ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ЖАҢЫРГАН ЖАҢЫ МЕКТЕП

  • 01.09.2022
  • 0

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ЖАҢЫРГАН ЖАҢЫ МЕКТЕПБүгүн Бишкек шаарындагы №10 жалпы орто билим берүү мектебинин жаңыртылган имаратынын салтанаттуу ачылышы болду.  Билим күнүнө арналган салтанаттуу жыйынга КР Министрлер кабинетинин башчысы А.Жапаров, Билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиев катышты.

КР Министрлер кабинетинин башчысы А.Жапаров окуучуларыбыз ар дайым ушундай заманбап жаркыраган мектептерде окушуна, мугалимдердин сапаттуу билим берүүсүнө, жашоо шартына, кадыр баркынын көтөрүлүшүнө өкмөт тарабынан бардык жетиштүү аракеттер жүргүзүлүп  жатканына токтолуп, мектептин лентасын салтанаттуу түрдө кесип, ак жол каалап сөз сүйлөдү.

-1-сентябрь ар бир окуучу үчүн эң жаркын жана кубанычтуу күн катары эсте калат. Окуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Белгилүү болгондой, Мамлекет башчы билим берүү тутумун реформалоого, мектеп жана бала бакчаларды курууга өзгөчө көңүл буруп жатат. Үстүбүздөгү жылы мугалимдердин эмгек акысы – эки эсеге,  ал эми тоолуу райондордогу мугалимдердин айлык акысы үч эсеге көбөйтүлдү. Мугалимдердин иштеши үчүн мындан ары да ыңгайлуу шарттарды түзөбүз, — деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Ошондой эле ал курулуштун бүткөрүлүшүн өз көзү менен кыдырып, көрүп чыкты.

Аталган мектеп толугу менен кыска мөөнөттө конструкцияларын бекемдөө менен капиталдык оңдоо иштери өз убагында бүткөрүлүп, окуучулар үчүн эшигин ачты. Эки кабаттуу мектеп имараты үч блоктон турат. Биринчи блогу 1938-жылдары курулган. Ал эми эки жана үч блоктору 1967-жылы бүткөрүлгөн. Биринчи блок 2018-жылы оңдолгон. Калган эки блокто 1967-жылдан бери тиешелүү оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Оңдолгон блоктор 380 орундуу. Ремонтто иши менен бирге мектепти көрктөндүрүү иштери да жүргүзүлгөн. Тосмо жолдору жана тротуарлар орнотулган. Ошондой эле дене тарбиясын чыңдай турган аянтчалар курулду. Курулуш иштерин “Аргын курулуш” ЖЧКсы жүргүзгөн. Курулуш иши үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде башталып, 20- августта бүткөрүлгөн.

Мектеп директору Уметалиева Гүлжандын  айтымында бул мектеп 640 орундуу. 32 класс бар. Бирок, окуучулардын жалпы саны миңден ашып калган. Ошондуктан эки сменде окутканга да мүмкүнчүлүктөрү бар болгондуктан, балдарды дагы кабыл алууга болот. Быйыл биринчи класска кабыл алууда орус тилдүүлөргө бир класска  48 бала туура келсе, кыргыз тилдүү класска  43 балдардан туура келип, баары толгон. Директор баса белгилегендей, бул класстар окуучулардын келимине жараша жакын арада кайрадан каралып бөлүштүрүлмөкчү. Мугалимдердин саны-40.

Жаңы жүз алган бул эки кабаттуу жарык мектептин ачылышына ата энелер да келип катышып, Өкмөткө, куруучуларга терең ыраазычылыктарын билдиришти.

АТА-ЭНЕЛЕР ЧЕКСИЗ ЫРААЗЫ

Тажибаева Бүбайша,

Ак Бата конушун тургуну:

-Кызым мурда менчик мектепте окуган. Ал мектепте төлөмү көбөйүп кетип, бул жакка алып келишке туура келди.

Бектеналиева Алтынай:

-Баламды бул жердин мугалимдери жакшы дегенинен 1-класска алып келдим. Өзүбүз Көк-Жарда турабыз. Анын тегерегиндеги мектептер толуп калыптыр. Ага чейин да бала окуш керек да. Аякта орун болгуча бул жакта окуп турат.

Деркембаева Махабат:

-Менин беш балам бар. Бишкектин Свердлов  районунда турам. Буга чейин эки балам ушул жерден окуп, бүткөргөн. Үчүнчү баламды да ушул мектепке алып келдим. Бул мектеп мурда өтө эски болчу. Мына эми жаңырып турат. Зор кубанычтабыз.

Субанова Фенера:

-“Теңдик” конушунан келдим. Биз жактагы “Алтын казык”, “Теңдик” жаңы конуштарында мектеп жок. Жакын тегеректе деле мектептер бар. Бирок аларда орус мектептер жок . Ошон үчүн бердим. Мында эки кызым окуйт. Азыр дос кызымдын эки баласын биринчи класска алып келдим.

Аалиева Анаркүл:

-Акыркы жылдарда мектептин абалы начарлап, авариялык абалда болуп калган. Жарактуу бөлүгүндө балдар үч сменде окуп калышкан эле. Мен бул жакка неберемди алып келдим.  Эски авто бекет тарапта турабыз. Өз балдарым да ушул мектептен окушкан. Бул мектептин бир жакшы жери, ата-энелерден ашыкча төлөм чогултулбайт. Тарбия, тартип жакшы.

Майрамбек ТОКТОРОВ,

“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер