«ЖАМАНДЫК ЭМНЕДЕН КЕЛИП ЧЫГАТ?» (АДАБИЙ ОКУУ, 4-КЛАСС)
- 30.04.2020
- 0
Кара-Суу районундагы №70 Ибрагим Кулбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Замира Атакулованын бул жолку видеосабагы балдарды жамандык менен жакшылыкты айырмалоого үйрөтөт.
Тажрыйбалуу мугалим «жамандык», «жакшылык» сыяктуу балдар үчүн кыйла татаал философиялык түшүнүктөрдү окуу китебиндеги уламыш аркылуу жеткирүүгө аракеттенет.
Каармандардын сөздөрүн өздөрүндөй кылып окуп берет:
Жамандык эмнеден келип чыгат?
Карга: Курсак ачтан келип чыгат.
Көгүчкөн: Бири-бирибизди сыйлабастык себеп болот.
Жылан: Ызакорлуктан келип чыгат.
Адам: Пейилдин бузулушу жамандыкка түртөт. Курсагы ач жамандыкты ойлобойт, пейили жаман ойлойт.
Андан ары окуучулар тексттеги тааныш эмес сөздөр менен иштеп, башаламан сөздөрдөн: «Жакшылык жерде калбайт», «Коркконго кош көрүнөт» сыяктуу накыл сөздөрдү курашты.
Үй тапшырмасына мугалим өтүлгөн тема тууралуу дилбаян жазып келүүнү өтүнүп, сабакты жыйынтыктады.
Аталган санарип сабак көптөгөн жаш мугалим адистер үчүн усулдук жардам болот деген ойдомун.
А.Алибеков, «Кут Билим»
Комментарийлер