр шахмат боюнча Президенттин кубогунда 2-орунду алып, күмүш медалдын ээси болгом. Андан кийин Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн Азия оюндарына катышып, жакшы көрсөткүч менен келдим. 2017-жылдын декабрь айында Кыргызстандан төрт спортчу Индияга сапар алдык. Ал мелдешке 33 мамлекеттин спортчулары катышты. Биз командабыз менен чогуу 20-орунду багындырдык. Өтө күчтүү командалар бар экен. Кудайым буюрса кийинки мелдеште ошол күчтүү командалар менен күч сынашабыз. Индияга атам алып барды. Мелдештен чыккандан кийин зоопаркка барып, бизде жок жаныбарларды көрдүм. Абдан жакты. Өзүмө чоң стимул алып, башка көз караш менен мамлекетиме кайттым. Эми мен дагы шахмат боюнча машыгууларды жүргүзүшүм керек, — деди ал.

Жаш шахматчы үй-бүлөдө беш бир туугандын үчүнчүсү. Эки эжеси жана 2 иниси бар.

  • Өзүм Бишкек шаарында 2007-жылы төрөлгөм. Атам Нарын облусунун Ак-Талаа районунда төрөлүп, ошол жерде өскөн. Ал Бишкекке окууга келип, ошол бойдон шаарда туруп калыптыр. Мени шахматка эч ким деле кызыктырып, түрткөн жок. Мектепте шахмат ийрими бар болчу. Ошого катышып көрүп, кийин жактырып калдым, — дейт жаш талант.

 

Г.А., “КБ”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер