ЖАШ ПИФАГОРЛОР ТЕХНИКА ДҮЙНӨСҮНДӨ

  • 28.04.2020
  • 0

УРМАТТУУ 3-8-КЛАССТАРДЫН МАТЕМАТИКА МУГАЛИМДЕРИ, АТА-ЭНЕЛЕР ЖАНА БАЛДАР!

2020-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана «Алтын түйүн» Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы тарабынан өткөрүлүүчү «Жаш пифагорлор техника дүйнөсүндө» Республикалык математика боюнча олимпиаданын биринчи туру аяктады. Бул Кыргызстандын окуучулары арасында математика боюнча өткөрүлүүчү ачык таймаш, ал үч жаш курактык категория боюнча: 3-4-, 5-6- жана 7-8-класстардын окуучулары арасында кыргыз жана орус тилдеринде өткөрүлөт.

2020-2021-окуу жылында «Жаш пифагорлор техника дүйнөсүндө» РМО үч этапты камтыйт: аралыктан өтүүчү, аймактык жана жыйынтыктоочу. Ушул окуу жылынан тарта олимпиада жаңы форматта өтүп баштады – биринчи жана экинчи турлар онлайн тестирлөө түрүндө сырттан өткөрүлсө, ал эми үчүнчү туру – өздөрүнүн жеке келип катышуусунда болот.

Биринчи этапта олимпиаданын катышуучуларына он суроодон турган онлайн тест сунушталган. Тапшырмалардын тематикасы математикалык билимдердин ар кыл тармагын камтыган. Тестти аткарууга бир саат берилген.

РМО биринчи турунда Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан 1876 окуучу катышты.

Аймагы

3-4

5-6

7-8

ЖЫЙЫНТЫГЫ

и/п

1.

Бишкек ш.

102

111

76

289

2.

Ош ш.

173

95

43

311

3.

Чүй областы

69

73

51

193

4.

Ош областы

59

48

26

133

5.

Ысык-Көл областы

68

113

50

231

6.

Жалал-Абад областы

108

116

89

313

7.

Нарын областы

61

83

81

225

8.

Баткен областы

28

67

59

154

9.

Талас областы

3

5

17

25

Бардыгы болуп:

671

711

492

1876

РМО биринчи турунда эң көп топтогон балл — 22 баллды түздү. Бул этаптын катышуучулары арасында жаш курактык топтордун айкашында баллдарды бөлүштүрүү төмөнкүдөй:

Жаш курактык тобу

БАЛЛЫ

13

12

11

10

9

8

7

Бардыгы болуп

3-4-класстар

671

446

470

495

520

538

567

579

5-6-класстар

711

304

346

385

421

462

500

547

7-8-класстар

492

200

223

246

281

300

321

349

Жыйынтыгы:

1876

950

1039

1126

1222

1300

1388

1475

Катышуучулардын топтогон баллдары жөнүндө кеңири маалымат олимпиаданын https://rmo.rdita.kg сайтында «Жыйынтыгы/ Результаты» бөлүгүндө. Ушул эле жерден РМО «Жаш пифагорлор техника дүйнөсүндө» экинчи туруна өткөн окуучулардын тизмесин кароого болот.

Олимпиаданын экинчи, аймактык туруна өтүү үчүн эң аз топтогон балл9 балл.

«Жаш пифагорлор техника дүйнөсүндө» Республикалык математика боюнча олимпиаданын аймактык туру компьютердик тестирлөө түрүндө онлайн режиминде ушул жылдын 12-майынан 25-май аралыгында болот. Катышкандыгы үчүн балдарга ыраазычылык билдиребиз жана жарым финалисттердин бардыгына ийгилик каалайбыз!

Ж.Б. Бапанова, «Алтын түйүн» БРИТАнын директору

Бөлүшүү

Комментарийлер