ЖАМУда 82 СТУДЕНТ ЖАСАЛМА ДОКУМЕНТТЕР МЕНЕН ДИПЛОМ АЛГАН

  • 26.09.2022
  • 0

Жалал-Абад областтык прокуратурасы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде текшерүү жүргүзүп, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн мамлекеттик билим берүүчү гранттар жөнүндө” Жобонунун талаптары бузулганын аныктаганын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

«Тактап айтканда, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педогогикалык багыты боюнча бюджеттик (гранттык) группаларды аяктаган 82 бүтүрүүчү Жалал-Абад облусунун аймагындагы райондордо орто билим берүү мектептеринде 2 жана 3 жыл иштешкендиги тууралуу жалган буйрук, тактама жана күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрүн Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине тапшырышып, жогорку окуу жайды бүткөндүгү тууралуу дипломдорду алып кетишкен»,-деп айтылат кабарда.

Дипломдорду алууга негиз болгон буйрук, тактама жана күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрүн текшерүүдө Жалал-Абад областынын райондорундагы билим берүү бөлүмдөрү тарабынан жогорудагы 82 бүтүрүүчү орто мектептерде иштебегендиги жана аларга айлык маяна чегерилбегендиги аныкталды.

Башкача айтканда, Жалал-Абад областынын аймагындагы айрым мектептердин директорлору өз кызмат абалын пайдаланып, мектепте иштебеген 82 бүтүрүүчүгө жасалма буйрук, тактама жана эмгек китепчелерине жалган маалыматтарды жазышкан.

Алардын жогорудагы мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке 8 581 819 сомдук зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иштери козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер