ЖАШ ОЙЛОП ТАБУУЧУЛАР ОШТО

  • 13.10.2022
  • 0

Ошто «Креативдүү технологиялар кербени» эл аралык фестивалы өтүп жатат. Ага Кыргызстандын жети дубанынан жана Ош, Бишкек шаарларынан, Россия Федерациясынын Архангельск, Волхов, Санкт-Петербург шаарларынан, Удмуртиядан жана Белорусиядан таланттуу жаш жаратмандар катышууда. Алардын өздөрү ойлоп тапкан жана өз колдору менен жасаган буюмдары фестивалдын алкагында атайын уюштурулган көргөзмөнүн өзөгүн түздү.

ЖАШ ОЙЛОП ТАБУУЧУЛАР ОШТО

Фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземине КР Президентинин Билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар саясаты бөлүмүнүн эксперти Медербек Өмүрбеков, КР Президентинин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнест Толтоев жана Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова катышты.

Медербек Өмүрбеков куттуктоо сөзүндө жаш таланттарга ийгиликтерди каалоо менен бирге, ушундай фестивалдар катышуучулардын жеке эле компетенттүүлүгүн жогорулатууга салым кошпостон, коомчулукту, педагогикалык журтчулукту билим берүү тармагын натыйжалуу реформалоого салым кошууга негиздеп, достук, биримдик көпүрөсүн түзүүгө түздөн түз таасир этерин белгиледи.

Ош улуттук драма театрында уюштурулган жаш ойлоп табуучулардын көргөзмөсү көргөндү кайдигер калтырган жок. «Алтын бала» аталган роботтон баштап, «Акылдуу үй» ж.б. долбоорлор  зор кызыгууларды жаратып, кол кармашып, кучакташып сүрөткө түшкөндөрдүн сүйүктүү каармандарына айланды. Айрыкча Нарын облусунан келген жаш таланттар жакынкы жана алыскы келечекке эмес, азыр пайдаланууга боло турган буюмдарды ойлоп табышкан. «Алтын түйүндүн» Нарын облусундагы филиалынын башчысы Рыскүл Турдалиеванын айтымында, ал жердеги ойлоп табуучулардын табылгаларын бүгүн эле ишке ашырууга болот. Алсак, колдон жасалган чий куурчактарды батыштын атактуу Барби куурчагына атаандаш катары алып чыкса, экологиялык жактан таза, колдо бар буюмдан жасалган, анан эң маанилүүсү, арзандыгы менен утушка ээ болору анык. Же болбосо ошол эле «Беш таш» долбоорун алалы. Ал кадимки эле чүкөнүн жардамы менен уюштурулган оюндар, анын пайдалуу жагын кийинки муундар эстен чыгарып коюшканы өкүнүчтүү. Чүкө оюну биринчиден, кол манжаларынын майда моторикасын өнүктүрсө, аны туура атып, ийгиликке жетүү үчүн да баш оорутуп ойлонуу талап кылынат да, натыйжада акыл-эсти өнүктүрөт, андан тышкары, ден соолукка пайдалуу кыймыл аракеттүү оюн катары да баалуу.

ЖАШ ОЙЛОП ТАБУУЧУЛАР ОШТО

Фестивалдын жүрүшүндө педагогдор үчүн «Билим берүүнүн концепциясы: креативдүү илим, инженерия, технология» темасындагы панелдик дискуссиялар, «Робот техника – бул эң жөнөкөй»  мастер-классы, окуучулар үчүн «Креативдүү ой жүгүртүүнү жана жаратууну үйрөнөбүз», «3D  моделдөө боюнча онлайн ресурстары», «Интернет айдыңындагы жарнама жана маркетинг», сайт түзүү ж.б. боюнча мастер-класстар уюштурулган.

Мастер-класстар Ош шаарындагы М.Адышев атындагы ОшТУнун жана А.Мырсабеков атындагы ОшМПУнун окуу имараттарында өтүүдө.

Беш күнгө созулган эл аралык фестивалдын катышуучулары ордолуу Оштогу Сулайман тоосуна ж.б. тарыхый жайларды кыдырышат.

Айнагүл Кашыбаева,

«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер