ЖАЛЫНДУУ АКЫНГА АРНАЛДЫ

  • 15.05.2025
  • 0

15-майда Бишкектеги курулуш, архитектура жана менеджмент колледжинде аталган окуу жайдын 95 жылдыгынын алкагында кыргыздын жалындуу акыны Жоомарт Бөкөнбаевдин 115 жылдыгына арналган эсте каларлык кече болуп өттү.

Кечени окуу жайдын директору Элмира Чалова ачып, курулуш колледжинин 95 жылдыгына карата өтүп жаткан бул иш-чаранын тарбиялык мааниси терең экенин белгиледи.

— Биз, азыркы муундар, Жоомарт Бөкөнбаевдей жалындуу жаштыгын элинин келечегине арнаган көрүнүктүү инсандардын эмгегин унутпашыбыз керек. Алар биздин эгемендүүлүктүн, адабияттын, маданияттын башатында турушкан, — деди Элмира Алтынбековна студент жаштарга кайрылып.

Кечеге кезинде «кыргыздын Пушкини» деп аталган таланттуу акындын тун уулу, геология-минералогия илимдеринин  доктору, профессор Кулубек Бөкөнбаевдин, келини, легендарлуу коомдук жана мамлекеттик ишмер, педагогика илимдеринин доктору, профессор Ишенгүл Болжурованын,  небере кызы, тарых илимдеринин кандидаты Жаңыл Бөкөнбаеванын катышуусу  бүгүнкү иш-чарага өзгөчө дем, бөтөнчө шаң берди.

— Окуу программасынан өтүп жүргөнүбүз башка экен. Студенттердин баары Жоомарт Бөкөнбаевдин үй-бүлөсү, баласы, келини, небереси биздин окуу жайга келди деп кубанууда. Жоомарт Бөкөнбаевге уулун, Тенти Адышевага келинин окшоштуруп жатышат. Мен болсо небересинен да чоң атасынын жүзүн көрө алдым, — деди иш-чараны өз студенттеринин күчү менен даярдаган окуу жайдын кыргыз тили жана адабияты мугалими Шарипа Исраилова.

Биз, иш-чаранын коноктору, чындыгында эле бир сааттык программа окуучу жаштар үчүн  ары кызыктуу, ары таасирдүү түзүлгөнүнө күбө болдук. Алгач мекенчил акын тууралуу тасма көрсөтүлүп, андан соң  «Акындын акыркы күнү» экрандан баяндалып, аягында Жоомарт Бөкөнбаевдин «Чептен эрдин күчү бек» поэмасынын негизинде тартылган мультфильм тартууланды.

Кечеде чагылгандын огундай жарк этип жашап өткөн таланттуу акындын «Жаштык кез» аттуу ырын биринчи курстун студенттери көркөм окушту. Окуу жайдын алдындагы адабий ийримдин мүчөлөрү бизди таң калтырып, мекенчил акынга арнаган өз ырларын окуп беришти.

Кеченин аягында акындын уулу Кулубек Жоомартовичке жана келини Ишенгүл Садыковнага сөз берилди.

— Силер, дүйнөдөгү эң тынчтыкты сүйгөн кесиптин ээси — курулушчусуңар! Архитекторсуңар! Жалаң эле курулуш жагын үйрөнбөстөн, минтип, бизди чакырып, поэзияга кызыгып, менин атамды эскерип жатабыз. Абдан ыраазымын! —  деди Кулубек Жоомартович көзүнө жаш алып.

Классик акындын келини профессор И.С. Болжурова акындын эл үчүн жасаган эмгеги эсепсиз экенин айтып өттү.

— Борбордук аянттын Ала-Тоо деп аталып калышына Жоомарт атанын түздөн-түз тиешеси бар экенин баары эле биле беришпейт. Анын бир ыры экинчисине окшобогон таланттуу акын, чыгаан драматург, чебер котормочу экенин билебиз.  Муну менен катар ал кыргыздын алгачкы профессионал журналисти, публицисти болгон. «Ленинчил жашты» жетектеп турганда, ошол кездеги курч акындардын ырларын гезитке тынбай чыгарып турган, — деди Ишенгүл Садыковна акындын кыска, бирок өтөлгөлүү өмүр жолуна көз жүгүртүп.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер