ЖАРАТМАН ЖАНА РЕФОРМАТОР РЕКТОР

  • 02.06.2019
  • 0
  • Кыргызстандын социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн – Ош мамлекеттик университети “Даңк” ордени менен сыйланды.

  • 2018-жылы Казакстандын эл аралык НААР агенттиги Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын улуттук рейтингин чыгарып, анда ОшМУ 7 багыт боюнча 1-орунду жана эки багыт боюнча 2-орунду камсыздап, ОшМУ генералдык рейтингде 1-орунга ээ болду.

  • 2017-жылы Кытайдын Сиань шаарында Дүйнөдөгү Конфуций институттарынын салтанаттуу жыйынында ОшМУнун билим берүүдөгү ийгиликтери эң мыкты деп таанылып, Алтын медаль ыйгарылды.

  • Ал эми ректор К.Исаковго “Эң мыкты ректор” деген эл аралык сыйлык тапшырылды. 2014-жылы билим сапатын көтөрүүгө кошкон салымы үчүн Ош мамлекеттик университетине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Сапат” сыйлыгы ыйгарылды.

  • 2016-2018-окуу жылдары  окуу процессине электрондук башкарууну киргизгендиги, өлкөнүн бардык аймактарына мыкты адистерди даярдап жаткандыгы үчүн  “Кыргыз Туусу” гезити Ош мамлекеттик университетине «Кыргыз бренди» номинациясын тапшырды.

  • «EdNeT» агенттигинин 2018-жылы чыгарган жыл жыйынтыгында ОшМУга “2018-жылдын университеттеги сапат менеджменти” жана “Сапат эволюциясы-2018” деген аталыштагы эки сыйлыгын ыйгарды. Өлкөдөгү ЖОЖдордун ичинен алгачкы жолу ОшМУда булуттук технологияга негизделген DATACENTER түзүлдү.

  • Учурда булуттук технологияларды пайдалануу, санариптештирүү кызуу жүрүүдө. Каныбек Исаковдун жетекчилигинде ондон ашык окуу корпустары, жатаканалар, китепканалар, клиникалар салынды. Учурда дагы эки лабораториялык корпус, эки окуу корпусу, бир спорт комплексинин курулуш иштери жүрүп жатат.

     

    ЖАРАТМАН ЖАНА РЕФОРМАТОР РЕКТОР

Кыска мөөнөттүн ичинде мына ушундай ийгиликтерге жетишкен окуу жайды жетектеген филология илимдеринин доктору, профессор Каныбек Исаковдун да эмгеги өлкө башчысы тарабынан татыктуу бааланып “Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери” наамы тапшырылды.

Ушундай наамга татыктуу болгон агайыбыз быйыл 4-июнда элүү жашка толот. Маараке алдында келечек муундун татыктуу билим, таалим-тарбия алышына жан дили менен кам көргөн мындай демилгелүү жетекчинин дарегине айтылган жылуу сөздөр арбын. “Жакшы сөз жан эргитет” дегендей, биз дагы Каныбек Исаковду мааракеси менен чын дилибизден куттуктоо менен төмөндө агайдын студенттеринин, мектепте окуткан агай-эжейлеринин, классташ жана курсташттарынын агай жөнүндө ойлоруна орун беребиз.   

ЖАРАТМАН ЖАНА РЕФОРМАТОР РЕКТОР

Учканга канат болгон ректор

Азыркы учурда коомдун, айрыкча жаштардын идеал туткан адамдарынын арасында окумуштуу-жетекчи дээрлик учурабайт. Каалайбызбы, каалабайбызбы – бул турмуш чындыгы. Анткени, ар бир доордун өзүнүн каармандары жана кумирлери бар.

*****

Бирок,  Ош мамлекеттик университетинин ректору, филология илимдеринин доктору, профессор Каныбек Исаков  бул калыптана баштаган эрежени бузуп,  өзүн тааныган жаштар  үчүн позитивдүү идеал болууга жетише алды. Анткени анын университеттин жетекчиси катары иш багытынын негизги бир приоритети – бул жаштарды адамдык баалуулуктарга, адеп-ахлактуулукка жана улуттук маданиятка тарбиялоо.

*****

Университетте окуган студенттер үчүн Каныбек Исаков – жөн гана ректор эмес, жаштарга туура жол көрсөтүп, жан дүйнө байлыгына бура турган руханий лидер, руханий таяныч жана чыныгы педагог.

Зинакан Пасаңова акын, журналист

 

Жакшы бала айылдын күзгүсү

Каныбек 1976-жылы ВЛКСМ орто мектебинде 1-класска кирген. Мектепке келген күндөн тартып өзү теңдүү классташтарынын арасында  дилгирлиги, чыйрактыгы менен айырмаланып турчу.

*****

«Жакшы бала — бүт айылдын  күзгүсү, жакшы бала — үй-бүлөнүн үлгүсү» деп элибиз айткандай,  Каныбек элибиздин үлгүсү болуп жүрө берсин. Каныбек сага жана үй-бүлөңө чың ден соолук, иштериңде албан-албан ийгиликтер боло берсин деп чын жүрөктөн тилектештигимди билдирем.

Жунусали ХАЛМАТОВ, мектепте окуткан мугалими

Бизге дем берип турчу

Окуп жүргөндө да, айыл чарба жумуштарына барганда да Каныбек жол баштоочубуз, лидерибиз болчу. Анын эч түгөнбөгөн жаңы идеялары, өзгөчө ой жүгүртүүлөрү, эртеңкиге болгон умтулуусу бизге да шыктануу, дем берип турчу экен.

Сабиров Маматали, классташы

Мектебибиздин колдоочусу

Аз сүйлөчү. Окуучуларды тез уюштурчу. Тамашакөй, китеп колунан түшчү эмес. Мени көркөм адабий китептерди көп окууга үндөгөн.

Азыркы күндө биздин мектебибизге ар тараптуу жардамын берип, колдоп турат.  Окутуучуларды жөнөтүп семинарларды өткөрөт, окуу эмеректеринен жана технологияларынан жардам берет.

                                      Коңурбаев    Ашырали, классташы (азыр ошол мектептин директору)

 ЖАРАТМАН ЖАНА РЕФОРМАТОР РЕКТОР

Каныбек лидер болчу

Классик жазуучуларынын китептерин колунан түшүрчү эмес. Балдар Каныбектин айтканын аткарышчу. Дайыма изденүүдө жүрчү. Чөп орумда, пахта теримде дайыма үлгү болчу.  Спортко кызыгып, ыр да жазчу, макалалары окуучулук күндөрдө эле гезиттерге жарыяланып турчу. Дубал газетанын редактору болчу.

Эргешова Жумагүл, классташы

Группалашым менен сыймыктанам

… Унутулгуңуз келбесе же окула турган китеп жазыңыз, же китеп болуп жазыла турган өмүр сүрүңүз (Б. Франклин) … кандай гана улуу саптар десең. Китеп жазуу же өрнөктүү өмүрдүн ээси болуу ар кимдин эле колунан келе берчү иш эмес. Деген менен Франклин Сен жөнүндө, тагыраагы Сага гана айткандай.

Шабданова  Карамат, группалашы

 

Калыс, ак көңүл студент

Кыялдар минип кылымдын күлүк атына, кыйла өмүр жашап кылчактап карайм артыма…

Студенттик кездеги бардык көзгө көрүнүктүү иш-чаралар Каныбектин демилгеси менен түзүлгөн сценарий менен өтүүчү. Үчүнчү курста Каныбек кадимкидей эле бир курс эмес, факультеттин лидерине айланды.

*****

Каныбек ошол эле мезгилде алсызга коргоочу, калыс сөздөн кайтпаган, карс-карс күлсө ааламды кошо титиреткен ошол эле маалда ак көңүлдүгү, айкөлдүгү да байкалаар эле.

Тургунбаева Назгуль, курсташы

ЖАРАТМАН ЖАНА РЕФОРМАТОР РЕКТОР

Келечекти көрө билчү

Өзүмчө ой калчайм, жөнөкөйлүккө жуурулушкан ак сөөктүк, тереңдикке сүңгүгөн бийиктик, даанышмандыкка сугарылган сөзмөрлүк, келечекти көрө алган, көйгөйлөрдүн «күрөө тамырын» кармап көрүп, «так диагнозун» кое билген көрөгөчтүк, кеменгерлик, уюштуруучулук, ак-караны көңүл жайы дебестен ачык айткан калыстык, анан тымызын кер какшыгы аралашкан, «калемпир-мурчу куйкалап» турган тамашакөйлүк — бир эле адамга ушунун баары «уюп» калышы бул жөн гана нерсе эмес. Бул — Алла Тааланын сүйгөн пендесине сунган баалуу белеги го, кыязы.

*****

Чынында, мугалимдиктин бийик үлгүсүн, бүгүнкү мугалимдин интеллектин, эрудициясын, компетенттүүлүгүн, анын коомдогу эбегейсиз ордун Каныбек аке башкаларга таасын көргөзө алды деп ишенем.

Анарбаева Элмира, группалашы

Эрудициясы бийик 

1992-жылдын 9-майында  философия илимдеринин кандидаты Маматемин Эркебаев менен университеттин студенттеринин «Нур» гезитин негиздешип, алгачкы сандарын чыгарып, жашоодогу көйгөй, жаңылык, өзгөрүү ж.б. багыттарды чагылдырып, Б.Мурзубраимовдун демилгечи менен  «Үмүт» телестудиясын түптөп, өркүндөтүп, публицистиканын кош тизгинин колго алып жетектеген.

