ЖАБЫГУУГА ЖЕӉДИРБЕЙЛИ

  • 17.07.2020
  • 0

ЖАБЫГУУГА ЖЕӉДИРБЕЙЛИ

 

 

Денени, аң сезимди позитивдүү энергия менен толтуралы… Жашоого болгон кызыгууну жоготпойлу.

  • Жакындарым кыжырымды келтирип жатат
  • Жалгыздыктан тажап жатам
  • Айлана чөйрөм күңүрт
  • Маанайым пас
  • Ыйлагым келип, бук болдум,
  • Балдарым тилимди албайт
  • Мени эч ким түшүнбөйт.
  • Келечектен үмүтүм үзүлдү
  • Эми эмне болобуз?
  • Жашоо коркунучтуу болуп калды…
  • Өкмөт эмнени ойлоп жатат?

ж.б. деп кыжаалаттана берген адамдар учурда көп болуп жатат.

Эгерде мындай тынчсыздануулар кыска мөөнөттүк болсо, бирөө менен баарлашканда, жагымдуу нерсеге дуушар боло калганда өтүп кетсе жакшы. Ал эми узаакка созулуп, маанайыңыздын түшүшү күндөн күнгө күчөй берсе эмне болот? Албетте, депрессия аттуу жагымсыз көрүнүшкө кабыласыз.

Депрессия – бул адамдын көнүлүнүн чөгүшү, адамды узак мөөнөткө эмоционалдык тең салмактуулуктан чыгарып, адамдын жашоо сапатын төмөндөтүп салат. Депрессия негативдүү көрүнүштөрдөн, психологиялык травмалардан кийин пайда болот. Кыска мөөнөттүү эпизоддук депрессия болсо, ал жеңил өтөт. Ал эми узакка созулган, психозго алып келген жабыгуу – бул жаман кесепет. Мындай абалда болуштун кереги барбы? Албетте, жок! Ансыз деле коомдогу кара тумоонун каптоосунан келип чыккан жагымсыз жагдай жайылып жаткан учурда депрессиядан оолак болууга аракет кылуу зарыл.

Ошондуктан денени, аң сезимди позитивдүү энергия менен толтурууга аракет жасоо маанилүү.

Адам өзүнө: уйкум кандыбы, таза абага чыктымбы, кыймылдуу көнүгүүлөрдү жасадымбы, туура тамактанып жатамбы, мени эмне кубантат, мен өзүмө жана башкаларга кандай колдоо көрсөтө алам – деген сыяктуу суроолорду берип турушу керек.

Дуушар болгон сезимдериңизди атап, өткөн турмуштагы кызыктуу окуяларды эстеп көргүлө, жылмаюуга аракет кылгыла. Күлкү терапиясы да жакшы жардам берет. Ар бир адамдын тоскоолдуктарды жеңүү үчүн өзү аракет кылса, көнүлү көтөрүлөт.

Кара тумоодон айыккандар: “Жашоо жыргал турбайбы! Мындай ооруну душманыма да каалабайм. Ар бир күнүбуздү баалайлы. Жашоодон ыракат алганды, эртең менен туруп күндү көрдүм, гүлдөрдү искедим, куштардын үнүн уктум», — деп кубана бериш керек, себеби жашап жатабыз. Ошонун өзү бакыт эмеспи.

Түшүнгөн адамдар: «Жашоонун баркын эми билдим. ” – деп жатышат.

Ашыкча тынчсызданып, келечектен кабатырланбай, позитивдүү маанайда болуңуз! Алдыда жакшы күндөр бар экенин унутпайлы!

Чынара Термечикова, психолог

Бөлүшүү

Комментарийлер