ЖАЛАЛ-АБАД: БИР КАТАР РАЙОНДУК, ШААРДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМДӨРҮНҮН ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН КЫЗМАТ ОРДУ КАРАЛАТ

  • 27.04.2023
  • 0

26-апрелде Жалал-Абад облусундагы билим берүү маселелери боюнча өткөн көчмө коллегияда 2022-жыл үчүн Жалал-Абад облусунун жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан бүтүрүүчүлөрүнүн билим деңгээли канааттандырарлык эмес деп табылды.

ЖАЛАЛ-АБАД: БИР КАТАР РАЙОНДУК, ШААРДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМДӨРҮНҮН ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН КЫЗМАТ ОРДУ КАРАЛАТ

Көчмө коллегиянын жүрүшүндө коллегия мүчөлөрү Жалал-Абад облусунун бүтүрүүчүлөрүн жалпы республикалык тестирлөөнүн статистикалык маалыматтарын талдоо жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап, бир катар райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат ордун кароо токтомун чыгарды.

Ноокен, Токтогул райондук, Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жоопкерчилиги (кызмат орду) каралып, Сузак (Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматында иштеген мезгилдеги ишмердүүлүгү), Чаткал райондук, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчыларына катуу сөгүш,  Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон райондук, Жалал-Абад, Көк-Жаңгак, Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчыларына эскертүү берилет.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун деңгээлинин төмөндүгү үчүн 26 мектептин директорунун жоопкерчилигин карайт:

Аксы району

— №20 Ташкулов орто мектеби;

Ала-Бука району

— №18 Ж.Бешимов атындагы орто мектеби;

Базар Коргон району

 —   № 32 Ж.Канашев атындагы орто мектеби;

 —  №36  С.Балтабаев атындагы орто мектеби;

 — №37 Сайдыкум атындагы орто мектеби;

 — №41 Жусубали уулу Жолдош  атындагы орто мектеби;

 — №46 Кыргоо орто мектеби;

 — №49 У.Сыдыков атындагы орто мектеби;

 — №54 “Алтын-Кыя” орто мектеби.

 Жалал-Абад шаары

  • №8 Навои атындагы орто мектеби;

Майлуу-Суу шаары

  • №3 орто мектеби;
  • №8 орто мектеби.

Ноокен району

  • “Байсан 2” кечки-сырттан билим мектеби;
  • №21 Фуркат атындагы орто мектеби;
  • №3 Р.Алибаев атындагы орто мектеби;
  • №35 Ш.Суеркулов атындагы орто мектеби;
  • №38 А.Тургунбаева атындагы орто мектеби.

Сузак району

  • №13 А.Базарова атындагы орто мектеби;
  • №14 К.Абдраимов атындагы орто мектеби;
  • №43 Ы.Карабаев атындагы орто мектеби;
  • №44 Фуркат атындагы орто мектеби;
  • №65 А.Юнусов атындагы орто мектеби;
  • №73 Х.Алимжан атындагы орто мектеби;
  • №94 Айбек атындагы орто мектеби.

Тогуз-Торо району

  • Марус Жаныбаева атындагы орто мектеби;

Токтогул району

  • Т.Казатов атындагы орто мектеби.

Маалымат үчүн:

Жалал-Абад облусундагы 396 орто мектептин ичинен 2022-жылы жалпы республикалык тестирлөөгө 389 мектеп катышкан. Мектептердин 11 миң 232 бүтүрүүчүсүнүн ичинен ЖРТга 7 миң 127 (63%) катышкан. Анын ичинен 3 миң 553 бүтүрүүчү ЖРТнын негизги тест боюнча 110 баллдан аз алган, бул 50% түзөт.

Ноокен, Аксы, Базар-Коргон, Сузак, Тогуз-Торо  райондорунда  жана Таш – Көмүр шаарында жайгашкан мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн 50% жана андан көбү ЖРТнын негизги тестинен 110 баллдан аз алышкан. Бул мектеп окуучуларынын математикалык сабаттуулук жана текстти тиешелүү тилде окуу жана түшүнүү жаатында билиминин сапатынын төмөндүгү жөнүндө күбөлөндүрөт.

Жалал-Абад облусундагы 237 мектебинин бүтүрүүчүлөрүнүн жарымынан көбү негизги тест боюнча босого балл 110дон аз балл алган. Алсак, Нокен районундагы мектептер 37 (84%), Аксы району 39 (70%), Таш-Көмүр шаары 9 (69%),  Базар-Корон району 33 (67%), Майлуу-Суу шаары 4 (67%) жана Чаткал району 10 (63%).

Бөлүшүү

Комментарийлер