*****

«Экөөгө бергис бирөө бар, өгөөгө бергис бүлөө бар», «Бөлүнүп чыгып келатса, күлүктүн көркү чаңында» дегендей, көпчүлүктүн арасынан өзүнүн жөндөмү, эрудициясы, шыгы менен айырмаланып, эл оозуна алынышы — келечекте жалпы элдин көзүнө чалдыгып, төбөсү көпчүлүккө көрүнгөн инсан болушуна өбөлгө болгондой сезилет.

Асылбек Айтманбетов. ОшМУда окуткан агайы

 

Агай – уюштуруунун чоң чебери

Агай – илимпоз. Табиятынан көрөңгөлүү, илимий-интеллектуалдуу билимге эгедер адам. Адабият теориясы, тарыхы, сатира, юмор, фольклор боюнча чоң адис. Агайдай адам болуу – ар бир шакирттин көксөөсү, кыялы.

*****

Агай – көркөм сөздүн чебери. Сөз баккан, сөз тапкан, кепти кереметине чыгара сүйлөгөн адам. Кандай иш-чара, кандай жолугушуу, кандай жыйын болбосун кагаз, карандашсыз эле өзүнүн алп акылман ойлору менен таасирдүү, жеткиликтүү сүйлөйт. Агайдын коңур үнү анча-мынча үлгүрөп отургандардын уйкусун ачып, кеп маанисине жетелейт.

*****

Агай – камкор жетекчи,  жаңычыл ректор. Окуу жайдын кечээгиси, бүгүнкүсү, эртеңкисин ойлоп, тынчсызданып, ошого карай иш тутат.  Жаңы идеялар, жаңы көз караштар менен ОшМУну бийиктикке көтөрдү. Бүгүн ОшМУ Орто Азиядагы өнүккөн университеттердин катарында турган аброю бийик окуу жай.

Сейил Эргешова, доцент

Студенттердин үмүтү

Агай табиятынан “көп” сөздү жактырбайт. Бирөөгө “курук эле” акылды үйрөтпөйт. Жаштардын жан дүйнөсүнө Ата журт деген асыл сезимди сиңдирүүчү таасирдүү иш-чараларды байма-бай уюштуруп келет. Агай  акыл-сезиминдеги ойлорун реалдуулукка айландырат, ишке ашырат, адамдын көкүрөк сезиминдеги ойлорун тазартат.

Мапаева Нуржамал, доцент, шакирти

Талыкпаган эмгектин ээси

“Адам баласынын эң негизги вазийпасы – өзүнөн кийинки муунду ыйман-ынсаптуу, адептүү кылып тарбиялоо”. Агайдын бул керемет кебин мен анын лекцияларынан, эмгектеринен кездештирип жүрөм. Жада калса, баарлашканда дайыма дилинде жаңырып, чакырык жасап тургандыгы байкалат. Көрсө, агай окутуу жана тарбиялоо жараяны жүргөн жерде эмгектенип, өзүнүн балдары сыяктуу өзгөнүн да балдарын ыйман-ынсапка, адепке тарбиялоону милдетим деп мойнуна арткан инсан тура.

Ызабекова Динара, аспиранты

Агай -мыкты багыттоочу

Бүгүнкү күндө агай менен ОшМУда иштеп жатканыма абдан сыймыктанамын. “Адамды жалаң гана аткарган ишинен эмес, умтулуусунан да баалаш керек” деп грек философу Демокрит айткандай, агай ОшМУда ректор болуп, канчалаган иштерди пландаштырып, пландаштырып эле койбостон, аягына чыгарып, элдин алдында мыкты ректор, мыкты уюштуруучу, мыкты багыттоочу-фасилитатор, новатор экендигин далилдеп койду.

*****

Көп адамга бакыт тартуулаган адам бактылуу деп бекеринен айтылбаса керек. Агай, сиз бактылуусуз, себеби канчалаган адамдарга бакыт, кубаныч тартууладыңыз, жардам бердиңиз. Анын бардыгы сизге Кудайдан кайтсын. Кудайым сизге ден соолук, узак өмүр, дайыма күч-кубат берсин. Көп жашаңыз!

Заирова Нурила, студенти

Жаратман устатым

Быйыл мага ата-энемдей кеңешчим болуп калган Каныбек агай элүү жашка келиптир. Агайды 13 жыл мурун таанысам, ошондо эле элүүнүн кырын ашкан кишидей көргөм. Көрсө, ой-жүгүртүүсү, билими, тажрыйбасы жагынан өз курагындагылардан озуп кеткен сыңары, өң-келбеттен да озуп кеткен сыяктуу.

*****

Өзү дүйнөдө идеялар көп болгон жерде өнүгүү да көп болот экен. ОшМУнун азыр улам жаңы багыт алып, алдыга кетип жатканын агайдагы дүрмөттөлгөн идеяларга байланыштырат элем. Жаратмандык агайдын девизи десем да болот.

*****

Каныбек Исаков жөнүндө көп айтылбаган бир артыкчылыгын айткым келди. Ал табиятынан мыкты дипломат. Сүйлөшүүлөрдү өз деңгээлинде мыкты алпара алат. Түрктөр болобу, кытайы болобу, немисиби кимиси болсо да агай алардын Кыргызстан жөнүндө, Ош жөнүндө, ОшМУ жөнүндөгү ойлорун кескин өзгөртүп, жан дүйнөсүн ачып, олуттуу кызматташууну түзө алчу.

Артурбек Тургунбаев, шакирти

Агайдын казанында кайнап жатам

Агайдын иш жүргүзүү стили башкача. Элестөөдө татаал, кыйын деп билген иштерди алгач карап, анализдеп, талдап алып жөнөкөйдөн татаалды көздөй бүтүрөт. Жыйынтыгы биз ойлогондон да бийик деңгээлде болот.

*****

Агай күчтүү импровизатор, ар бир кырдаалга карата тамашалары, кызыктуу окуялары, “тонкий юморлору”, притчалары болот, угуп  күлүп, позитивдүү болуп, “оң” энергияны аласың!

*****

Жакшыны жакшы, мыктыны мыкты деш керек. Азыр Агайдын тарбиясын алып, колдоосун көрүп, арткан ишенимин актайын деп, шартка жараша фотограф, пресс-катчы, презентатор, айдоочу катары “универсал солдат” болуп Агайдын казанында кайнап жатам.

Агай таланттуу жана жөндөмдүү жаштардын мектебин түзүп, аларга кеңеш берип, жол көрсөтүп, жаңы генерациядагы жаш кадрларды чоң толкунун тарбиялап өстүрдү. Агайдын жеке өзү ээрчитип жүрүп тарбиялап өстүргөн, жаңыча ой жүгүрткөн, ар бир ишин чыгармачылык менен жүздөгөн шакирттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде, Кыргыз Өкмөтүндө, Президенттин Аппаратында, областык, шаардык жергиликтүү мекемелерде, эл аралык жана республикалык журналистикада, кыргыз искусствосунда жана музыкасында, чыгармачылык чөйрөлөрдө ийгиликтүү иштеп жатышат. Агай устат деген улуу сөзгө татыктуу.

Өмүрбек Акбарали уулу, шакирти

 

Человек — слова и дела

Редкому выступающему удается удержать внимание большой аудитории два часа подряд. Этому способствовали хорошее знание предмета речи, доходчивое и убедительное изложение материала с использованием ярких примеров из жизни университета, а также наглядных средств: диаграмм, слайдов, иллюстрирующих разнообразные стороны деятельности университета. Немаловажную роль сыграла манера держаться перед публикой – хорошо смодулированный голос, красивый слог, четкая дикция, умелое владение мимикой, жестами и чувство юмора.

Хорошим управленцем считается тот руководитель, который владеет искусством слова, доходящим до ума и сердца, воодушевляет и побуждает к реальным эффективным действиям. Вы и являетесь таковым ректором, человеком слова и дела. Замечательный русский писатель А. П. Чехов писал в свое время: «Все лучшие государственные люди – философы, реформаторы, поэты в эпоху процветания государств были в тоже время и лучшими ораторами. «Цветами» красноречия был усыпан путь ко всякой карьере».

За последний период наш университет преобразился в лучшую сторону. Изменился его как внешний, так и внутренний облик. Появились  новые современные учебные здания, студенческие общежития, медицинские клиники в экологически чистой зоне, современно оборудованные лаборатории, компьютерные классы, увеличился библиотечный фонд до 1 млн. книг. Расширяются связи с университетами ближнего и дальнего зарубежья, повышается зарплата преподавателей, что очень важно. Наш университет удостоился высокой государственной награды – ордена «Данк». А я номинирую Вас как «Эн мыкты Ректор» за пятьдесят один год моей  педагогической деятельности — 24 года в ОГПИ и 27 лет в  ОшГУ!

Пользуясь случаем, выражаю личную признательность за Ваше внимание и заботу к «ардагерлер», которые внесли свою лепту в становление, укрепление и развитие нашего университета, и сделают все возможное для качественного прорыва в глобальное образовательное пространство: университет войдет в «тройку» лучших университетов Центральной Азии, «Топ -700» престижных университетов в мире.

Крепкого Вам здоровья в реализации предложенной концепции! Пусть Удача и Успех сопутствуют Вам всегда и везде!

             Галимова Эмуля, старший преподаватель ОшГУ

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер