ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

  • 14.10.2022
  • 0

Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Сары-Камыш айылында 225 орундуу З.Эгембердиев атындагы жаңы мектеп ачылды.

Маалыматка ылайык, курулган мектеп жетүүгө кыйын болгон тоолуу аймакта деңиз деңгээлинен 1655 метр бийиктикте жайгашкан.

Жаңы мектеп  химия, физика, ИВТ боюнча окуу класстары, чоң жана спорт залы, ашкана менен жабдылган. Ошондой эле окуу процессин жүргүзүү үчүн бардык зарыл шарттар каралган.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер