БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ №94 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ
- 30.04.2026
- 0
2026-2027-окуу жылына абитуриенттерди чакырат!
Бишкек шаарындагы №94 башталгыч кесиптик лицейи заман талаптарына ылайык башталгыч кесиптик билим берүү менен калктын жумушсуз катмарын жумуш менен камсыз кылуу багытында алгылыктуу иштерди аткарып келет. Окуу жайда билим алууну каалагандар мамлекеттин эсебинен акысыз бюджетттик негизде төмөнкү кесипке ээ болуу менен окуй алышат:
- Чач тарачтар;
- Тикмечи-бычмачылар;
- Тигүүчүлөр;
- Тиричилик техникаларын оңдоо жана тейлөө боюнча устаттар;
- Графикалык дизайнерлер;
- Системалык администраторлор;
- Веб-сайтты иштеп чыгуучулар.
9-класстын базасы менен окуу мөөнөтү 2 жыл, жалпы орто билими тууралуу аттестат жана мамлекеттик үлгүдөгү диплом;
11-класстын базасы менен окуу мөөнөтү 10 ай жана мамлекеттик үлгүдөгү диплом алышат. Окууга 16 жаштан баштап 35 жашка чейинки жарандар окуй алышат.
Мындан тышкары, лицейде кыска мөөнөттүү курстар төмөнкү кесиптер боюнча окутулат жана мамлекеттик үлгүдөгү сертификаттар берилет:
- Чачтарач, окуу мөөнөтү – 3 ай;
- Тырмак сервисинин устаты, окуу мөөнөтү – 2 ай;
- Визажист, окуу мөөнөтү – 1 ай;
- Барбер эркектердин чачтарачы, окуу мөөнөтү – 1 ай;
- Бычмачы, окуу мөөнөтү – 3 ай;
- Раскройщик, окуу мөөнөтү – 2 ай;
- Тигүүчү, окуу мөөнөтү – 3 ай/1,5 ай;
- Муздаткычты оңдоочу слесарь, окуу мөөнөтү – 3 ай;
- Тигүү жабдууларын оңдоочу слесарь, окуу мөөнөтү – 3 ай;
- Графикалык дизайнер, окуу мөөнөтү – 2 ай;
- Системалык администратор, окуу мөөнөтү – 3 ай;
- Веб-сайтты иштеп чыгуучу, окуу мөөнөтү – 5 ай;
- Компьютер колдонуучусу, окуу мөөнөтү – 3 ай.

Кесиптик билими жок тикмечилер жана чачтарачтар лицейдин дуалдык билим берүү мүмкүнчүлүгүнөн пайдалана алышат.
Лицейде мыкты окуган окуучуларга мамлекет тарабынан стипендия, социалдык камкордукка муктаж балдар үчүн социалдык стипендия менен тамак-ашына каражат каралган. Жатаканага муктаж окуучулар бардык шарттары бар бекер жатакана менен камсыз болушат.
№94 башталгыч кесиптик билим берүүчү лицейи мыкты устаттар жана билим берүүнүн мыкты педагогикалык кызматкерлери менен толук камсыздалган.
Биздин №94 башталгыч кесиптик билим берүүчү лицейи ишенимдүү мыкты кадрларды даярдоочу окуу жайы болуп саналат. Окуу жайыбыз менен кененирээк таанышуучуларга эшигибиз ачык!
Биздин дарек: Бишкек шаары, Купянск көчөсү, 30.
Байланыш телефондору: 0312 49-01-56, 0312 49-13-47
Мобилдик байланыш үчүн: 0999 800 438; 0998 016 552;
0709 318 763; 0501 80 60 84
Биздин лицей тууралуу фейсбук: prof_licey94, инстаграмм: www.lisei94.org социалдык баракчаларынан жана lisei94.org сайттан окуй аласыздар.
Комментарийлер