ЖАРЫМ КЫЛЫМДАН КИЙИНКИ ЖОЛУГУШУУ: УСТАТКА ТААЗИМ
- 28.05.2026
- 0
Балыкчы шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы мектептин 1976-жылкы бүтүрүүчүлөрү үчүн быйыл өзгөчө жыл болду. Алардын мектепти аяктаганына туура 50 жыл толуп, классташтар 26-май күнү алтын уясына чогулуп, балалык күндөрүн эскерип кайтышты.

Бул мектеп ошол учурда “Кыргызстандын 50 жылдыгы” атындагы орто мектеп деп аталчу. 1975-жылы жаңы ачылган окуу жайдын алгачкы бүтүрүүчүлөрү болушканын сыймыктануу менен эскеришет. Жолугушууну уюштурууга классташтар жаз айларынан тарта даярдык көрүшкөн.
Жолугушуу жөн гана эскерүү кечеси эмес, ыраазычылык менен урматтын да символу болду. Бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн класс жетекчиси, мектептин алгачкы физика мугалими Зарылбек Отонбаевдин ысымын физика кабинетине ыйгаруу өтүнүчү менен мектеп жетекчилигине кайрылып, кабинетке материалдык жардам көрсөтүштү. Алар 99 миң сомго интерактивдүү доска, 27 миң сомго жалюзи жана китептерди белекке беришти.
Бермет Бусурманованын айтымында, классташтардын бул демилгеси көптөн берки жүрөктөгү тилек болгон.
— 1975-жылы мектеп жаңы ачылып, биз алгачкы бүтүрүүчүлөр болгонбуз. Класс жетекчибиз институтту жаңы бүтүргөн 25 жаштагы жигит эле, биз болсо 17 жаштагы өспүрүмдөр болчубуз. Тилекке каршы, агайыбыз 34 жашында жол кырсыгынан каза болуп калган. Биз ойлонуп көрүп, мектептин биринчи физика мугалими болгон агайыбыздын ысымын физика кабинетине берүүнү чечтик. Бул биздин агайга болгон урматыбыз, — дейт ал.
Зарылбек Отонбаев 1950-жылы 1-январда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Орток айылында төрөлгөн. Алгачкы билимин Орто-Токой айылындагы мектептен алып, кийин Рыбачье шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепти аяктаган. Жогорку билимди Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-математика факультетинен баштап, кийин Каракол шаарындагы педагогикалык институттан физика мугалими адистигин алган.

Эмгек жолун 1975-жылы Балыкчы шаарындагы “Кыргызстандын 50 жылдыгы” атындагы орто мектепте физика мугалими болуп баштаган. Окуучулары аны өзгөчө мээримдүү, жүрөгү таза, жаштардын тилин тапкан агай катары эскеришет.
— Агайыбыз абдан келишимдүү киши болчу. Эң негизгиси — жүрөгү сулуу эле. Биз тентек класс элек. Бир жума класс жетекчи болгон агай “кудайдан жөө качкандар чогулуптур” деп бизден баш тарткан. Ал эми Зарылбек агай жаштыктын күчү, жүрөгүнүн кеңдиги менен бизди тарбиялап алды. Эркелетчү жерден эркелетип, урушчу жерден урушчу, — деп эскерет Бермет Бусурманова.
Ал эми жолугушууга мугалимдин уулу, бүгүнкү күндөгү Коргоо министринин биринчи орун басары Тариэль Отонбаев да катышты. Тариэль Отонбаев да атасынын жаркын элесин арнап, Зарылбек Отонбаев атындагы стипендия уюштуруларын билдирди.
— Атасы каза болгондо Тариэль 11 жашта болсо, биз окуп жүргөндө төрт жаштагы бала эле. “Бешиктеги баланын бек болорун ким билет” дегендей, 50 жылдыкка даярданып жатып генерал наамын алганын угуп, анын агайыбыздын уулу экенин билип чакырдык. Ал дагы биздин иш-чарага катышып, чоң сый көрсөттү, — дейт классташтары.

Аталган мектепти жалпы 32 окуучу аяктаган. Тилекке каршы, бүгүн алардын 12си дүйнөдөн өтүп кеткен. Ар кандай жагдайлардан улам бул жолугушууга 11 классташ гана катыша алган. Ошондой эле алардын тарых мугалими Жалидинов Асанкожо, химия мугалими Жунусов Качкын жана кол эмгек сабагынан берген Набира Усубакунова да келип, бүтүрүүчүлөрдүн кубанычын бөлүштү.
Бермет Бусурманова өзү да агартуу тармагына өмүрүн арнаган инсандардын бири. Балалык кыялы прокурор болуу болсо да, ал Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктап, кийин Агартуу министрлигинде 15 жыл, “Манас” университетинде 20 жыл эмгектенген.
Бүгүнкү күндө алардын классынын арасынан илимдин эки кандидаты чыккан. Алар — И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин доценти, химия илимдеринин кандидаты Качкын Абдукеримова жана медицина илимдеринин кандидаты Сапар Турдалиев.
Жолугушуунун соңунда бүтүрүүчүлөр бир кой союп, көзү өтүп кеткен агайы менен классташтарына багыштап куран окушту. Бул күн алар үчүн жөн гана жолугушуу эмес, өмүрүндөгү эң жарык эскерүүлөрдү кайрадан жанданткан, устатка болгон таазимдин күнү болуп калды.




Комментарийлер