ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНДА 1,5 МИЛЛИОНДОН АШУУН БАЛА БИЛИМ АЛАТ

  • 26.08.2025
  • 0

Кыргызстандын мектептеринде бул окуу жылында 1,5 миллиондон ашуун бала билим алат. Жалпы өлкө боюнча 2 394 мектеп иштейт, алардын ичинен 224 — жеке менчик мектептер. Мектептерде 93 миңден ашык мугалим эмгектенет. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНДА 1,5 МИЛЛИОНДОН АШУУН БАЛА БИЛИМ АЛАТ

Негизги жаңылык — «Алтын Казык» программасынын алкагында 12 жылдык мектептик билим берүү системасына өтүү. Бул үчүн жаңы мамлекеттик жана предметтик билим берүү стандарттары бекитилди, ошондой эле кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде окутуучу мектептер үчүн окуу программалары иштелип чыкты.

Жай айларында ондогон миң мугалимдер жаңы стандарттар жана окуу китептери боюнча тренингдерден жана курстардан өтүштү. Болгону июль-август айларында эле 18 миңге жакын мугалим окутулду, ал эми жыл башынан бери жалпы 30 миңден ашык педагог билим берүү программасынан өттү.

Жаңы окуу жылында «Наристе» программасы менен иштеген үч миңге жакын педагог толук жүктөм менен башталгыч класстарда сабак бере баштайт. Бул мектептердеги мугалимдерге болгон муктаждыкты кыскартууга жардам берет жана мектепке чейинки тармактан башталгыч билим берүү баскычына кадрларды тартууга шарт түзөт.

Мындан тышкары, 2025-жылы Кыргызстандын ЖОЖдорунун 1 222 бүтүрүүчүсү педагогдук ишмердүүлүгүн мектепте баштайт. Баары региондорго бөлүштүрүлдү.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер