Жалпы республикалык тестирлөө 17-майдан 25-майга чейин өтөт
- 01.03.2024
- 0
Жалпы республикалык тестирлөө 17-майдан 25-майга чейин өтөт. Бул тууралуу Билим берүүнүн сапатын баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева “Кабар” агенттигинде өтүп жаткан маалымат жыйында билдирди.
Директордун маалыматына караганда, учурда ага каттоо жүрүүдө.
“Тестке катталуу үчүн 2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү окуп жаткан окуу жайында, ал эми мурунку жылы бүткөн бүтүрүүчүлөр жашаган жеринде жайгашкан райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө кайрылса болот. Тестке каттоо төлөмүнүн баасы 470 сом”, – деди Чынара Батракеева.
Ал каттоодо бүтүрүүчүлөрдө паспорттун, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, өздүгүн аныктаган күбөлүк оригиналы, орто билими тууралуу аттестаттын оригиналы (бул былтыркы жылы бүтүргөндөр үчүн), ЖРТга каттоо төлөмүн төлөгөнү тууралуу квитанция, талапка туура келген электрондук сүрөт керек экенин кошумчалады.
Эскерте кетсек, ЖРТга каттоо 29-февралда башталган. 4-апрелге чейин аталган борбордун сайтында онлайн жүргүзүлөт.
Эльвира Какиева
Комментарийлер