ЖАЙКЫ ӨНҮГҮҮ БОРБОРЛОРУ 4000 АШУУН БАЛДАРГА ЭШИГИН АЧТЫ

  • 16.07.2018
  • 0

Ысык-Көл облусунда 169  өнүгүү борборлору өз ишин алып барууда. Жайкы өнүгүү борборлору  43 мектепке чейинки мекемелерден,  92 мектептердин,  6  балдар чыгармачылык борболорунан  18 китепканалардын базасында  2,5 жаштан 14 жашка чейинки  4000 минден ашуун бала камтылды.

ЖАЙКЫ ӨНҮГҮҮ БОРБОРЛОРУ 4000 АШУУН БАЛДАРГА ЭШИГИН АЧТЫ

ЖАЙКЫ ӨНҮГҮҮ БОРБОРЛОРУ 4000 АШУУН БАЛДАРГА ЭШИГИН АЧТЫ

ЖАЙКЫ ӨНҮГҮҮ БОРБОРЛОРУ 4000 АШУУН БАЛДАРГА ЭШИГИН АЧТЫ

Мындан тышкары 10 жайлоо өнүгүү борборлору иш алып барууда.  Балдарды эрте жашынан өнүктүрүү программасын ишке ашыруу максатында Ысык-Көл облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн тапшырмасына ылайык, ар бир район, шаарларда жайкы өнүгүү борболорун ачылды.

ЖАЙКЫ ӨНҮГҮҮ БОРБОРЛОРУ 4000 АШУУН БАЛДАРГА ЭШИГИН АЧТЫ

ЖАЙКЫ ӨНҮГҮҮ БОРБОРЛОРУ 4000 АШУУН БАЛДАРГА ЭШИГИН АЧТЫ

  • Ошондой эле жайкы өнүгүү борболорунун педагогдорун, ата-энелерди окутуу боюнча тематикалык планды иштеп чыгуу, инструктивдик усулдук кат даярдоо жагы облустук билим берүү институтуна тапшырылган. Ысык-Көл облустук билим берүү институту тарбынан 120 педагогго жайкы өнүгүү борборлорунда иш алып баруу, программаларды түзүү боюнча окутуу семинарларын  өткөрүп, усулдук инструктивдик кат менен тааныштырылды. Ошондой  0-3 жашка чейинки  балдарды өнүктүрүү стандартынын негизинде  ата-энелер үчүн эки жумалык тренингдин тематикалык пландары сунушталды, — дейт Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун директорунун орун басары Нургүл Шарапова.
  • ЖАЙКЫ ӨНҮГҮҮ БОРБОРЛОРУ 4000 АШУУН БАЛДАРГА ЭШИГИН АЧТЫ
  • ЖАЙКЫ ӨНҮГҮҮ БОРБОРЛОРУ 4000 АШУУН БАЛДАРГА ЭШИГИН АЧТЫ

Жайкы өнүгүү борборлору мектептердин базасында 1-4-класска чейинки окуучулар үчүн «Келгиле окуйбуз» долбоорунун алкагындагы жайкы лагердин сценарийи жана модулдук программаларынын негизинде да жигердүү иштерин алып барууда.

ЖАЙКЫ ӨНҮГҮҮ БОРБОРЛОРУ 4000 АШУУН БАЛДАРГА ЭШИГИН АЧТЫ

  • Облустагы жайкы өнүгүү борболоруна ата-энелерден, мектептин бардык предметтери боюнча педагогдордон, белгилүү инсандардан,  айылдагы өнөрлүү инсандардан, комузчулардан, облустук билим берүү институтунан, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнөн адистер тартылып, балдарга кызыктуу мастер-класстарды өткөрүшүүдө. Өзгөчө бул иш-чарага ата-энелер жигердүү катышып, жайкы өнүгүү борборлорунун ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтүшүүдө, — дейт Н.Шарапова.

Жайкы өнүгүү борборлорунун программаларында балдардын чыгармачылыгын, кругозорун, логикасын, таанып билүүсүн, маданиятын, интеллектисин өнүктүүрүү максатында ар түрдүү тематикадагы  сабактар, мастер-класстар, музей, парк, жаратылышка сейилдөө сыяктуу иш-чаралар өткөрүлүүдө. Мындай иш-чаралар жайкы мезгилдеги каникул учурунда   бош убактыларында балдар үчүн абдан кызыгууну жаратууда.

  • Жайкы мезгилде балдар үчүн өнүгүү борборлорун уюштуруу  менен балдарды ар тараптан өнүктүрүүгө, бош убактыларында балдарга пайдалуу иш-чара экендигине  жана максаттуу, кызыктуу программалар менен уюштурулгандыгы тууралуу ата-энелер ыраазычылык пикирлерин да айтышууда.

Жайкы мезгилдеги өнүгүү борборлорунда иштеген педагогдордун эмгек өргүүсүнүн графиги жылдырылды, өнүгүү борборлору өз ишин аяктаганда педагогдор эс алууга кетишет, — дейт жетекчи.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер