ЖАПАРОВ: КЫРГЫЗСТАНДЫН ШКУГА КАТЫШУУСУ МАМЛЕКЕТТИН ТЫШКЫ САЯСАТТАГЫ АРТЫКЧЫЛЫКТУУ БАГЫТТАРЫНЫН БИРИ БОЛУП САНАЛАТ

  • 10.11.2020
  • 0

«Кыргызстандын ШКУга катышуусу мамлекеттин тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат», — деп баса белгиледи Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров 10-ноябрда, Россия Федерациясынын төрагалыгы астында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Мамлекет башчыларынын кеңешинин видеоконференция форматындагы жыйынында. ЖАПАРОВ: КЫРГЫЗСТАНДЫН ШКУГА КАТЫШУУСУ МАМЛЕКЕТТИН ТЫШКЫ САЯСАТТАГЫ АРТЫКЧЫЛЫКТУУ БАГЫТТАРЫНЫН БИРИ БОЛУП САНАЛАТ

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өз сөзүндө россия тараптын коронавирус инфекциясынын пандемиясына карабастан, ШКУдагы төрагалыгы алкагында чоң-чоң иштерди жасагандыгын белгиледи.

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына коомчулуктун нааразычылыктарына байланыштуу болуп өткөн окуяларга учкай токтолду.

Өлкөдө бийликти өткөрүп берүү, аракеттеги мыйзамдарга ылайык, тынчтык жолу менен болгондугун жана учурда Кыргызстанда кырдаал туруктуу — бийликтин бардык бутактары легитимдүү экенин, ал эми аткаруу бийлик органдары бүгүнкү күндө штаттык режимде ишин улантып жатканын кошумчалады. Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттерге өлкө үчүн, эл үчүн кыйын болуп жаткан ошол күндөрдө көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирди.

Ал Президенттин милдетин аткаруучу катары коомчулуктагы туруктуулукту бекемдөө жана өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыздоо, коронавирус жана анын кесепеттери менен күрөшүү, Кыргызстандын аймагындагы инвесторлордун укуктарын коргоо жана чет элдик жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча маселелерди чечүү үчүн бардык күч-аракетин жумшарын белгиледи.

Ошондой эле Садыр Жапаров Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин жана мурда кол коюлган бардык эки жана көп тараптуу келишимдер менен макулдашууларды толугу менен аткарарын баса белгиледи.

Мындан сырткары, Президенттин милдетин аткаруучу пандемия ШКУ ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун — глобалдуу коркунуч менен күрөшүүдө Уюмга мүчө-мамлекеттер бири-бирин колдогонун жана тилектештик көрсөткөнүн белгиледи.

Ошону менен бирге Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттерге пандемия күчөп турган учурда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

«Россия жетекчилигине жана Владимир Владимирович Путинге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө Кыргызстанга өз мезгилинде жана ырааттуу жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Кыргыз Республикасы евразия интеграциясы маселелери боюнча Россия Федерациясынын  ар дайым ишенимдүү өнөктөшү болот. Мамлекеттер аралык, экономикалык жана маданий байланыштарыбызды өнүктүрүү багытыбызды ырааттуу улантабыз. Биздин өлкөлөр ортосунда кызматташуу боюнча бир катар актуалдуу маселелер бар. Мен аларды телефон аркылуу байланышып, талкуулоону өтүнөр элем.

Кытай Эл Республикасынын коронавируска каршы күрөшүүдө дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө гуманитардык, техникалык жана медициналык жардам көрсөтүп, зор салым кошконун белгилеп кетким келет. Биз Кытайга инфекцияга каршы күрөшүүдө эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык аркылуу дагы көрсөткөн олуттуу жардамы үчүн ыраазыбыз. Ошондой эле, ШКУга мүчө- мамлекеттердин жана байкоочулардын — Өзбекстан, Казакстан, Индия жана Ирандын жетекчилигине бизге көрсөткөн гуманитардык жана медициналык жардамдары үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бизге көрсөтүлгөн колдоону жогору баалайбыз», — деп белгиледи ал.

Президенттин м. а. пандемиянын социалдык-экономикалык кесепеттерин жоюу жана ШКУнун бардык мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу азыркы учурда маанилүү милдет катары каралып жаткандыгын, буга байланыштуу соода-экономикалык чөйрөдө, анын ичинде санариптик экономиканы өнүктүрүүдө кызматташтыкты бекемдөөгө, аны менен катар ири экономикалык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга көңүл буруу зарылдыгын билдирди.

«Пандемия аймактык масштабда транспорттук-логистикалык инфратүзүмдү өнүктүрүүнүн маанилүү экенин көрсөттү. „Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан“ темир жолунун курулушу келечекте биздин аймакты Жакынкы Чыгыш жана Европа мамлекеттери менен байланыштырып, өз ара сооданын өсүшүнө шарт түзөт.

Ошондой эле Эл аралык автомобилдик ташуулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жөнүндө ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Макулдашууну иш жүзүнө ашыруу боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыгуу маанилүү деп эсептейбиз.

Экономикалык долбоорлорду каржылоо үчүн ШКУ Өнүктүрүү банкын жана ШКУ Өнүктүрүү фондусун түзүү боюнча ишти күчөтүү зарыл.

ШКУнун алкагында өз ара кызматташуунун бардык негизги багыттары боюнча кызматташуу үчүн олуттуу укуктук-ченемдик база түзүлгөндүгүн белгилеп кетким келет, бирок ошого карабастан, айрыкча соода-экономикалык тармакта алгылыктуу натыйжалар азырынча көп эмес.

Бул көрүнүш финансылык негиз түзүүнүн максатка ылайыктуу болуп жатканын алдын-ала аныктап турат.

Буга байланыштуу, ШКУнун 20 жылдыгына карата конкреттүү чечим кабыл алуу үчүн, каржы министрликтери аркылуу ишти активдештирүү зарыл „, — деди Садыр Жапаров. Ал дүйнөдөгү азыркы оор мезгилде Уюмдун элдерине бириктирүүчү факторлор керек. ‚Буга байланыштуу биз эл аралык мамилелерде ‚Шанхай рухунун‘ принциптерин жайылтууну толугу менен колдойбуз. Биз ‚Адамзаттын бирдиктүү тагдыры жамааты‘, ‚Бир алкак- бир жол‘, ‚Евразиялык ири өнөктөштүк‘ сыяктуу жаратмандык демилгелерин жайылтууну маанилүү деп эсептейбиз. Алар биргелешип өнүгүүгө жана өз ара пайдалуу кызматташууга карата багытталган“, — деди Садыр Жапаров.

Жыйынтыгында Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Россия тарапка бүгүнкү жолугушууну ийгиликтүү уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, тажик тарапка ШКУга кийинки төрагалык кылуучу өлкө катары кыргыз тараптын ар тараптуу жардамына ишене берсе болорун кошумчалады.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер